НАТОнун тарыхындагы чечүүчү саммит: тил табышууга мажбурлаган жолугушуу

Сүрөттүн булагы, BRENDAN SMIALOWSKI/AFP/Getty Images
- Author, Елизавета Фохт*
- Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 7 мүнөт
7-8-июлда Анкарада НАТОнун 36-саммити өтөт. Альянс бул саммитке Украинада жана Жакынкы Чыгышта согуштар уланып жаткан шарттарда, жаңы тарыхындагы эң терең кризис маалында чогулууда. Би-Би-Си Түркияга кимдер келерин жана Режеп Тайып Эрдоган "Альянстын тарыхындагы чечүүчү" деп атаган жолугушуудан эмнелерди күтүүгө болорун тизмектеп чыкты.
Трамптын көңүлүн табуу аракети
Дональд Трамп Ак үйгө кайтып келгенден кийин НАТОнун Гаагадагы былтыркы саммити өтө чыңалган абалда өткөн эле. Ошондо альянстын башкы катчысы Марк Рютте баштаган европалык лидерлер НАТОго карата сынчыл көз карашы менен белгилүү болгон Трамптын көңүлүн алуу үчүн болгон аракетин жасашкан. Бул аракеттерден майнап чыгып, саммитте өлкөлөр коргонууга жумшалчу жамааттык чыгымдарды ИДПдан 5 пайызга чейин жогорулатууну макулдашкан эле. Бул АКШ менен Европанын ортосундагы мамилелерде курчуп бараткан кризисти жеңүү үчүн жетиштүү болчудай көрүнгөн.
Бирок, Гаагадагы саммиттен кийинки бир жылдын ичинде кырдаал курчуп кетти. Кышында Дональд Трамп альянска мүчө Данияга таандык болгон Гренландияны АКШ өз көзөмөлүнө өткөргүсү келерин кайталаган. Ошондон көп өтпөй эле АКШ жана Израил союздаштары менен макулдашпастан эле Жакынкы Чыгышта согуш баштаган. Буга кошумча Вашингтон континенттеги аскерлеринин санын кыскартуу ниетин тастыктады. Орусияга каршы согушта Украинаны колдоо маселеси боюнча да пикир келишпестиктер аз эмес. АКШ НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ичинен эң кубаттуу болгонун эске алганда, өлкөлөр ортосундагы карама-каршылыктар альянс үчүн коркунуч катары кабыл алынууда.
"2025-жылы Европа кошоматчылык, шаңдуу аземдер, чыгымдардын жүгүн АКШ менен тең бөлүшүү убадалары жана курал-жарактарды сатып алуу боюнча келишимдер менен трансатлантикалык чыңалууну азайтып, Трамптын экинчи мөөнөтү бүткөнчө альянс эптеп чыдайт деп үмүттөнгөн", - деп түшүндүрөт саясат таануучу, Карнеги фондунун улук изилдөөчүсү София Беш. Саясат таануучунун баамында, эми мындай бош кыялдар жок: эгерде буга чейин Европа АКШны континенттеги турумун сактап калууга көндүрө алабыз деп үмүттөнүп келсе, эми болсо бул транзиттин зыянын азайтууга гана умтулууда.

Сүрөттүн булагы, Haiyun Jiang-Pool/Getty Images
АКШнын Эл аралык мамилелер боюнча кеңешинин изилдөөчүсү Лиана Фикс жазгандай, Иран менен согушка чейин НАТО боюнча союздаштар Анкарада өтчү саммитте коргонууга кеткен чыгымдарды көбөйтүүдө жетишилген ийгиликтерди талкуулоого көңүл бура алышат деп үмүттөнүп жатышкан. "Бирок Ирандагы согуш бул үмүттөрдү жокко чыгарды", - дейт Фикс.
Трамп айрым европалык өлкөлөрдүн Ормуз кысыгындагы кризиске жасаган реакциясына абдан нааразы болду. Мисалы, Испания менен Австрия операцияга катышкан америкалык учактар үчүн асманын жаап койгон. Италия болсо аларга өз базасын колдонууга тыюу салган. Талаш-тартыш дипломатиялык жаңжалга айланып, Трамптын Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони менен түз кайым айтышуусуна алып келген. 2024-жылы Мелони АКШ президентинин инаугурациясына катышкан жалгыз европалык лидер болгон эле.
Анкарадагы саммит канчалык оор жагдайда өтөрүн анын конокторунун жана уюштуруучуларынын сөздөрү да тастыктап турат. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бул саммитти "альянстын тарыхындагы чечүүчү" катары баалады: "Биздин чөлкөмдө жана дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялар Анкарадагы саммиттин маанисин кыйла арттырды [...] Бүгүнкү дүйнө – бул НАТО негизделген эски дүйнөнүн уландысы эмес. Жаңы дүйнө түзүлдү жана бул жаңы дүйнөдө НАТОнун абалы таптакыр башкача", - деди Эрдоган.
Бул жолку саммиттин мааниси тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио да бир беткей айтып, жолугушууну "НАТОнун тарыхындагы эң маанилүү саммит" деп атады: "Биз тактап, оңдошубуз керек болгон маселелер бар".
Анкарада Трамп менен Зеленскийди күтүп жатышат
АКШ менен Европанын ортосундагы пикир келишпестикти эске алганда, Дональд Трамптын саммитке катышары акыркы мүнөткө чейин белгисиз болуп келди. "Түркиянын башкы максаты – саммитти ийгиликтүү өткөрүп алуу, ал эми бул биринчи кезекте НАТОго сынчыл маанайдагы Трамп ага катышабы же жокпу – мына ушундан көз каранды болот", - деди түрк дипломатиясынын ардагери, учурда Карнеги фондунун кызматкери Алпер Жошкун.
Бул максат ишке ашып, Трамп саммитке келүүгө убада берди. АКШнын президенти Анкарага "Эрдоганды сыйлаганы үчүн" баратканын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Adem ALTAN/AFP/Getty Images
Трамптын саммитке баруу чечимине НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте да таасир эткендей. Саммитке барарын Трамп июндун этегинде Вашингтонго келген Рютте менен биргелешкен басма сөз жыйынында жарыялаган. New York Times гезити жолугушууда башкы катчы өзүн "саясат таануу боюнча лекция" окуп жаткан мугалимдей алып жүргөнүн жазды. АКШнын президенти альянска койгон талаптарын четинен санай баштаганда, Рютте ага алдын ала даярдалган диаграммаларды жана графикаларды көрсөтүп, Трамптын жардамы менен НАТО канчалык бекемделгенин айтып берген.
Гаагада болгондой эле Анкарадагы саммит да Трамптын адаттарына карап уюштурулганын AFP жазды. Саммит атайылап кыскартылган – 7-июлда лидерлер кечки тамакка чогулушат, Трамп дал ошол саатка келет, ал эми 8-июлда бир гана биргелешкен жыйын өтөт.

Сүрөттүн булагы, Andrew Harnik/Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин саммитке катышуусу да талкууга түшүп, акыры Зеленский да Анкарага келери маалым болду. Былтыр Гаагада өткөн саммиттен айырмаланып, Зеленскийдин маанайы бул жолу жакшы болчудай. НАТОнун саммитине бир нече жума калганда Францияда "Чоң жетиликтин" жолугушуусу өткөн эле. Ага катышкан өлкөлөр, анын ичинде АКШ "Украинаны толук колдой турганын" билдирип, абадан коргонуу системаларын жана алыс аралыкка атуучу куралдарды көбүрөөк берип, Орусиянын экономикасына басымды күчөтүүнү макулдашты.
Мындай жагдай Москвага такыр жакпаганы айкын.
Путин баштаган орусиялык аткаминерлер АКШнын ортомчулугу менен Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууну каалап жатканын айтышууда, бул форматтагы жолугушуулар кыштан бери өтө элек болчу. Европа өлкөлөрү да бул суйлөшүүлөргө катышууну талап кылышууда.
АКШнын Эгемендүүлүк күнүндө, 4-июлда Путин Трампка телефон чалган. Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, президенттер НАТОнун саммити тууралуу сүйлөшкөн.
Трампка Украинанын президенти да телефон чалган. Бирок, Путинден айырмаланып, Зеленский жакында АКШ президенти менен бетме-бет сүйлөшө алат – лидерлер Анкарада жеке жолугушуу тууралуу макулдашышты.
Союздаштар саммиттен эмнелерди күтүүдө?
Мындай деңгээлдеги бардык эл аралык жолугушууларда болуп келгендей эле, НАТОнун саммитинин жыйынтыгына тиешелүү бардык негизги талкуулар саммиттин алдында эле башталат (жана ошону менен аяктайт). Алардын башкы максаты – альянска мүчө 32 өлкө колдоп бериши керек болгон жыйынтыктоочу документтин текстин макулдашуу.
2024-жылы Вашингтондо өткөн НАТОнун мааракелик саммитинде катышуучулар Украинанын альянска "кайтарылбас жолу" бар экенин айтышкан (бирок, андан бери АКШ Киевди НАТОдо күтпөй турганын билдирген). 2025-жылы Гаагада өткөн саммитте аскердик чыгымдар буга чейин болуп көрбөгөндөй көбөйтүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Adem ALTAN / AFP/Getty Images
АКШнын НАТОдогу элчиси Мэттью Уиттакер журналисттерге документтин мазмуну "аларды таң калтырат" деп убада берди. Бирок, анын мазмуну 8-июлда, саммиттин акыркы күнүндө гана белгилүү болот. Дипломаттын айтымында, лидерлер Украинаны колдоого тиешелүү билдирүүлөрдү да жасашат. Саммиттин алдында Германиянын канцлери Фридрих Мерц мүчө-өлкөлөрдү Киевге финансылык колдоо көрсөтүү боюнча жаңы милдеттенмелерди алууга үндөдү.
Документтин баштапкы мазмуну менен Reuters агенттиги тааныша алды. Агенттиктин маалыматына ылайык, декларацияда лидерлер НАТОнун "темирдей берилгендиги" жана жамааттык коргонуу принциби тууралуу жарыялашат. Бул принцип боюнча, блоктун бир мүчөсүнө кол салуу баарына кол салуу катары кабыл алынат.
Мындан тышкары документте "Канада жана НАТОнун европалык мүчөлөрү АКШ менен кызматташтыкта альянстын коргонуусу үчүн өзүнө көбүрөөк жоопкерчилик алууну макулдашат" деген пункт бар. Лидерлер ошондой эле Иран "эч качан өзөктүк куралга ээ болбошу керек" деп билдирүү жасары күтүлүүдө.
Мындан тышкары, блоктун мүчөлөрү 2026-жылы Украинага 70 миллиард евро өлчөмүндө аскердик жардам бөлүп берүүнү жана 2027-жылы колдоонун "бери дегенде эквиваленттүү деңгээлин" макулдашууну көздөп жатышат. Frankfurter Allgemeine Zeitung (FAZ) басылмасынын маалыматы боюнча, бул маселени талкуулоодо талаш-тартыштар жаралган. Маалыматка ылайык, кийики жылга да милдеттенме алууга Италия каршы болгон.
Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо саммиттин алдында анын өкмөтү Украинага мындан ары финансылык колдоо көрсөтүүнү таптакыр колдобой турганын айткан болчу.

Сүрөттүн булагы, Omar Havana/Getty Images
Талаш жараткан дагы бир маселе НАТОнун кийинки саммитине байланыштуу болду. Гаага декларациясында саммит Албанияда өтөөрү айтылган. Бирок Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, 2027-жылдагы саммиттин күнү жана өтчү жери Анкарадагы жолугушуунун документтеринин долбоорунан алып салынган.
Ошол эле учурда агенттик союздаштар жыл сайын саммит өткөрүү практикасынан таптакыр баш тартышы мүмкүн экенин жазды. Качандыр бир кездери НАТОнун лидерлеринин жолугушуулары жыл сайын өтчү эмес – жыл сайын жолугушуу практикасы XXI кылымда гана бекемделди.

Сүрөттүн булагы, Adem ALTAN/AFP/Getty Images
Саммиттин алкагында америкалык жана европалык компаниялардын катышуусунда миллиарддаган долларлык келишимдерге кол коюлары жарыяланат деп күтүлүүдө. AFP агенттиги Анкарадагы жолугушуу кыйла натыйжалуу болгондой көрүнүшү үчүн өлкөлөр бул келишимдерди атайлап ушул күнгө кармап келишкенин жазды.
Түркия үчүн мүмкүнчүлүк
Түркия да саммитке өзгөчө үмүт артып турат.
Түркия НАТОго 1952-жылы кирген жана блоктогу бардык мамлекеттердин ичинен АКШдан кийинки эле орунда турган ири армияга ээ. Альянс үчүн Азия менен Европанын кесилишинде жайгашкан Түркиянын географиялык абалы да өзгөчө маанилүү.
Анкаранын саясаты союздаштарга жакпаган учурлар сейрек эмес. НАТОнун тарыхындагы ички негизги чыр-чатактардын бири Түркияга байланыштуу болгон. 1974-жылы Кипрдин аймагына түрк аскерлери киргизилгенден кийин Греция альянстан чыгып кеткен (бул өлкө НАТОго алты жылдан кийин гана кайтып келген).
Түркиянын Орусия менен мамилеси, анын ичинде коргонуу жаатындагы кызматташтыгы да пикир келишпестиктерге себеп болду. 2019-жылы Түркия келишим боюнча орусиялык С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин ала баштаган. Бул Анкара менен Вашингтондун мамилесине таасирин тийгизген. АКШ адегенде Түркияга F-35 истребителдери үчүн жабдууларды берүүдөн баш тарткан, андан кийин өлкөнүн бул учактардын программасына катышуусун толугу менен токтоткон. Украинада согуш башталгандан кийин Анкара Киевге курал-жарак бергени менен, НАТОдогу көптөгөн союздаштарынан айырмаланып, Орусияга каршы санкцияларды колдогон эмес.

Сүрөттүн булагы, Contributor/Getty Images
Мындан тышкары, 2022-жылы Түркия Швеция менен Финляндиянын альянска кирүүсүнө каршы чыгып, өзүнө тиешелүү бир топ маанилүү маселелерди чечип алгандан кийин гана позициясын өзгөрткөн.
Bloomberg агенттигинин баамында, Анкара НАТОнун саммитин "Түркия альянс үчүн өтө маанилүү өлкө" дегенди тастыктоо үчүн колдонууга аракет кылмакчы. 2020-жылдан бери Түркиянын аскердик өнөр жай комплексинин чет өлкөлөргө сатуусу төрт эсе өсүп, жылына 10 миллиард доллардан ашты – алардын жарымынан көбү НАТОдогу союздаштарга туура келди.
Түркиянын бийлиги саммитти ийгиликтүү уюштурууга өзгөчө көңүл буруп жатат. Анкарада мурда болуп көрбөгөндөй коопсуздук чаралары киргизилди. НАТО лидерлеринин жолугушуусу учурунда бийлик Анкарада митингдерди өткөрүүгө, плакаттарды илүүгө, концерттерди жана бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салды. Көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер өргүүгө жөнөтүлдү. Иш-чаранын конокторунун коопсуздугун он миңдеген күч кызматкерлери камсыздайт.

Сүрөттүн булагы, Adem ALTAN/AFP/Getty Images
Саммиттин алдында атайын кызматтар экстремисттик топтор менен байланышы бар деген шек менен 200дөн ашык адамды кармашты. Соттордун чечими менен НАТОну сындаган сайттар бөгөттөлдү. Ал эми айрым оппозициялык басылмалардын журналисттерине эч себебин түшүндүрбөстөн саммитке кирүүгө уруксат берилген жок.
Макаланы орус тилинен кыргызчага которгон Зейнеп Мартбек кызы
































