Ысык-Көлдө сак дооруна таандык көрүстөндөр табылды

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Чолпон-Ата шаарынын түндүк четинде сак дооруна таандык көрүстөндөр жана ири таш-короо табылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, казып жатканда керамика идиштер, колодон жасалган буюмдар жана таш кайрак чыккан.

Казуу иштери айланма жолдун курулушуна байланыштуу тарыхый мурастарды сактап калуу максатында жүргүзүлүүдө.

Иш тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык, археолог, тарых илимдеринин кандидаты А. Абдыканованын жетекчилиги алдында жүрүп жатат.

Маалыматка караганда, учурда пландалган 30 объекттин 22си изилденип бүттү.

Учурда адистер таш-короону терең изилдеп, анын маданий өзгөчөлүгүн аныктоо боюнча иштерди улантууда.

Жүргүзүлүп жаткан казуулар Ысык-Көл облусу аймагынын байыркы тарыхын изилдөөгө жана жаңы илимий маалыматтарды алууга маанилүү салым кошо турганы айтылууда.