Манас шаарында сел жүрүп, турак-жайларды каптады

Окуу убактысы: 1 мүнөт

30-апрель түнү нөшөрлүү жаан-чачындын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Манас шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалымка ылайык, сел болжол менен шаардагы 40тан ашуун турак-жайды жана 4 социалдык объектти каптаган.

"Манас шаардык жарандык коргонуу кызматтары тарабынан келтирилген материалдык чыгымдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда турак- жайларды тазалоо жана тургундар үчүн коопсуз шарттарды түзүү иштери жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.

Аймакты тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 114 куткаруучу, ошондой эле Жарандык коргонуу кызматтарынан 334 кызматкер 24 техника тартылган.

Мындан тышкары, белгиленген аймактарда санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан залалсыздандыруу иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү тартипте иштер улантылууда.

27-28-апрелде да Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында сел жүрүп, турак-жайларды, социалдык объекттерди жана жер төлөлөрдү каптаган.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Гүлчө шаарынын бийлиги өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Сел 92 турак-жайды жана 2 социалдык объектти каптаганы маалымдалган.