Коомдук жайда чылым чеккени үчүн мурдагы депутат Элмурза Сатыбалдиев айыпка тартылды

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Ош облусунда коомдук жайда тамекти тартканы үчүн мурдагы депутат Элмурза Сатыбалдиевге 3000 сом айып салынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, окуя 1-май күнү Өзгөн шаарындагы борбордук стадиондо өткөн майрамдык иш-чара учурунда болгон. Социалдык тармактарга Сатыбалдиев коомдук жайда тамеки тартып турганы боюнча видео тараган. Бул факты боюнча тиешелүү чара көрүлүп, мыйзамга ылайык айып пул салынган.

"Мыйзамда каралган талаптарды сактоо бардык жарандар үчүн бирдей",- деп жазылган ОИИБ тараткан маалыматта.

Элмурза Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болгон. 2007-2009- жылдары башкы прокурор болуп иштеген. Ал убагында 2010-жылдагы Апрель окуясына тиешеси бар деп айыпталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык имараттарда, билим берүү мекемелеринде, саламаттык сактоо уюмдарында, коомдук транспортто, маданий жана спорттук объектилерде, балдар аянтчаларында, жабык коомдук жайларда чылым чегүүгө мыйзам чегинде тыюу салынган.