You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бишкектен Нарынга бир миң сом менен гана учсаңыз болот
Бишкек-Нарын-Бишкек багыты боюнча аба каттамына үч айлык акция жарыяланды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-майынан 31-июлуна чейин жарандар үчүн бир тараптуу каттамдын баасы 1000 сом болот.
Бул демилге аймактар ортосундагы байланышты жакшыртуу, ички туризмди өнүктүрүү жана алыскы аймактарга барууну жеңилдетүү максатын көздөйт.
"Тарифтин киргизилиши регионалдык авиацияны өнүктүрүүгө жана ички туризмди колдоого багытталган маанилүү кадам. Нарын облусу табияты өзгөчө кооз аймактардын бири. Мындай мүмкүнчүлүк көп адамдарга бул аймак менен жакындан таанышууга шарт түзөт деп ишенебиз",- деди "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы Манасбек Самидинов.
Нарын районунун Кеңеш айыл аймагында жайгашкан "Нарын" аэропорту оңдолуп-түзөлгөндөн кийин өткөн жылдын 8-сентябрда кайра ачылган.
Имарат 1964-жылы курулуп, учуп-конуу тилкеси жана башка инфраструктуралык объектилери 1974-жылдары пайдаланууга берилген.
1999-жылдан тарта каттамдардын азайышы жана жүргүнчүлөр агымынын төмөндөшү менен аэропорт ишин токтоткон.