Орусия Харьков, Чугуев шаарларындагы күйүүчү май станцияларына чабуул жасады

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жума күнү эртең менен Орусиянын дрондору Харьков жана Чугуев шаарларындагы күйүүчү май объекттерине массалык чабуул жасап, кесепетинен эки адам жабыркаганын Харьков облустук прокуратурасы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, соккулар V2U үлгүсүндөгү камикадзе-дрондору менен жасалган.

Дрон Харьков шаарында Киев, Салтов жана Слобод районундагы май куюучу жайларга тийген. Ал жакта иштеген эки адам жабыркаган.

Мындан тышкары, эртең менен Чугуев шаарындагы дагы бир май куюучу жайга сокку урулган.

Буга чейин облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов жабыркагандар 36 жана 55 жаштагы адамдар экенин билдирген.

Чабуулдун кесепетинен Харьковдун Киев районунда сегиз унаа, Чугуевде эки унаа жабыркады.

Жумага оогон түнү Орусия дрондору Одессадагы эки көп кабаттуу турак жайга тийип, анын кесепетинен өрт чыкканын шаардык аскердик администрациянын башчысы Сергей Лысак жана Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.

"Душман кайрадан шаарга чабуул жасады. 16-кабаттан өрт чыкты. Дагы бир көп кабаттуу үйгө сокку тийип, 11 жана 12-кабаттар өрттөндү. Бардык ыкчам кызматтар окуя болгон жерде иштеп жатат. Жабыркагандар жана кыйроолор боюнча маалымат такталып жатат",- деп жазды Лысак Telegram каналына.

Ал ортодо Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде 141 украин учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Аскердик мекеменин маалыматына ылайык, 30-апрелде саат 20:00дөн 1-майда саат 07:00гө чейин абадан коргонуу күчтөрү учак тибиндеги 141 дронду жок кылган.

Маалыматта айтылгандай, дрондор Белгород, Курск, Брянск, Ростов, Калуга, Смоленск облустарынын үстүндө, Москва аймагында, Краснодар крайында, аннексияланган Крымда, ошондой эле Кара деңиз жана Азов деңиздеринин үстүндө атып түшүрүлгөн.

Украинанын Куралдуу күчтөрү болсо жумага караган түнү Орусия Украинага эки жүздөн ашуун дрон менен чабуул жасаганын билдирди.

Анда 1-майга караган түнү Орусиянын аскерлери 210 сокку уруучу дрон учурганы айтылат. Абадан коргонуу күчтөрү алардын 190ун атып түшүргөн.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, Одессага жасалган чабуулдун кесепетинен 2 адам жаракат алды. Мындан тышкары, 25 адамга, анын ичинде 2 балага куткаруучулардын психологдору жардам көрсөткөн.

Николаев аймагына Орусиянын аскерлеринин соккуларынан энергетикалык объекттер жана турак жайлар да зыянга учураган. Тактап айтканда, үч көп кабаттуу үй, эки жеке турак-жай жана алты унаа жабыркаган.

Ошондой эле аткылоонун кесепетинен 35 жаштагы адам жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Дагы эки аял катуу стресс алгандыктан, аларга жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.