"Эч ким заказ менен камаган эмес". Камчыбек Ташиев айыл чарба министринин кармалышы тууралуу үн катты

Ташиев
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын санаалаштарынын бири Өткүрбек Рахманов Facebook баракчасына айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун буга чейин УКМК тарабынан кармалганына байланыштуу Ташиевдин пикири делген билдирүүнү таратты.

Ташиев анда Акунбеков эмне себептен кармалганы жана ага байланыштуу тергелген иштин жагдайлары тууралуу айтып берген.

"Акунбековдун УКМКда бир нече факт боюнча материалдары болгон. Ага ылайык, Акунбеков мурдагы республикалык салык кызматынын жетекчилеринин бири менен бизнес өнөктөш болуп келген.Негизги кылмыш ишине келсек, мурда Өкмөттүн токтому чыккан. Ал токтомго ылайык, Кыргызстанга алып келинген жер семирткичтер эгер дыйкандарга сатылса, алардан бажы төлөмү алынбайт эле. Эрлист Акунбеков жер семирткичтерди он миңдеген тонна көлөмдө алып келип, "дыйкандарга саттым деп жасалма документтерди толтурган. Бирок иш жүзүндө ошол жер семирткичтерди кен казуучу жана башка ири ишканаларга коммерциялык баада сатып жүргөнү" тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган.Муну менен ага мамлекетке төлөнүүгө тийиш болгон ири көлөмдөгү төлөмдөрдөн качуу аракети болгон деген негизде иш козголгон. Салык жана бажы органдары бул процесстерди кантип өткөрүп жиберишкени да өзүнчө иликтөөгө алынган",- деп жазган Ташиев.

Анын айтымында, УКМКнын тергөөчүлөрү тиешелүү документтерди алып чыгып, Финансы министрлигинин, салык кызматынын жана башка тиешелүү органдардын кызматкерлери менен биргеликте мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн эсептешкен.

Алдын ала эсеп боюнча, зыяндын көлөмү 3 миллиард сомдун тегерегинде болгон. Ташиев ошондой эле Акунбековдун ден соолугуна байланыштуу арызынан кийин аны үй камагына чыгарганын билдирген.

"Андан кийинки тергөөнүн жүрүшү тууралуу мен комментарий бере албайм. Бардык материалдар тергөө кызматында бар. Ошол ишти жүргүзгөн кызматкерлердин айрымдары азыр да ошол эле жерде иштеп жатышат. Бир нерсени так айтамын, Акунбековду эч ким заказ менен камаган эмес. Ал конкреттүү кылмыш ишинин алкагында кармалган. Мамлекетке миллиарддаган сом зыян келтирилген деген маалымат туруп, мен аны жаап-жашырууга эч качан бармак эмесмин! Акунбеков 15 жылга жакын Кыргызстанга жер семирткич ташып келген. Бул иштин баары терең казылып, толук иликтенсе, дагы көп нерсе чыгышы мүмкүн",- деген ал.

Айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун айланасындагы маселе 7-октябрда УТРКнын "Диалог" программасында журналист жана блогер Ыдырыс Исаков менен болгон министрдин дебатынан кийин кызыды.

Анда Исаков тиешелүү министрликтин ишин катуу сынга алып, Акунбековду монополист деп атады. Талкуу учурунда Исаков Акунбековдун буга чейин камакта болгонун да сөз кылды.

"Кечээ абакка да кирип чыктыңыз. Ал жерден сизге кандай доомат коюлуп, эмне үчүн кайра чыгып кеттиңиз? Кантип кайра чыгып кеттиңиз? Мен түшүнбөй калдым",- деди Исаков.

Буга жооп берип жатып, Акунбеков министр болгонго чейин төрт ай камакта отурганын жана Жаңы жылдын алдында бошотулганын айтты.

"Мен жооп берип коёюн. Таш заман болгон. Таш заманда "кустуризация" кылып киргизем деген. Эч нерсе таппай, төрт ай кармаган. Эч нерсе тапкан эмес. Сиз да чукулап көрүңүз. Эч нерсе таппаганы үчүн чыгарды",- деди Акунбеков.

Акунбеков азыр Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп иштейт. Ал бул кызматка 2026-жылдын 24-февралында милдетин аткаруучу катары келип, 26-февралда расмий дайындалган.