Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу убактылуу ачылды

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтернативдүү унаа жолу ушул жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин убактылуу ачылды. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолдун курулушу толук аяктай элек. Бирок туристтик мезгилге байланыштуу ал убактылуу пайдаланууга берилүүдө. Андыктан унаалар эртең менен саат 6:00дөн кечки 20:00го чейин гана өткөрүлөт.

"Учурда жолдогу коопсуздукту күчөтүү максатында коргоочу курулуштар, анын ичинде Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түндүк жана түштүк тарабындагы жолдун эң кооптуу тилкелеринде 3 эстакадалык көпүрө, кар көчкүдөн коргоочу 2 галерея курулууда. Тоннелдин узундугу 3890 чакырым, туурасы 10-14 метрге чейин, бийиктиги 8,6 метрди түзөт. Эки тилкелүү заманбап жолдун туурасы 8,5 метр. Эки тарабында тең туурасы 0,75 метрден жөө адамдар өтүүчү жол каралган",- деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолдун 324-чакырымында өткөрүү пункту курулуп жатат. Тоннель аркылуу өтүү үчүн транспорттун түрүнө жана категориясына жараша 100 сомдон 5 миң сомго чейин акы алынат.

Альтернативдүү жолдун 153-чакырымында жайгашкан "Дыйкан" көзөмөл пункту жана Балыкчы шаарындагы транспорт көзөмөл пункту иш алып барат. Мындан тышкары, Жалал-Абад тарапта жана Балыкчы шаарында эки мобилдик көчмө топ жүк ташуучу унаалардын салмактык жана габариттик талаптарды сактоосун көзөмөлдөйт.

Жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Анын дээрлик 200 чакырымы жаңы жол болуп түшүрүлгөн.

Долбоордун алкагында Көк-Арт ашуусунда Кыргызстандагы эң узун тоннель курулуп, эки эстакадалык көпүрө да салынган.

Жол толук пайдаланууга берилгенден кийин Жалал-Абаддан Балыкчыга чейин жетүү убактысы азыркы 13 сааттан 6 саатка чейин кыскарары күтүлүүдө.

Аталган жолду толугу менен пайдаланууга берүү 2028-жылга пландалган.

Ош-Бишкек жолуна альтернатива катары курулуп жаткан Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Ошол кезде жолдун ар бир чакырымын курууга орточо эсеп менен 1 миллион 617 миң доллар жумшалары айтылган.

Долбоор бир нече тилкеге бөлүнүп курулууда. Балыкчы-Кочкор-Эпкин тилкесиндеги иштерди Кытайдын "Синогидро Пауэр Чайна" компаниясы жүргүзүүдө. Эпкин-Баш-Кууганды тилкесин Кытайдын "Чайна Рейлвей" компаниясы куруп жатат. Калган тилкелердеги курулуш иштерин "Чайна Роуд" компаниясы жүргүзүүдө.

Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 887 миллион доллар каражат тартылган.