Президент көп балалуу энелерди "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлады

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Президенти Садыр Жапаров көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Жети жана андан көп баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган энелер "Баатыр эне" ордени менен сыйланды. Ал эми "Эне даңкы" медалы менен алты баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган энелер сыйланды.

Сыйлангандардын тизмеси 1 миң 45 аялдан турат.

2025-жылы Кыргызстанда энелер өлүмү көбөйгөнүн буга чейин мурунку Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов билдирген.

Былтыр энелер өлүмүнүн 48 учуру катталган. 2024-жылы болсо 36 учур орун алган. Мындан улам энелер өлүмү бир жыл ичинде 35,4% көбөйгөнү тууралуу тынчсыздануу билдирилген.

Каныбек Досмамбетов энелер менен балдардын өлүмү саламаттык сактоо системасынын абалын көрсөткөн негизги көрсөткүчтөрдүн бири экенин белгилеп, аялдар менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактоо артыкчылыктуу багыт болушу керектигин да айткан.

Экс-министр бул жагдайды "башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн олуттуу белги" деп атап, тиешелүү чаралар планын иштеп чыгууну тапшырган.

Анда кош бойлуу аялдарды көзөмөлдөө стандарттарын кайра карап чыгуу, үй-бүлөлүк дарыгерлер менен ооруканалардын санариптик байланышын күчөтүү жана өзгөчө тобокелдик тобундагы кош бойлуу аялдарды так багыттоо зарылдыгы да белгиленген эле.

2026-жылдын 1-февралына карата Кыргызстандагы туруктуу жашаган калктын саны 7 миллион 413 миң 500 адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет.