Археология: Перудан табылган гигант мышык

Кот
Published

Археологдор Перунун түштүк тарабындагы Наска дөңсөөсүн казып жатып, өтө чоң көлөмдөгү мышыктын геоглифин таап чыгышты. Геоглифдин узундугу 37 метрге жетип, ал 2 миң жыл илгери чегерилген. Сүрөткө байкоо салсак, мышык тоонун сол ыптасында "жатат".

Перунун Маданият министрлиги ырастагандай, ошол жердеги баалуу мурастар табигый жол менен жок болуп жаткандыктан реставрация иштери жүрүп жаткан. Жаңы табылга Наска дөңсөөсүндөгү б.з.ч. 100-200-жылдарга таандык делген сүрөттөрдүн катарын толуктап калды.

Кот

Наскадагы геоглифтер ЮНЕСКО дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

Геоглифы Наски
Геоглифы Наски
Геоглифы Наски

Дөңсөөдөн бир нече чакырым аралыктан өтө чоң көлөмдөгү кишилердин, жаныбарлар, өсүмдүктөр жана ар кандай геометриялык фигуралардын сүрөтүн көрүүгө болот.