"Көмүр королу". Нурлан Мотуев 57 жашында каза болду

вав

Сүрөттүн булагы, Official

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

2005-жылдагы март ыңкылабынын активдүү катышуучусу, кыргыз саясатындагы талаштуу фигуралардын бири, кезинде "көмүр королу" атыккан Нурлан Мотуев 57 жашында оорудан көз жумду. Маалыматка караганда, ал узакка созулган оорудан Бишкектеги Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда каза болгон.

Нурлан Мотуевдин быйыл эле маек берип жатып, эркиндикти сүйөрүн айткан. "Зонага түшсөң черныйлардын напрягында, воляга чыксаң бийликтин напрягында... Качанкыга чейин напрягда жашайбыз? Надоело жить под напрягом. Мен ээн-эркин жашагым келет. Тозокко түшсөң дагы напряг" , - дегени эл арасына тарап кеткен.

Анын бул сыяктуу элдин күлкүсүн келтирген же кээде ачуусун пайда кылган талаштуу билдирүүлөрү көп.

Буга чейин Мотуевдин ооруп жүргөнү маалымдалган. Бирок кесели тууралуу ал өзү үн каткан эмес.

Нурлан Мотуев 1969-жылы 10-декабрда Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында туулган. Ал Тюмень мамлекеттик университетинде орус филологиясы боюнча билим алган. 1996–1999-жылдары АКШда дипломатиялык академияны аяктаган.

2000-жылдардын башында оппозициялык "Асаба" гезитинде иштеген.

Мотуев биринчи президент Аскар Акаевди бийликтен кетирген 2005-жылдагы март окуяларына активдүү катышкан.

аап

Сүрөттүн булагы, Интернет

Бийлик алмашкандан кийин ал тарапташтары менен Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенин көзөмөлүнө алып, аны "элдики" деп жарыялаганы үчүн коомчулукта "көмүр королу" деген атка конгон. 2006-жылы Кара-Кече көмүр кенине байланыштуу тоноо, өзүмбилемдик жана ири өлчөмдө уурдоо беренелери боюнча кармалып, кийин койо берилген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Мотуев менен мен 1999-2001-жылдары "Асаба" гезитинде иштешип калдым. Ал кезде Нурлан абдан адекваттуу, баскан-турганы орундуу, журналистикага шыктуу, мыкты жигит катары көрүнгөн. Ошол кезде ал бизге Америкадан келген учуру экен. Көрсө 1990-жылдары эле үй-бүлөсү менен Америкага барып, балдары ошол жакта төрөлгөн экен. Өзү Кыргызстанга келип, үй-бүлөсү Америкада калган. Ошондон кийин Америкага барганын укпадым. Биз менен иштеп жүргөндө жакшы макалаларды жазчу, жакшы иштечү. Андан кийин бизден кетип, саясатта да жүрдү. Кийинки кезде өзүнүн жеке мүнөзүн да өзгөрткөнсүп, элге башкача образ менен сүйлөп, башкача абалда, таасирдүү кылып көрсөткүсү келчү. Өзүн ошондой көрсөтө баштаган абалы биздин редакцияда эле башталган негизи. Андан бирөөлөр интервью алып калса, жаныгындай күпүлдөп сүйлөп, интервью бүткөндөн кийин "кандай сүйлөдүм, ыя" деп бизден сурап калчу. Ал өзүн башкача көрсөткөнгө аракет кылчу. Бирок андан биз өөн, жаман нерсе көрчү эмеспиз, тамаша катары кабыл алып, күлүп койчубуз. Бирок негизи Нурлан абдан сергек ой жүгүрткөн адам болчу. Себеби журналист катары айткан, деген сөздөрүндө эмне болуп болуп жатканын, каякка баратканын, эмне өзгөрүүлөр болуп жатканын аябай жакшы билип турчу. Мен аны кайдыгер эмес кыргыз болчу деп айтат элем. Кайдыгер эмес адам болчу. Кандай болгон күндө да кыргыздын жигити болчу. Өтүп кеткени аябай өкүнүчтүү. Анын журүм-туруму бирөөлөргө тамашалуу же бирөлөргө жаман көрүнгөндүр, бирок ал кантсе да өз жолун табууга аракет кылган адам катары мүнөздөйм. Мүнөзү алабарман эле", - деп эскерди журналист Аскер Сакыбаева.

Мотуев бир нече жолу президенттик шайлоого талапкер катары катышкан.

Ал 2014-жылы Акыйкатчы кызматына да өз талапкерлигин көрсөткөн.

Кыргызстандагы "Чыныгы мусулмандар союзу" уюмун түзүп, шариаттык башкарууну сунуштаганы, Ак үйдүн алдында азан айтып, эл менен намаз окуган учурлары да болгон.

Нурлан Мотуев саясий ишмердиги менен гана эмес, бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылышы менен да көңүл борборунда болгон.

2016-жылы Свердлов райондук соту аны "терроризмди ачык колдоого чакыруу" жана "улут аралык кастыкты козутуу" беренелери менен күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыраткан. Ал жаза мөөнөтүнүн бир бөлүгүн жатак абагында өтөгөн.

Мотуев акыркы жылдары коллектор катары карыз өндүрүү кызматын сунуштап жүргөн. Бул ишмердигинде анын үстүнөн арыз жазган учурлар да болгону айтылган, бирок Мотуев коллектордук жумушу мыйзамдуу экенин билдирип келген. Ал соңку кезде Кыргызстандагы эң атактуу блогерлердин бири катары соцтармактарда активдүү ишмердик жүргүзүп келгени белгилүү.

"Акыркы жылдары Нурлан Мотуев чыныгы блогерге айланып, чоң аудиторияны топтой алды. Көпчүлүк анын эпатаждык кылыктарына күлүшчү, бирок ал образдын артында эч кимге зыяны жок, ак көңүл адам жашынып жатканын билишчү эмес. Анын бардык перформанстары жамандык же чуу чыгаруу үчүн эмес, кандайдыр бир маселеге көңүл бурдуруу максатында жасалчу. Ал өзүнүн байлыгы тууралуу сүйлөгөндү жакшы көрчү, алтын түстөгү костюмдарды кийип, ийгиликтүү адамдын образын жаратчу. Бирок саясат аны өтө эле байытып кетпегени көрүнүп турчу. Балким, бул анын ким экенин эң жакшы мүнөздөп турат. Көптөгөн көмүскө саясатчылар бийликке келгенден кийин капысынан миллионер болуп жатканда, Нурлан Мотуев жеке байлык топтоого караганда, көбүнчө образ түзүү менен алек болгон адам бойдон калды. Кээде эң жаркын, көзгө урунуп турган адамдар көмүскөдө калууну туура көргөн саясатчыларга караганда алда канча таза жана калыс болуп чыгышат", - деп жазды журналист Азамат Касыбеков.

"Көмүр королу" соңку кезде бир канча жолу үйлөнгөнү айтылып келет.

Мотуев коомдук-саясий кырдаал боюнча пикирлерин билдирип келгени менен да белгилүү. Анын ичинде кримтөбөлдөр, Камчы Көлбаевди сындаган видеолору да чоң талкуу жараткан учурлар болгон.