"Келин эки баласы менен каза болду". Оштогу сел алты адамдын өмүрүн алды

Оштогу сел
    • Author, Алмира Абидинова
    • Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

24-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, адам өмүрүн алды. Алты киши көз жумуп, эки киши ооруканага жеткирилди.

24-июнда "Мазда" үлгүсүндөгү жети орундуу автоунаа Алай районунан Ош шаарын көздөй бара жатканда сел алып кеткен.

"24-июнда түшкү саат 14:17лер чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ош-Сары-Таш унаа жолунун 59-58-чакырымдарында сел жүрүп, "Мазда" үлгүсүндөгү автоунааны сел суулары агызып кеткен. Ал жерде эки жарандын сөөгү жергиликтүү тургундар жана жүргүнчүлөр тарабынан чыгарылганы аныкталган. Андан тышкары үч жаранды Алай райондук ооруканасына жиберишкен. Жолдо баратып бир жаран каза болуп калган. Куткаруучулар үч чакырым аралыкта сел сууларын издөө иштеринен натыйжасында дагы үч жарандын сөөгүн табышкан. Жалпысынан алты адам каза болгон жана эки жаран оруканага жеткирилген", - деди ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын өкүлү, улук лейтенант Эркебай Шерали уулу.

Бул кырсыктан ооруканага түшкөндөр тууралуу Алай райондук ооруканасынын жетекчиси Дайыр Адыров буларды айтты:

"Үч өспүрүмдү алып келе жатышкан, бирок үч жаштагы кыздын жарааты оор болгондуктан, жолдо кайтыш болуп калган. Анан эки өспүрүм бизге келди. Бирөөсүнүн абалы канааттандырарлык болгондуктан биринчи жардамды көрсөттүк. Ага үйүнө кетүүгө уруксат бергенбиз. Ал эми бир өспүрүм азыр хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат. Бирок абалы туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок".

Маалыматка ылайык, каза болгондорго карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Сел агызып кеткен автоунаанын ичинде 34 жаштагы аял үч баласы менен болгону такталды.

Корул айылынын башчысы Токтогүл Эрназарова кырсыкта каза болгондор тууралуу учкай маалымат берди:

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Казакстанда мигрант эле. Үч бала чоң атасыныкына келген. 5-6 күн туруп, анан кетишкен. Келин балдарын Казакстанга алып кетип жаткан экен. Атасы Казакстанда экен. Ошко кетип жатканда эки кыз, бир уулу менен таксиге түшкөн. Ошондо селге туш болуп калышыптыр. Менин кошуналарым эле. Он жаштагы баласы жакшы. Жети жашар, үч жашар кыздар апасы менен кошо каза болду".

Селден каза болгондордун өздүгүн тактоо иштери уланууда.

Бул окуядан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов каза болгондордун эң кичүүсү бир жашта экенин белгилеп, табигый кырсыктардын алдын алуу иштерин күчөтүү зарылдыгын айтты.

"ӨКМге айтып, тынбай эскертүүлөрдү берип, анан жайлоолордо сел коркунучу бар жерлердеги үйлөрдү азыртадан көчүрүш керек болуп жатат. Алдын албасак кырсык айтып келбейт экен", - деди Таалайбек Сарыбашов

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, ушул күнү Ош облусундагы Чыйырчык жайлоосунда катуу жааган жаандын кесепетинен 31 койду сел суулары агызып кеткени аныкталган.

Быйыл күн жаанчыл болгондуктан акыркы жумаларда Кыргызстандын бир катар аймагында сел жүрүп, жолдорду, үйлөрдү жана социалдык имараттарды суу каптады.