Нарын: бир канча киши "Эдунун" үстүнөн президентке кайрылды

апgf

Сүрөттүн булагы, Social media

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Президент Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы жолугушууларында бир канча киши УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун атын атап, президентке даттанышты.

Бишкек шаарынын тургуну Чыныгүл аттуу жаран кайрымдуулук фондуна байланыштуу маселени көтөрдү.

Анын айтымында, фонддун жетекчиси Каныбек Алиакбар уулу Сауд Арабиясынан 20 миллион доллар өлчөмүндө кайрымдуулук каражатын Кыргызстанга алып келип, бирок атайын кызматка тарттыртып ийген. Чыныгүл бул каражатты ошол кездеги УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Элдар Жакыпбеков жана анын өкүл баласы мыйзамсыз тартып алганын билдирди.

Ал кошумчалагандай, фондго алдын ала 700гө жакын жаран катталып, дагы 800дөй майыптыгы бар адам жардам алууга камынып жаткан. Ошондой эле бул маселе боюнча Башкы прокуратурага, Аскер прокуратурасына, УКМКга жана Ички иштер министрлигине бир нече жолу кайрылышканын, бирок жыйынтык болбогонун айтты.

Ишкердин дооматы

Мындан тышкары, президенттин Ат-Башы районундагы жолугушуусунда ишкер Исабек Абдыгазиев дагы Элдар Жакыпбековдун атын айтып, арызданды. Ал үй-бүлөсү менен негиздеген "Чар" туристтик базасы 2024-жылы УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин басымы менен мамлекеттин карамагына негизсиз өткөнүн билдирди.

Абдыгазиевдин айтымында, ал жана анын үй-бүлөсү бул туристтик жайды өнүктүрүүгө 131 миллион сом жумшап, объект 2023-жылы Экономика министрлигинин "мыкты туристтик база" сыйлыгына да ээ болгон. Бирок 2024-жылы УКМК текшерүү жүргүзүп, өзү 1,5 ай камакта болуп, эс алуу жайын өз ыктыяры менен өткөрүп берүүгө мажбурланганын маалымдады.

Жыйынга катышкан прокурордун орун басары Кумарбек Байдылдаев ишкер Абдыгазиевдин маселеси боюнча башкача маалымат берди.

Анын айтымында, 2007- жылы Исабек Абдыгазиев губернатордун орун басары болуп турганда туристтик комплекс турган жер тилкесин өзүнүн уулунун наамына мыйзамсыз өткөрүп алган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"25 сотых делген, бирок Лесхоздун жалпы 160 гектар жерин ижарага өткөрүп алган. Курулуш мыйзамсыз жүргөнү үчүн жер кыртышын бузду делип, 1 миллион 170 миң сомду мамлекетке төктүрткөнбүз. Өзүнүн да эмес, бөлөк кошуна жерге курган. Жыйырманчы контурга 25 сотых аянтка курушу керек эле, бирок туристтик жайды 19 контурда тургузган, ал жер тегиз болгондуктан. Анан ал жерди өзүнө ыйгарып алган. Кийин туристтик комплекс ӨКМга өткөрүлүп берилген".

Прокурордун орун басарынын айтымында, 2025-жылы Ат-Башы райондук соту тарабынан Исабек Абдыгазиев жети жылга кесилип, бирок мунапыс мыйзамынын эсебинен кылмыш жазасынан бошотулган.

Ишкер прокуратуранын өкүлү бул маселеде мурда кызыкдар болгон тараптардын дооматтарын кайталап жатканын айтып, нааразылыгын билдирди.

"Эду менин жаныман сарай сатып алып, бизди ошол жерден сүргөнгө аракет кылды", - деди ишкер.

Президент бул маселени тактоо боюнча жыйынга катышып жаткан курулуш тармагындагы чиновниктерге жана губернаторго тапшырма берди.

Дарыгердин арызы

Президенттин Нарын шаарынын тургундары менен жолугушуусунда дагы Элдар Жакыпбековдун ысымы аталды.

Нарын облусундагы бириктирилген ооруканада 26 жылдан бери иштеген Нарын районунун тургуну Элнура аттуу айым президентке арызын айтты. Ал өзү иштеген жердеги жетекчиликтин Жакыпбеков менен туугандык жайы болгондуктан, иши калыс каралбай, жумуштан кетүүгө мажбур болгонун айтты.

"Бизге Муратали Аскаров (ред. Аталган оорукананын директору) келгенден бери, бир жыл менин үсүмөн кысымдарды көргөздү. Прокуратура, УКМКга текшертти. Буга чейин өкүлчүлүккө да чыктым эле. Бирок эч кандай маселе чечилген жок. Себеби, Элдар Жакыпбеков деген анын кайниси болот экен. Осмонов (ред. Нарын шаардык сотунун төрагасы) болсо Ташиевдин классташы экен. Мен өз укугумду коргойун деп, Нарын шаардык сотко бергем. Алар профсоюздук акчасын чыгарып койгонун, жеп алганын айтканым үчүн кысымга кабылдым. Судья Осмонов арызымды "канааттандырылбасын" деп койду. Осмонов Ташиевдин класссташы", - деди Элнура.

Президент Садыр Жапаров бул кайрылууларга жооп берип, УКМКнын мурдагы кызматкерлерине байланыштуу жагдайларды мыйзам чегинде териштирүүнү тапшырды.

Жогорудагы айыптоолор боюнча азырынча Жакыпбековдун адвокаттары же аты аталган башка адамдар пикирлерин билдире элек.

"Эду" деген каймана ат менен белгилүү болгон УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков 10-февралда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев иштен алынгандан кийин кармалган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы кызматкерлеринин жана аларга байланышы бар адамдардын бөгөт чарасын карап, аларды Бишкектеги №1 тергөө абагына 15-августка чейин камакта калтырды.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Буга чейин Элдар Жакыпбековду бир канча ишкер да айыптап чыккан.