Украинадагы согуш: Орусияга жыл башынан берки эң ири дрон чабуулу жасалды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Орусиянын Коргоо министрлиги 26-июнга караган түнү өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү Украинанын учак тибиндеги 660 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүргөнүн билдирди. ТАСС агенттиги өз эсептөөлөрүнө таянып, бул жыл башынан берки эң ири түнкү дрон чабуулу болгонун жазды.
Министрликтин маалыматына ылайык, дрондор Белгород, Брянск, Курск, Орёл, Калуга, Липецк, Ростов, Воронеж, Тула, Рязань жана Астрахань облустарынын, Москва аймагынын, аннексияланган Крымдын, ошондой эле Кара жана Азов деңиздеринин үстүнөн атып түшүрүлгөн.
Тула облусунун губернаторунун айтымында, аймакта 157 дрон жок кылынды. Новомосковск шаарындагы өнөр жай ишканасына да дрондор чабуулу жасалды. Бул шаарда "Азот" химиялык заводу жайгашкан. Бирок бийлик заводдун өзү бутага алынганын ырастай элек. Ал эми Москванын мэри борборду көздөй учкан жалпы 47 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
17-майга караган түнү Орусиянын Коргоо министрлиги 556 дрон жок кылынганын билдирген. Ал эми 18-июнга караган түнү Орусиянын аймактарынын үстүнөн 555 украин дрону, анын ичинде Москвага багытталган 194 дрон атып түшүрүлгөнү кабарланган. Ошол түнү Москванын Капотня районундагы мунай иштетүүчү заводдо өрт чыккан.
Жаз айларынан тартып жана жайдын башында Украинанын дрон чабуулдары күчөгөнү байкалууда. Мунай иштетүүчү заводдорго жасалган соккулардын фонунда Орусиянын айрым аймактарында күйүүчү май тартыштыгы да күчөдү.
Казакстан Орусияга күйүүчү май жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карайт
Казакстандын энергетика министри Ерлан Аккенженов эгер орус бийлиги расмий кайрылуу жөнөтсө, өлкө Орусияга күйүүчү май экспорттоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгарын билдирди.
"Орус тараптан азырынча расмий кайрылуу болгон жок", - деди министр өкмөттөгү брифингде.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Орусия күйүүчү май тартыштыгын азайтуу үчүн Казакстандан 50 миң тоннага жакын АИ-92 үлгүсүндөгү бензин импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бензин менен дизелдик күйүүчү майга суроо-талаптын кескин өсүшү Украинанын Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго үзгүлтүксүз жасаган дрон чабуулдары менен байланыштуу болууда.
18-июнда Москвадагы мунай иштетүүчү заводдордун бири да чабуулга кабылган. Учурда Москвада жана башка аймактарда май куюучу жайларда кезектер жаралып, 30дан ашык аймакта күйүүчү майды сатууга чектөөлөр киргизилди.
Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак ТАСС агенттигине берген маегинде күйүүчү май рыногундагы дүрбөлөң 20–30% жасалма суроо-талапга байланыштуу жаралганын айтты.
Ошол эле учурда Новак өлкөдө күйүүчү май жетиштүү экенин белгилейт. Бирок анын айтымында, орус бийлиги дизелдик күйүүчү майдын экспортуна убактылуу чектөө мүмкүнчүлүгүн да карап жатат.

Сүрөттүн булагы, Maksim Churusov/TASS
Аннексияланган Крымда өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Аннексияланган Крымдын башчысы Сергей Аксёнов Севастополдун губернатору менен биргеликте аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынганын билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө кырдаал режими бардык тармактардын туруктуу иштешин камсыздоо боюнча маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет.
Жай башталгандан бери Крымда күйүүчү май тартыштыгы уланып келет. Акыркы күндөрү абалды Украинанын дрон чабуулдарынан кийин жарым аралдын бардык аймактарында, анын ичинде Севастополдо электр энергиясынын өчүрүлүшү дагы курчутту.
Жекшемби күнү аннексияланган Крымдын бийлиги бензин жана дизелдик күйүүчү май мамлекеттик кызматтардын унааларына гана куюларын жарыялаган.
Ошондой эле Орусиядан Крым аркылуу каттаган поезддер учурда жүрбөй калды. Поезддердин акыркы аялдамасы Керчь шаары болууда.
Мындан тышкары, Крымдагы балдардын жайкы лагерлеринин иши сентябрь айына чейин убактылуу токтотулду.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияны согушту токтотууга мажбурлоо максатында "40 күндүк таасир көрсөтүү операциясы" жүргүзүлөрүн жарыялаган эле.
Ал арада Украинанын Харьков облусундагы Изюм шаарында Орусиянын чабуулунан бир аял каза болуп, бир нече киши жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.
Мындан тышкары, Орусиянын соккуларынан Херсондо беш, Запорожьеде тогуз киши жаракат алды.
































