"Кытайлык ишкер арызданган". Фархад Иминов пара тууралуу айыптоолорго жооп берди

Сүрөттүн булагы, Official
Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Фархат Иминов Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиевдин парламентте айткан билдирүүсүнө жооп берди Ал "Кактус" маалымат агенттигине берген маалыматында айыптоолорду четке каккан.
Депутат Нурбек Сыдыгалиев кытайлык инвесторлордун арызынын негизинде Фархат Иминовдун ишмердүүлүгү боюнча маселе көтөргөн.
Фархат Иминов депутат Нурбек Сыдыгалиев тарабынан айтылган маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди.
"Жогорку мамлекеттик трибуна мыйзамда белгиленген тартипте ырастала элек маалыматтарды таратуучу аянтчага айланбашы керек деп эсептейм. Депутат Нурбек Сыдыгалиевди мени дискредитациялоо жана ишкердик аброюма доо кетирүү максатын көздөгөн кызыкдар тараптар адаштырышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайм", - деп белгиледи Иминов.
Ошондой эле ал: "Мындай билдирүүлөр бир гана мамлекеттик кызматкердин ишкердик аброюна зыян келтирбестен, анын мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгүнө да көлөкө түшүрүшү мүмкүн", - деген "Кактус" маалымат агенттигине.
25-июнда Жогорку Кеңештин Депутат Нурбек Сыдыгалиев инвесторлордун кайрылуусуна таянып, Фархад Иминовго карата тийиштүү чара көрүү маселесин айтып чыккан.
"Миң-Кушта Жумгал районунда бир кытай компаниясы келип иштеген. Фархад Иминов деген ошол кытай компаниясынан акча талап кылып, 2 миллион долларга жакын акча сураптыр. Алган-албаганын билбейм. Бирок ошол компаниянын жектечиси Садыр Жапаровго кат да жазыптыр. Ошол фактыны мага тактап берсеңер, канча акча алганын. Фархад Иминовдун компаниясына бүт которулган акчалар. Инвесторлорду алып келип, акчаларын алып, кайра качырып жатат. Эми аларды кайра чакырсак, келбебиз деп жатат", - деди депутат.
Сыдыгалиев ошондой эле инвесторлор бул боюнча президент Садыр Жапаровго да кат жолдогонун кошумчалады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кытайлык ишкердин кайрылуусу делген маалыматта "Shanhi Goal Investment Group" компаниясынын өкүлү Ли Гуанхун 2023-жылы Кыргызстанга келип, көмүр кендерин иштетүү долбоорлоруна инвестиция салууну көздөгөнү айтылат. Келишимдин шарттарына ылайык, компанияны башкаруу кытайлык тарапта болуп, кирешени теңме-тең бөлүшүү каралган.
Ишкердин кайрылуусундагы маалыматка караганда, Нарын облусундагы Агулак жана Ош облусундагы Бешбурхан көмүр кендерин иштетүү үчүн лицензия алынган. Ошондой эле, техникалык жабдыктар үчүн болжол менен 4 миллиард сом каражат жумшалган.
Кайрылууда мамлекеттик кызматкеринин ишкананын ишине кийлигишкени, акча талап кылганы жана инвесторлорду коркутуп-үркүткөнү белгиленген.
Фархад Иминов 2026-жылдын май айында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен жаңы түзүлгөн Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси болуп дайындалган.
Ага чейин 2025-жылдын апрелинен тарта Инвестициялар агенттигинин директору болуп иштеген.
































