"75чилердин каты": Мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу учурдагы төрага Маматалиевдин айткандарына жооп берди

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстанда "бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн" деген шек менен соттолуп жаткан мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу "75чилердин катына" байланыштуу учурдагы төрага Марлен Маматалиевдин айткандары боюнча комментарий берди.

Бул тууралуу ал 29-июнда Биринчи май райондук сотундагы кезектеги жараянга келген учурда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Мунун баары жомок. Ал жигиттин акыркы убактагы айткандары боюнча ушул иштердин башында ал өзү тургандай да. Өзү эле бир нерселерди айтып... Мына соттун жүрүшүндө баары теңирден – тескери, ал айткандай эмес, анын баары чындыкка дал келбейт. Баары жалган, баары калп. Учур келет, ошондо баарын шашпай айтабыз.

Ал "бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн" деген кылмыш иши боюнча да пикирин билдирди.

"Эч кандай андай болгон эмес. Өзүңөр билесиңер да, мен өзүм бийликте туруп, бийлигимди басып аламбы. Өзүм экинчи адам болуп турсам. Мунун баары абсурд", - деди экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу.

Буга чейин учурдагы спикер Марлен Маматалиев парламент ичинде түзүлгөн атайын комиссиянын тыянагына таянып, Нурланбек Тургунбек уулунун "75чилердин катына" тиешеси бар экенин парламентте жана журналисттер менен болгон маегинде билдирген болчу. Ал ошондой эле Тургунбек уулунун ал мезгилде Түркияга кетип калышын да шектүү жагдай катары баалаган.

"75 кишинин катына байланыштуу кимдин күнөөсү болгон болсо аны сот аныктайт. Жогорку Кеңештин ичинде болгон нерсени мен так айта алам. Мурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулунун тиешеси болгон. Анткени парламентте аппараттык деңгээлде түзүлгөн комиссиянын кагаздарынын алкагында өз көзүм менен окудум. Аны алып барып тергөө органдарына бердик. Калганын тергөө гана аныктай алат", - деген Марлен Маматалиев.

Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралдагы жыйында Жогорку Кеңештин төрагалык кызматынан кеткен. Анын алдында президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди УКМКнын башчылыгынан алган. Тургунбек уулу УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин санаалашы катары белгилүү.

Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон бул кылмыш иши боюнча жалпысынан сегиз мурдагы жогорку кызматтагы аткаминер жана саясатчы айыпталууда. Аларга "бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.

Учурда айыпталуучулардын ичинен УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу соттун чечими менен эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде эркиндикте жүрүшөт.

Ал эми калган беш шектүү үстүбүздөгү жылдын 11-февралынан бери камакта кармалууда. Алар: мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев.