You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш бурулуш учурга жеттиби?
- Author, Олег Черныш, Илья Абишев*
- Role, Би-Би-Си
- Published
- Окуу убактысы: 7 мүнөт
2023-жылдан бери биринчи жолу Батыштын саясатчылары, серепчилери жана ЖМКлары Украинадагы согушта "бурулуш учур" тууралуу сөз кыла башташты. Чындыгында эле, быйыл Украинанын Куралдуу күчтөрү согуш талаасында душмандын чабуулун кыйла токтотуп, анын логистикасына жана ооругуна урган соккулардын санын жана сапатын жогорулата алды. Киев "стратегиялык демилгени колго алганын" ачык айта баштады. Бирок, бул "бурулуш учур келгени" тууралуу сөз кылуу үчүн жетиштүүбү?
"Кырдаал чындыгында эле өзгөрүп жатат деп эсептейм. Согуш талаасында Орусия бир нече багытта демилгесин колдон чыгарды", - деди 16-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Анын айтымында, орусиялыктар быйыл 12 багытта чабуул коюуга аракет кылышкан, бирок мындан майнап чыккан эмес. "Бүгүнкү күндө алар эки-үч артыкчылыктуу багытты гана тандап алып, өтө жай ыргакта, чоң жоготуулар менен жылып келатышат", - деп кошумчалады президент. Зеленскийдин айтымында, Украинанын армиясы фронттун бир нече тилкесинде демилгени колго алып, ийгиликке жете алды.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский учурдагы кырдаалга этияттык менен баа берүүдө. Анын айтымында, Украинанын Куралдуу күчтөрү "стратегиялык демилгени өз колуна алууга тийиш".
Коргоо министри Михаил Федоров учурдагы абалды Украина үчүн жакынкы жарым жыл бою ачык боло турган "мүмкүнчүлүктөрдүн терезеси" деп атады. Анын айтымында, Киев бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн колдон келгендин бардыгын жасашы керек.
Чабуулду тизгиндөө аракети
"Мүмкүнчүлүктөр терезесин" ачуу үчүн Украина олуттуу секирик жасашы керек болчу. Согуштук аракеттер жүргөн аймакта да, жакынкы жана алыскы оорукта, ошондой эле абада жана жерде орусиялыктардын олуттуу артыкчылыгын жок кылуунун жолун табыш керек эле. Флоттун күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн дээрлик жоготкон Орусиянын деңиздеги стратегиялык демилгеси 2022-жылдан бери эле колдон чыккан болчу.
Башка багыттарда Кремль 2023-жылдын октябрь айынан бери артыкчылыкка ээ болуп келаткан. Орусия түштүктө Украинанын контрчабуулун кайтарып, ошол учурда алсырап турган украин армиясына бир нече багытта чабуул койгон эле.
2024-жылдын августунда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна кирип келиши да Орусиянын артыкчылыктуу багыттарда, биринчи кезекте Донецк облусунда алдыга жылышын токтото алган эмес.
2024-25-жылдар Украина үчүн согушта эң оор мезгилдердин бири болду, себеби бул маалда Орусиянын армиясы Авдеевка, Курахово, Угледар, Торецк, Селидово, Большая Новоселка сыяктуу Донбасстын ири өнөр жай шаарларын басып алуу менен олуттуу жылышка жеткен. Бирок өткөн жылдын этегинде Орусия Северский дөңсөөсүн кесип, Гуляйполе жана Покровск-Мирноград агломерациясын дээрлик толугу менен көзөмөлгө алган соң, согуш талаасындагы кыймылы токтоду.
Муну кыштын аягында жана жаздын башында орус армиясы жайкы чабуул үчүн ресурстарды топтогону менен түшүндүрүүгө болот. Ошондой эле бул мезгилде орусиялыктар үчүн "Старлинк" өчүрүлгөн. Дал ушул спутниктик байланыш алардын аскердик байланышынын өзөгүн түзүп, сокку уруучу дрондорду башкаруу үчүн колдонулуп келген.
Майдын ортосунда Орусия кайрадан чабуулга өтүп, алардын саны күнүнө 230-250гө чейин көбөйдү. Бирок орус армиясын алдыга жыла алган жок.
Эмнеге мындай болду?
"Душман күчүн жогото баштады"
"Интенсивдүүлүк сакталып калганы менен, Орусиянын чабуулдарынын сапаты абдан түшүп кетти", - деп түшүндүрдү Би-Би-Синин Украин кызматына DeepState OSINT аналитикалык долбоорунун негиздөөчүсү Руслан Микула.
Уюмдун эсеби боюнча, май айында орус армиясы Украинанын 14 чарчы чакырым аймагын гана басып алды. Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылы Орусия Украинанын 4,3 миң чарчы чакырымга жакын аймагын басып алган эле.
Буга кошумча май айында орусиялык армия мурдагыга караганда алда канча көп аймакты колдон чыгарган (DeepState долбоору коопсуздук максатында так сандарды берген жок, бирок башкы командачы Сырский ушул айда Украинанын Куралдуу күчтөрү жоготконго караганда 100 чарчы чакырымга көп аймакты бошотушканын билдирди).
Анын айтымында, жыл башынан бери украиналыктар 600 чарчы чакырым аймакты бошотушкан. Руслан Микула бул кырдаалды "орусиялык армиянын алсырашы" менен түшүндүрөт: "Орусиялыктарда тактикалык чынжырча толугу менен жоголуп жатканын көрүүгө болот. Эгерде 2025-жылы Орусиянын чабуул койчу топтору 10-20 кишиден турса, 2024-жылы 50 кишиден турган колонналарды да көрүп келсек, азыр бирден же экиден болуп эле чабуулга чыгышууда. Душман күчүн жоготуп жатканы айдан ачык болуп турат".
Орус армиясынын мындай абалга келишине Украинанын согуш талаасындагы тактикасын өзгөрткөнү да себепчи болду.
Коргоо министрлигинин жаңы жетекчилигинин тактикасын аскерлер да, эксперттер да узак убакыт бою сынга алып келишти. Ал тактика душмандын өздүк курамын жок кылууга басым жасайт. Мунун натыйжасында Орусия биринчи жолу фронттун алдыңкы катарында өздүк курамдын тартыштыгына дуушар болуп жатат.
Орусиялык жоокерлер тобу килл-зонадан өтүп кеткен күндө да алар көп учурда логистикадан ажырап калышууда жана кыска убакыттын ичинде украин күчтөрү калктуу конушка кирип барып, мындай топторду жок кылып жатат. Болгондо да Орусиянын карталарында бул конуштар "ээленди" деген бойдон калгандыктан, бул башаламандыкты көбөйтүп, эч нерседен кабарсыз кийин келген топторго кыйынчылыктарды жаратып жатат.
Мунун эң айкын мисалы – Харьковщинадагы Купянск шаары. Бул шаарды 2025-жылдын аягынан бери орус армиясы кеминде үч жолу "ээлеп" келген, бирок иш жүзүндө ушул кезге чейин көзөмөлүнө ала албай жатат.
Кандай гана болбосун, кырдаалды өзгөртүү үчүн орусиялык командачылык Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн коргонуу тартибин бузууга аракет кылып, Сумская жана Харьков облустарынын чек арасын жырып өтүүгө умтулууда. Көпчүлүк учурларда бул чабуулдар анчалык масштабдуу болбой жатат.
Бирок Москва дагы деле стратегиялык демилгени сактап, ресурстардын көбүн ошол жакка бурган багыттар бар. Алар: Покровскинин, Гуляйполенин жана Константиновканын жанындагы фронттун участоктору. Константиновкады кырдаал учурда өзгөчө оор болуп турат.
Константиновка көйгөйү
Бул шаарга кысым 2026-жылдын жазында, орусиялык аскерлер анын түштүк, чыгыш жана батыш аймактарына жакындаганда күчөй баштаган. Орусия пландуу түрдө флангдарды кесип, чабуулчу топторду тикелей шаардын ичине киргизе баштаган.
Буга кошумча орусиялык авиация күн сайын шаардагы үйлөрдү жер менен жексен кылып, украиналык аскерлерди түндүккө, коңшу Дружковка тарапка чегинүүгө мажбур кылууда.
DeepState долбоорунун 16-июндагы билдирүүсүндө азыркыдай шарттарда Константиновка сөзсүз оккупацияланары айтылат.
"Константиновка Славянско-Краматорский агломерациясын ачуу үчүн "дарбаза" болуп саналат. Душман муну билет, түшүнөт жана өзүнүн кийинки чабуулдук аракеттери үчүн эске алат. Константиновканы алгандан кийин кезек эң маанилүү логистикалык ролду ойногон Дружковкага, андан соң Краматорскиге да келет", - деп айтылат маалыматта.
DeepState долбоорунун жетекчиси Руслан Микула Константиновкадагы оор кырдаал орусиялыктардын согуштагы натыйжалуулугунун көрсөткүчү эмес, украиналык командачылыктын каталарынын натыйжасы деп эсептейт.
"Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабына суроолор көп. Эмне үчүн алар Константиновкада абал канчалык оор экенин билип турса да, аны көрмөксөнгө салып, ошол жерде болгон күчтөр менен эле кармап турушат? Душмандын алдыга жылууга мүмкүнчүлүгү бар, ал эми украиналык күчтөр ал жерде өтө алсырап калышты", - деди ал.
Микула белгилегендей, негизги коркунуч – орусиялыктар шаардын түштүк четиндеги килл-зонадан өтүп, эми өз күчтөрүн шаардын ичине эч тоскоолдуксуз тартууда. Аларды ал жерден кууп чыгаруу учурда дээрлик мүмкүн эмес.
Шаарды коргоо үчүн жооптуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 19-корпусунун командачылыгы Константиновкадагы кырдаалды татаал деп атады.
"Шаарга кире бериште душманды биротоло токтотууга күчүбүз жетпей калды. Бирок, мында биздин күнөөбүз жок... Биз аскерлерибизге аяр мамиле кылабыз, адамдык ресурсту жок кылууга акыбыз жок", - деди корпустун командири, бригаданын генералы Александр Бакулин.
Полктун дагы бир командири Би-Би-Сиге "фронттогу бурулуш учур" тууралуу айтууга азырынча эрте экенин, бирок Украинанын орусиялык логистикага таасир этүү өнөктүгү жакын арада жыйынтык бериши керектигин билдирди. "Бензин, азык-түлүк жана ок-дары калбай калганда, орус армиясы токтойт", - деп ишенет командир.
"Азырынча эч кандай "бурулуш учурлар" тууралуу айта албайм. Бирок, жакында көптөгөн жаңы жакшы жаңылыктар болот, мен буга кепилдик бере алам", - деди ал.
Полктун командири айтып жаткан нерсе – украин армиясынын быйылкы ийгилигинин экинчи фактору. Согуштук аракеттер барган сайын оорукка да жайылууда.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн колуна middle strike дрондору тийгенден кийин оккупацияланган украин аймактарындагы орусиялык армия үчүн кырдаал олуттуу түрдө начарлап кетти. Middle strike – бул узак аралыкка сокку урууга жөндөмдүү, арзан, бирок жогорку технологиялуу дрондор.
Бул өзгөчө Крымда байкалууда, орусиялык аскер блогерлери жазгандай, отун кризисинен кийин бул аймак толук блокадада калат деген коркунуч жаралды. Украинанын Коргоо күчтөрүнүн бөлүктөрү жарым аралдын өзүндө да, ага алып баруучу жолдордо да орусиялык транспортко күнү-түнү чабуул коюп жатышат.
Крым Орусия үчүн аскердик жактан эмнеси менен маанилүү?
Орусия Украинага бастырып киргенден бери Крым Херсон, Николаев, Запорожье жана Донецк облустарына чабуул койгон орусиялык аскерлердин түштүк тобун жабдыган негизги логистикалык борборуна айланган. Крым аркылуу техника, курал-жарак жана ок-дарылар, отун жеткирилип, аскердик өздүк курам ташылып турган. Бирок согуштун жүрүшүндө ал акырындык менен бул ролун жогото баштаган.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн тынымсыз соккуларынан улам Крым аркылуу өткөн деңиз жолдору кооптуу болуп калып, паромдор талкаланып, Кара деңиз флотунун көпчүлүк кемелери Орусиянын аймагындагы коопсуз портторго көчүүгө аргасыз болгон. Украинанын бир катар чабуулдарынан кийин Крым көпүрөсүндөгү кыймылга чектөөлөр киргизилип, негизинен жеңил автоунаалар үчүн гана колдонулууда.
Ошол эле учурда Крым Кара деңиздеги орусиялык аскерлердин негизги пункту бойдон кала берүүдө. Бул аралда көптөгөн аскердик базалар, порттор, аэродромдор, ракеталык комплекстер, радиолокациялык станциялар жайгашкан.
2,5 миллионго жакын адам жашаган (миңдеген туристтерди эсептебегенде) жарым аралды толук кандуу камсыздоо үчүн ири материалдык ресурстар, өтө көп сандагы абадан коргонуу системалары талап кылынат. Украинанын Куралдуу күчтөрү бул коргонуу системаларын тынымсыз жок кылууда. Анын үстүнө орусиялык армия Украина десанттык операцияны баштайт деп корккондуктан Крымда резервдик күчтөрдү кармоого да мажбур.
Иш жүзүндө учурда Крым транспорттук түйүн катары эмес, Орусиянын плацдармы катары кызмат кылып жатат жана аны дайыма камсыздап туруш керек. Крымда түзүлгөн учурдагы кырдаал жалпы логистикага күч келтирип, Орусияга олуттуу материалдык жана социалдык көйгөйлөрдү жаратууда.
Фронттогу азыркы абалга башка факторлор көбүрөөк таасир этүүдө.
Учурда Украинанын дрондору орус армиясы көзөмөлдөгөн аймакка терең кирип, аскердик техникаларга жана бензин ташуучу унааларга чабуул коюп жатат.
Донецкиде жана облустун оккупацияда калган башка райондорунда күйүүчү май көйгөйү курч турат. Анын тартыш болуп жатканына фронттун алдыңкы катарында согушуп жаткан аскерлер да нааразы.
Отунсуз согушуу мүмкүн эмес экени түшүнүктүү, ал эми фронт күйүүчү майды өтө көп керектейт. Отун аскердик техника үчүн гана эмес, ошондой эле электр генераторлору үчүн да зарыл, ансыз байланыш да, башкаруу да болбойт.
Алдыдагы айларда фронттогу кырдаал Орусия отун кризисине чыга алабы же жокпу, мына ушундан көз каранды болот. Азырынча Орусия запастарын колдонуп, фронтко күйүүчү майды жарандык автоунаалар менен жеткирип жатат. (ZMa)