100 жылдагы эң катуу жер титирөө: Венесуэлада 200дөн ашык адам каза болду

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Венесуэлада болгон эки кыйратуучу жер титирөөнүн кесепетинен кеминде 235 адам каза болгонун өлкөнүн саламаттык сактоо министри Карлос Альварадо билдирди. Миңдеген адам дагы эле дайынсыз.

Өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригестин айтымында, 1520 адам жаракат алган, 200гө жакыны уранды алдында калууда. Мындан тышкары, табигый кырсык кеминде 2927 үй-бүлөнү турак жайсыз калтырды, деп белгиледи Родригес.

Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригес буга чейин өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялаган. Ошондой эле ал Каракастын эл аралык аэропорту жабылганын маалымдады.

Шаршемби күнү кечинде Венесуэланын борборунун батыш тарабында магнитудасы 7,2 жана 7,5 баллга жеткен жер силкинүүлөрү болду.

АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматы боюнча, жербир мүнөттө эки жолу силкинген.

Мекеме билдиргендей, экинчи жер силкинүү 1900-жылдан берки эң күчтүүсү болду.

Родригестин айтымында, андан кийин 138 жер титирөөдөн кийинки силкинүүлөр катталган.

Улуттук ассамблеянын төрагасы ошондой эле 250 имарат талкаланганын же катуу жабыркаганын, эң чоң зыян борбор шаар Каракастын түндүгүндөгү Ла-Гуайра штатына тийгенин билдирди.

Улуттук телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн Родригес Венесуэла инфраструктуранын жана турмуштук маанилүү кызматтардын ишинде "олуттуу үзгүлтүккө" учураганын айтты.

"Чоң курмандыктар жана масштабдуу кыйроолор болушу мүмкүн, кырсык өтө кеңири мүнөзгө ээ болушу ыктымал", - деп билдирди АКШнын Геологиялык кызматы. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, каза болгондордун саны 10 миңден 100 миңге чейин жетиши мүмкүн экенин белгиледи.

Көптөгөн венесуэлалыктар жер титирөө учурунда үйдө болушкан - ал күнү өлкө Симон Боливардын армиясы испан аскерлерин жеңип, Венесуэланын көз карандысыздыгын камсыз кылган Карабобо салгылашуусун (1821) белгилеп жаткан эле.

Көчөгө чуркап чыккан Каракастын көптөгөн тургундары 1967-жылы болгон кыйратуучу жер титирөөнү эстешти. Ал кезде Каракастын Палос-Грандес жана Альтамира райондорунда турак жайлар кулаган. Жалпысынан 200дөн ашык адам каза болгон.

Ички иштер министри Диосдадо Кабельо мамлекеттик телеканалдын түз эфиринде талкаланган имараттар жөнүндө сөз кылганда дал ушул эки районду атады. Министрдин айтымында, жер титирөө Трухильо, Яракуй, Карабобо, Арагуа, Миранда жана Ла-Гуайра штаттарында да сезилген.

Каракастын түштүк бөлүгүндө жашаган 80 жаштагы пенсионер Мария Ромеро Reuters агенттигине полиция ага үйдөн чыгууга жардам бергенин айтып берди. "Бул жер титирөө коркунучтуу болду, жадакалса 1967-жылкыдан да жаман", - деп кошумчалады ал.

Чакао муниципалитетинин башчысы Густаво Дуке Саэс Каракастын бул бөлүгүндө кеминде эки имарат толугу менен кулап, башкалары катуу жабыркаганын билдирди.

Анын айтымында, уранды алдынан 18 адам куткарылды жана азыр 500дөн ашык куткаруучу окуя болгон жерде башка тургундарды эвакуациялоого аракет кылып жатышат.

Ал ошондой эле дайынсыз жоголгон туугандарын издеп жаткан жергиликтүү тургундарды шаардын эки негизги аянтына - Альтамира жана Палос-Грандеске барууга чакырды. Ал жерде жергиликтүү бийлик тез жардам борборун түзүп, маалыматтарды топтоп, жабыркагандарга суу жана баш калкалоочу жай берип жатат.

Америка континентинде жайгашкан башка өлкөлөрдүн бийликтери көңүл айтып, Венесуэлага колдоо көрсөтүүнү сунушташууда. Алардын арасында АКШнын президенти Дональд Трамп да бар.

"Эки ири жер титирөө зор масштабга ээ жана көптөгөн адамдардын өмүрүн алып кетти. АКШ жардам берүүгө даяр, каалайт жана кудуреттүү! Мен өкмөтүбүздүн бардык ведомстволоруна тез чара көрүүгө даярданууну тапшырдым. Биз жаңы жана улуу досторубуз менен бирге болобуз", - деп жазды ал TruthSocial социалдык тармагында.

Венесуэла Кариб плитасы Түштүк Америка плитасы менен кездешкен сейсмикалык активдүү зонада жайгашкан.

АКШнын Геологиялык кызматынын баалоосу боюнча, 1812-жылы Мерида жана Каракас шаарларында масштабдуу кыйроолорду алып келген кубаттуу жер титирөөнүн кесепетинен 30 000ге жакын адам каза болгон.