Кыргызстанда санкциялар боюнча атайын өкүл дайындалды. Бул эмне үчүн зарыл?

ап
Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковду санкциялык саясат боюнча атайын өкүл кылып дайындады. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын макамы кошо берилди. Бул чечим Бишкектин эл аралык санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана батыш өлкөлөрү киргизген чектөөлөрдүн улуттук экономикага тийгизген терс таасирин азайтуу аракети катары бааланууда.

Президент кол койгон жарлыкка ылайык, Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков бул кызматты негизги жумушу менен айкалыштырып аткарат. Анын атайын өкүл катары ыйгарым укуктары 2026-жылдын 31-декабрына чейин созулат.

"Документтин максаты Кыргыз Республикасынын улуттук экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана минималдаштыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоону камсыз кылуу, ошондой эле чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк жөнгө салуучулар, финансылык институттар жана башка өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүдө Кыргыз Республикасынын макулдашылган позициясын иштеп чыгуу болуп саналат" деп айтылат жарлыкта.

Сыдыковго мамлекеттик органдарга түз буйрук берүү жана эл аралык деңгээлде Кыргызстандын атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болот.

Ага Кыргызстандын улуттук экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, эл аралык санкцияларды айланып өтүү тобокелдиктерин алдын алуу жана чет өлкөлүк өнөктөштөр, каржы институттары менен бирдиктүү позицияда иш алып баруу милдети жүктөлөт.

Акыркы жылдары Украинадагы согушка байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизилген санкциялардын сакталышын катуу көзөмөлгө алып келет. Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан да "санкциялык товарларды реэкспорттоо" жана чектөөлөрдү айланып өтүүгө көмөктөшүү коркунучу бар аймак катары эл аралык байкоочулардын жана АКШ менен Евробиримдиктин өкүлдөрүнүн көңүл борборунда турат.

Экономист Искендер Шаршеевдин айтымында, санкциялык саясат боюнча атайын өкүл дайындоо чечими учурдун талабы болду.

"Эгер башкалар менен салыштырып карасак, биз тараптан кетирилген катачылыктарбы же санкцияга каршы иш-аракеттерби, азырак болду. Анткени, биздин бийликтегилер санкциялар бизге эң акыркы тийет деп ойлосо керек", - деди Искендер Шаршеев.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал Кыргызстандагы экономикалык эркиндикти ар кандай пайдалангандар болду деп эсептейт:

"Мамлекеттин аброю дайыма жогорку деңгээлде болушу керек. Биздин мамлекет ишкерлик жасаганга экономикалык эркиндик берип жатат. Кыргызстанга жашаганга жана иштегенге да көп адамдар көчүп келип жатышат. Релоканттардын жакшылары да, жамандары да келди. Бизде виртуалдык активдер боюнча жакшы шарттар түзүлду. Ал жаатта иштегенге жакшы да адамдар келди, бирок арасында жаман максатта колдонгондор да болду. Биз берген эркиндиктерде бир жагынан мүмкүнчүлүктөр, бир жагынан тобокелдиктер бар эле. Тобокелдиктер санкцияларга алып келди".

Кыргызстандын Юстиция министрлиги май айында санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүүгө катышы бар деген негизде өлкө аймагындагы 50 ишкананын ишмердүүлүгүн бир убакта токтотуу боюнча буйрук чыгарган.

Министрлик бул кадамды эл аралык санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу максатында киргизилген жаңы жумушчу механизмдин алгачкы жыйынтыгы деп атады. Бирок ишмердүүлүгүнө тыюу салынган ишканалардын так тизмеси жана алардын аталыштары коомчулукка ачыкталган жок.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин айтымында, расмий Бишкек эл аралык чектөөлөрдүн сакталышын көзөмөлдөгөн атайын комиссия менен тыгыз байланышта иштеп жатат.

Данияр Амангелдиев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде мамлекеттик деңгээлде санкцияларды айланып өтүү аракеттери жок экенин, бирок жеке компаниялар арасында мыйзам бузуулар болушу мүмкүндүгүн белгилеген.

"Мамлекет тарабынан андай иш-аракеттер жок. Бирок айрым компаниялар бар. Ошондуктан биз комиссия менен байланыштабыз. Алар тобокелдиктерди айткандан кийин аны изилдеп, жооп кайтарабыз. Мисалы, АКШ жана Улуу Британия 51 компания боюнча айып койду. Биз изилдеп чыгып 50 ишкананын каттоосун токтотуп койдук. Шек жараткан жагдайлар бардыр. Эми аны сотто далилдейбиз", - деди өкмөт башчынын биринчи орун басары.

Улуу Британия 26-майда Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялык тизмесин кеңейтип, ага 18 жеке жана юридикалык жакты кошкон.

Алардын ичинен үчөө Кыргызстанда катталган: "Евразия аманат Банкы", "Мамлекеттик брокердик компания" жана "Виртуалдык активдердин эмитенти" ачык акционердик коомдору.

Документте Кыргызстандын үч уюму өзүнчө көрсөтүлүп, Британия "Евразия Сактык Банкы" ААК банк Орусиянын өкмөтү үчүн "стратегиялык мааниге ээ болгон тармакта иштеген адамдарга финансылык кызмат көрсөтүү секторунда иш жүргүзгөн" деп билдирет.

"Мамлекеттик брокердик компания" ААК Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, финансылык рынокторду башкаруу менен алектенет. Ага Финансы министрлиги "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААК менен биргеликте ээлик кылат. Улуу Британия бул компания Орусия өкмөтүнөн пайда көрүшү мүмкүн же Орусия үчүн экономикалык мааниге ээ ишмердүүлүк аркылуу аны колдоп жатат деп эсептейт.

"Виртуалдык активдердин эмитенти" ААК / USDKG. Документте бул түзүм да Орусия өкмөтүнөн пайда алышы же аны экономикалык маанилүү ишмердүүлүк аркылуу колдошу мүмкүн экени белгиленген. Компанияга Кыргызстандын Финансы министрлиги ээлик кылат. Ал USD KG улуттук долларлык стейблкоинин чыгаруу менен алектенет.

"Евразиялык аманат Банкына" карата активдерди тоңдуруу, трасттык кызматтарга чектөө, директорлор үчүн тыюу салуу, ошондой эле корреспонденттик банктык мамилелерге жана төлөмдөрдү иштеп чыгууга тыюу салынды.

"Мамлекеттик брокердик компания" жана "Виртуалдык активдердин эмитентине" карата активдерди тоңдуруу, трасттык кызматтарга чектөө жана директорлор үчүн да тыюу салуулар киргизилди. "Виртуалдык активдердин эмитенти" үчүн кошумча интернет-санкциялар да каралган. Бул британ социалдык тармактары, интернет-провайдерлер жана колдонмолор дүкөндөрү бул компаниянын кызматтарын чектеп, финансылык операциялары бөгөттөлөт дегенди билдирет.

Жалпысынан жаңы санкциялар Орусиянын финансы сектору, криптоинфраструктурасы, A7 түйүнү, ошондой эле Garantex жана Grinex компаниялары менен байланышы бар деп эсептелген уюмдарга тиешелүү.

Аталган тизмеге кирген жеке жактарга активдерин тоңдуруу, Улуу Британияга кирүүгө тыюу салуу, трасттык кызматтарга чектөө жана директорлук кызматтарды ээлөөгө тыюу салынды.

Кыргыз өкмөтү Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшпөгөнүн айтып келет.

2025-жылдын январь айында АКШ менен Улуу Британия да Кыргызстандагы "Керемет Банкты" санкциялык тизмеге киргизген. Расмий Лондон ошондой эле "Капитал банкты" да бутага алган.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Европа Биримдиги (ЕБ) санкцияларды айланып өтүүгө каршы механизмин биринчи жолу ишке киргизип, Кыргызстанга станокторду жана радио байланыш жабдыктарын экспорттоого тыюу салган. Ошондой эле уюм Кыргызстандагы эки банкты, криптовалюталардын соодасына тиешеси бар ишкананы санкциялык тизмесине кошкон. Евробиримдиктин кеңеши Орусиянын Украинадагы согушуна байланыштуу мындай санкциялардын 20-пакетин 23-апрелде жактырган.

Көп өтпөй, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча расмий билдирүү таратып, бул чечимге "өкүнүчүн жана тынчсыздануусун" билдирген эле.

Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси акыркы убактарда европалык өнөктөштөрү менен санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча туруктуу байланышта болуп келгенин белгилеген.

"Ушуга байланыштуу, туруктуу сүйлөшүүлөргө, европалык өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз сапарлардын алмашуусуна, ошондой эле Европа Комиссиясынын талаптарына ылайык суралган бардык документтештирилген маалыматтардын өз убагында берилишине карабастан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар да берилгенине карабай, кыргыз тараптын позициясы мурдагыдай эле эске алынбай, иш жүзүндө көңүл сыртында калып жатканы олуттуу түшүнбөстүктү жаратат", - деп айтылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Кыргыз өкмөтү Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшпөгөнүн белгилеп, Батыш мамлекеттерин кош стандарттуулукка айыптап келет.