Индиядагы өрт: дагы жети кыргыз жараны ооруканага жеткирилген

getty

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

3-июнда Индиянын борбору Нью-Дели шаарындагы мейманканалардын биринде чыккан өрттөн каза тапкан үч кыргызстандыктан тышкары, дагы жети кыргыз жараны ооруканага жеткирилгени айтылды. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов билдирди.

Анын айтымында, мейманканадагы өрттөн жабыр тарткандар менен чогу ооруканага жети кыргызстандык да жеткирилген.

"Жети кыргыз жараны да ооруканага жеткирилген. Аларды доктурлар карап, зыян болгон эмес, ден-соолугуна коркунуч жок деп кое беришкен. Алар учурда шаардагы мейманканалардын биринде турушат", - деди элчи.

Буга чейин өрттөн каза болгон үч маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү боюнча аракеттер жүрүп жатканы кабарланган.

Алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Бири 50 жаштагы боорун алмаштырган бейтап аял болсо, экинчиси донорлук кылган 23 жаштагы анын уулу жана жанында карап жаткан 76 жаштагы апасы болгон.

Эки күн мурун Индиянын баш калаасындагы мейманканалардын биринен чыккан өрт кеминде 21 адамдын өмүрүн алды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тилсиз жоо имаратты каптап, ичиндеги адамдардын сыртка чыгуусуна кедергисин тийгизген.

Өлкөнүн укук коргоо органдары бул маселе боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирди. Натыйжада аталган мейманкананын ээси Лавкаш Баджадж камакка алынганы айтылды.

Times of India гезитинин маалыматы боюнча, Баджадж полицияга имаратты жеке өзү башкарууга же көзөмөлдөөгө убактысы жок экенин жана күнүмдүк башкаруу "башка адамга" өткөрүлүп берилгенин айткан. Расмий билдирүүдө мүлктү ким башкарганы көрсөтүлгөн эмес. Баджадж бейшемби күнү сот алдында жооп берет деп күтүлүүдө.