"Баласы донор, апасы карап барган". Индияда каза болгон үч кыргызстандык кимдер?

- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Үч кыргызстандык Индиянын Дели шаарындагы чыккан өрттөн каза болду. Алардын бири 50 жаштагы боорун алмаштырган бейтап аял болсо, экинчиси донорлук кылган 23 жаштагы анын уулу жана жанында карап жаткан 76 жаштагы апасы болгон экен. Ошентип, бир үйбүлөнүн үч мууну чет жакта өрт кырсыгынан көз жумду.

Сүрөттүн булагы, social media
Операция болгон аялды жакындан тааныган 28 жаштагы Баткендик Исмигүл азыр өзү да Индияда дарыланууда. Ал маркум аял менен бир жыл чогу дарыланганын Би-Би-Сиге айтып берди.
"Мен Баткендин Кызыл-Кыясынан келгем Индияга. Ал эжени бир жылдан бери тааныймын. Ошто жатып, экөөбүз тең дарыланганбыз. Ошо жактан тааныш болуп калганбыз. Ал эженин да операциясы ийгиликтүү өтүп, кечээ кечке маал сүйлөштүк эле. Дагы бир анализим калды, ошол анализимди тапшырсам, үйгө кетем деп жатты эле. Апасы, баласы болуп келишкен эле. Баласы донор, апасы кароочу болуп келген эле. Жакшы эже эле. Банкта иштейт эле. Сүйлөшүп турат элек телефондон", - деди Исмигүл.

Исмигүл эки айдан бери Индияда дарыланууда жүргөнүн айтып, Кыргызстанда да бейтаптар үчүн шарттар жакшы болсо, жарандар чет жакка чыкпайт эле деген пикирин айтты.
"Биздин Кыргызстанда да ушундай ооруканалар болуп, боор алмаштыруу сыяктуу операциялары өлкөбүздө жасашса жакшы болмок. Кыйналып, бул жакка келбейт элек. Эки ай болду келгенибизге, өтө көп акча кетип жатат. Тил билбей кыйналабыз, телефондон которуп, сүйлөшөбүз. Бирок жакшы карашат, азыр абалым жакшы. Операциям да сонун өттү. Тигил эженики да жакшы өткөн", - деди Исмигүл.

Сүрөттүн булагы, oficcial
Кечээ Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айткан.
Мындан сырткары, дагы жети кыргыз жараны мейманканадагы өрттөн кийин ооруканага жеткирилгени айтылды.
"Ооруканага жети адам кайрылган. Аларды доктурлар карап, зыян болгон эмес, ден-соолугуна коркунуч жок деп кое беришкен", - деди элчи.
Алдын ала маалыматтар боюнча, тилсиз жоо имаратты каптап, ичиндеги адамдардын сыртка чыгуусуна кедергисин тийгизген.
Индиялык басылмалар 40тан ашык адам куткарылып, ооруканага жеткирилгенин жазышты. Өрт чыккан учурда имараттын ичинде канча адам болгону азырынча белгисиз. Өрттүн келип чыгуу себептери да али тактала элек.
Индиянын укук коргоо органдары билдиргендей, өрт учурунда мейманканада жашаган чет элдик жарандардын басымдуу бөлүгү Нью-Делидеги клиникаларда дарылануу максатында келген бейтаптар жана аларды коштоп жүргөндөр болгон.































