Москвада роялда ойногон мигрант: "Жетекчи келип калбасын деген ой мээмде турду"

ds

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кадырбек Саттаров Москвада роял ойноп жаткан учуру
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Миграцияда жүргөн кыргызстандык Кадырбек Саттаровдун роялда ойногон видеосу социалдык тармактарга кеңири тарады. Аны ошол жерден өтүп бара жаткан орусиялык блогер тартып алган. Би-Би-Синин Кыргыз кызматы 54 жаштагы Кадырбек Саттаров менен байланышты.

Биз бир түндө жылдызга айланган мекендешибиздин байланыш номерин таап, ал жакка билдирүү калтырганбыз. Күтүүсүз жерден Кадырбек Саттаров WhatsAppтан бизге видео чалуу аркылуу байланышты. Ал түнкүсүн иштей турганын, жаңы эле жумуштан келгенин айтып маекти баштады. Азыр ага чалган журналисттер көп болуп, жумуштан бошобой, баарына жооп бере алба жатканын да кошумчалады.

Жетекчи келип калбасын деген ой мээмде турду

"Азыр чалып, жазып кайрылгандар көп болуп жатат. Кечээ эле Орусиянын бир телеканалы келип тартып кеткен. Негизи мен бул роялды жумушта жүрүп. күндүз көрдүм эле. Анча-мынча музыканттар ойноп кетишет эле. Ошол жерге келген коноктор ойнойт. Биз күндүз жумуш кылып, ары-бери өтөбүз. Кийин бизди түнкү жумушка бөлүп койду. Түнкү саат бирде тамактанууга чыгабыз. Түштөнүп болуп, саат экиде келсем, эл азайып калыптыр. Анан баары өзү менен өзү. Эки жакты карадым да балдарга: "Телефонго тартып, мени уят кылбагыла. Мен видеого түшкөндү жаман көрөм, эки жакты карап тургула, жетекчилер келип калбасын" деп айттым. Жетекчи келсе "Эмне отурасыңар?" дейт да. Ошолор жогунда ойноп алайын деп, анан ойнодум. Мектептеги окуучуларды элестетип, ордумдан турган боюнча эле ойноп жаттым. Бир орус бала келип: "Молодой человек, может, сядете? Может, сыграете что-нибудь для нас?" деди. Анан ойной баштадым. Адашпай эле ойногондой болдум. Өзүмчө эмоцияга берилип, башкача болуп ойнодум. Ошондо видеого тартып алышкан экен. Менде бирөө тартып жатат, бирөө ары-бери өтүп жатат деген деле ой болбоду. Эптеп музыканы бүтүрсөм, анан ал жерден кетсем деп калдым. Себеби жетекчи келип калбасын деген ой мээмде турду. Жетекчи азыр артыман келип калса, желкемен тартып тургузуп жаткан болсо деп, ойлоп жаттым. Колум болсо бул жакта музыка ойноп жатат. Ошентип роялды жаап эле кетип калганбыз. Анан эки күндөн кийин эле карасам, социалдык тармакта жүрүптүрмүн".

sd

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кадырбек Саттаровдун өздүк архивиндеги сүрөт

"Музыкалык аспаптарда ойноону өз алдынча үйрөндүм"

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган Кадырбек Саттаров музыкалык аспаптарда ойноону өз алдынча үйрөнгөн. Кийинчерээк бул өнөрүн өнүктүрүп, алты жылдай мектепте музыка мугалими болуп эмгектениптир. Анын айтымында, турмуш шартына байланыштуу Орусияга кетүүгө аргасыз болгон. Акыркы он жылдан бери ал Москвада эмгектенет.

"Чоңдор ойноп жатканда карап турасың. Кайсы аспапты ойносо, ошону карап-карап, угуп, ошону үйрөнүүгө аракетин кыласың. Пианино деп жатпайсыңарбы? Анда ионика деп койчубуз. Иониканы ойноп жатканын карап турчумун. Анан алар чылым чеккени чыгып кетет же бир жакка кеткенде дароо баса калып, жанагыны ойноп, кайталап отуруп, кичине үйрөнүп калгам".

"Ата-энемден эрте айрылдым"

"Ата-энемден эрте айрылдык. Агам музыкалык окуу жайга тапшыр деди. Бирок мен алардын кыйналып турганын көрүп, атайын тапшырбай койгом. Бирок ошого карабай, мен музыкадан алыстаган жокмун. Кайсыл жерде болбосун үйрөнүп алайын деген эңсөө болуп, бир дагы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбадым. Азыр алты музыкалык аспапта ойногонду билем. СССР ураганда бүт эстрадалар тарап кеткен. Ошондо мени Майлуу-Суу шаарына чакырышканда ал жакка барып, кыргыз эстрадалык тобун түзгөм. Себеби ал жерде көпчүлүк орустар жашагандыктан кыргыз эстрадасы болгон эмес экен. Кийин кыскартуулар болду. Ошентип ал жерден бир жылдай иштеп эле кеттим. Бир мектепке музыка мугалими катары чакырышты. Ошол жакта беш жылдай иштедим. Окуучуларым менен конкурстарга катышып, дайыма биринчи орунду ээлейт элек. Ал мезгилде айлыгым 300 сом болчу. Ага бир чыпта ун келет болчу. Анан кошумча тойлорго чыгып, ырдап акча табат элем. Бирок азыр менин окуучуларым чыгармачыл инсандар болгонун угуп калам. Кээде кудуңдап кубанып калам".

Кадырбек мырза маянанын аздыгынан өзүнө жаккан кесип менен коштошуп, бизнес тармагына баш багыптыр. Бир топ жыл жакшы иштеп, күтүүсүз жерден банкрот болуп. айласыздан Орусияга иштегени кеткен экен.

sd

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кадырбек Саттаров балдары менен

Төрт баламдын келечеги үчүн иштеп жүрөм

Өзүм ата-энемден эрте ажырадым. Ошого эненин, атанын баркын жакшы билем. Балдарым атам жок эле, апам жок эле деген нерсени билбесе экен, мээримге тоюп чоңойсо экен деймин. Бирок, тилекке каршы, андай болбой жатат. Айласыз алардан алыста иштеп жүрөм. Балдарымдын келечеги үчүн иштешим керек. Кантсе да ар бир бала ата-эне мээримине бөлөнүп чоңойсун деп тилейм.

sd

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кадырбек Саттаровдун өздүк архивинен сүрөт

Музыкалык топ ачууну кыялданам

"Мен кыялданам. Ар ким өзүнүн аспабын чертип, жандуу үн менен ырдаса. Ошондой топ түзсөм, жаштарды тарбияласам деген кыялдарым бар. Эми азыр ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп жатат. Мен ал кыялдарымды сөз менен жеткире албайм".