"Уят видео менен коркуткан". 14 жашар кызды 42 жаштагы киши зордуктап жүргөн

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Апасы миграцияга кеткен 14 жаштагы кыз 42 жаштагы киши тараптан сексуалдык зомбулукка кабылып жүргөн. Кыздын өзүнүн айтуусунда кылмышкер ага соцтармак аркылуу жазып, анын сүрөт-видеолорунан уяттуу маанидеги тасмаларды монтаждап, таратам деп коркуткан.
"Тик-Токтон таанышып, 2005-жылкымын деген. Анан телеграмм аккаунтумду сураган, берип койгом. Сүйлөшүп жүрүп эле, бир күнү чечинип өзүңдү видеого тартып жөнөт деп баштады. Жөнөтпөйм десем, тик-токтогу менин сүрөт -видеолорумду алып, жасап мага салды. Жөнөтпөсөң, ушуларды чыгарам деди. Анан мен ишенбей эле чыгып кеткем. Карасам, төрт-беш группаларга салып салыптыр. Өчүр десем, өзүңдү тартып жөнөт, болбосо таратам дагы деди. Анан коркуп, бир эле жолу көрө турган кылып жөнөттүм", - деди он төрт жашар кыз.
Ошентип жаш кызды тузагына илгенден кийин, кылмышкер аны жолугушууга чакыра баштайт. Көнбөй жаткан кызды баягы монтаждалган уят видеосу менен дагы коркутат. Апасы алыста жүргөн кезде атасына сырын айталбай, психологиялык басым астында калган кыз кездешүүгө барууга мажбур болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Анан мындай жөнөт деп болбой, мындай да алды. Августтун ортосунда болсо, жолугалы дей баштады. Чыгалбайм, атам чыгарбайт десем, дагы баштады, видеолоруңду чыгарам деп. Анан айласыз бардым. Киргенде эле, эшикти бекитип, кармалай баштады. Мага кол да көтөрдү. Ал жерден качып чыга алган жокмун. Мен өзүм деле атаман корком. Анан ошол убакта эч кимге айта алган жокмун бул тууралуу. Ошондон кийин дагы эки жолу чакырды. Ошол биринчи жолу барганда, баарын видеого тартып алыптыр. Мен кийинкисинде барбайм десем, ошол видеону жөнөтүп, ушуну атаңа көрсөтөм, интернетке чыгарам деп коркутуп жатты", - деди кыз.
Бул окуялар болуп жатканда, кыз атасы менен пикир келишпестиктерге кабылып, урушуп кетишкен экен. Социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрү кызды бир туугандары менен атайын балдарга кам көрүүчү "Балдарды коргоо борборуна" алып барышкан.
"Ал жакта да күн-түнү чалып жүрдү. Кийин менин телефонум сынып калып, бир кыздын телефонуна симкамды салып койгон элем. Анын телефонуна тиги (кылмышкер) бүт видеолорду жөнөтүп салыптыр. Анан мени ошол жердеги кыздардын баары "сен ушундай белең" деп ортого алып, уяткарышты. Ошондон улам балдар үйүндөгү эжекелер билип калышты. Болбосо, эч кимге айтпай эле жүргөм. Анан арыз жазып, тиги кишини милиция издеп, таап, сот иштери башталган.

Ошентип Балдарды Коргоо борборунун камкордук жайында жашап жатканда, баары ачыкка чыгып, сот иштери башталат. Бул күндөрү кызга аталган борбордун адистери көмөк көрсөтүп, сот процесстерине өкүл катары да барып турушкан. Кыздын апасы Москвадан келгенден соң, кызын жана балдарын ал борбордон алып кеткен. Бирок эне кызы менен азыркыга чейин бул тууралуу ачык сүйлөшө албай жатканын, анын келечегине кабатыр экенин айтып, кейиди.
"Мен Москвада болчумун. Балдарым атасынын колунда эле. Бир күнү эле социалдык коргоо кызматынан чалып, балдарды алып кетебиз дешти. Мен Москвадан келгиче балдар үйүндө карап турушту. Мен келип, 3-4 күн өткөндөн кийин соцкоргоого барганда гана окуяны айтып беришти. Анан кызым менен такыр бул туурасында сүйлөшө албай жаттым, эмне деп баштарымды билбей эле, ал да, мен да бушайман болуп жаттык. Сурай албай жүрдүм. Бирок билиш керек да , сот процесстери да жүрүп жаткан экен.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кызым айталбай жатканынан дептер алып келип берип, ушул сенин күндөлүгүң болсун, ушуга жазчы баарын дедим. Ал жакка да толук жазган эмес. Интернеттен таанышып, коркутуп, үркүтүүлөр болуптур. Ошол интернеттеги сүрөттөрүн алып, видео жасап, ошол менен кызымды коркутуптур. Мага жолукпасаң, интернетке салам, атаңа, апаңа айтам дептир. Ошондон коркуп, анан барыптыр кызым. Бирок аны толук жазган эмес. Ушундай жаман жолго барып калдым, мени кечирип коюнузчу, экинчи кайталабайм деп жазган", - деди кыздын апасы.
Миграцияга кеткенде кызынын мындай окуяга кабылганы үчүн эне далай өзүн жеген. Бирок, катаал турмуштун айынан балдарын атасына таштап кетүүгө мажбур болгонун айтты.
"Жашоо ушуга алып барды да. Балдарды багайын деп кеттим. Азыркы заманда аз айлык менен жашаш кыйын: батир кымбат, үйүм жок болсо, жолдошум менен ажырашкам, жалгыз бой эне, анан балдарды багам деп иштегени кеткем да. Ким ойлоптур ушундай болуп кетет деп. Эми кызымдын тагдыры кандай болот деп көп ойлоном", - деди кыздын апасы.
Бул окуя боюнча айыпталуучуну Жайыл райондук соту 17 жылга эркинен ажыраткан. Бирок ал Чүй облустук сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылып, 2-июнда соттук отурум өттү. Облустук сот биринчи инстацияда кабыл алынган чечимди күчүндө калтырды.
Расмий статистикага ылайык, 2026-жылдын январынан апрелине чейин Кыргызстандагы 487 жашы жете элек өспүрүм кылмыштуу кол салуулардын курмандыгы болгон.
Маалыматтарга ылайык, балдардын 13,3% 16 жашка чейинки жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулуктун, ал эми дагы 11,3% зордуктоонун курмандыгы болгон. Бул дээрлик ар бир төртүнчү баланын сексуалдык зомбулукка кабылат дегенди билдирет.































