Атамбаев менен Султанбековдун иши боюнча прокурор айыптоо актысын окуду

Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

28-июлда Биринчи май райондук сотунда мурдагы президенттин уулу Кадыр Атамбаев, социал демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун соттук иши каралды. Жараян жабык өтүп жатат. Адвокаттардын айтымында, айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алган жок. Алар бийликти күч менен басып алууга айыпталууда.

28-июлда Биринчи май райондук сотунда мурдагы президенттин уулу Кадыр Атамбаев, социал демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, СДПК мүчөсү Эрмек Эрматов, мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров жана дагы эки белгисиз кишинин соттук иши каралды. Алар бийликти күч менен басып алууга айыпталууда.

"Сот ачык өтсүн деп суранып жатабыз. Бул жерде кандай кылмыш иши бар, эл дагы көрсүн билсин деп жатабыз. Анткени аларга аябай оор айып тагылып жатат", - дейт саясатчынын атасы Медет Султанбеков.

Сотко айыпталуучунун жакындары, анын ичинде Алмазбек Атамбевдин кызы Алия Шагиева да келген.

"Менин бир тууганымды сегиз айдан бери оор шартта кармап турушат. Ушул убакыт ичинде бир да жолу жолугууга уруксат беришкен жок. Биз жок дегенде соттун ачык өтүшүн өтүнүп жатабыз".

Кадыр Атамбаевдин адвокатынын айтымында, сотто бүгүн прокурор айыптоо актысын окуду.

"Менин оюмча соттук иштер көпкө созулбайт. Себеби бул иште күбөлөрдүн саны да аз. Үч-төрт соттук жараяндан кийин сот өкүмүн чыгарат деп ойлойм. Эч бир айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган жок", - деди адвокат Сергей Слесарев.

Мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев жана "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков баштаган ондой адам 2025-жылы 22-ноябрда, парламенттик шайлоонун алдында кармалган. Анын алдында ИИМ Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки киши менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Милиция кармалгандарды жапырт башаламандыкка айыптаган.

"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өлкөнүн түштүгүнөн баштап Бишкекке жана облустарга чейин жапырт нааразылык көрүнүшүн жаратып, өлкө аймагында митингдерди пландашкан. Алардын планында Конституцияга каршы чакырыктар жана ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарак жана абак жайларын ээлеп алуу ыктымалдыгы болгон", - деп айтылган ИИМдин маалыматында.

ИИМ жапырт кармалган адамдардын үйлөрүн тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган.

Кийинчерээк 150 миң доллар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдуку экени ачыкка чыккан. Саясатчы бул акча үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Адахан Мадумаров бул иште күбө катары сурак берген.

Ушул тапта Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Эрмек Эрматов камакта.

Калгандары, анын ичинде, мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров, Урмат Барктабасов, Шайлообек Атазов үй камагына чыккан. Жакында Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакев тил кат менен бошотулду. Былтыр 22-ноябрда жапырт кармалган бул кишилердин айрымдарынын иши өзүнчө тергелип жатат.