Берлин: ЛГБТ-параддагы кол салууга шектүү жок кылынды

Сүрөттүн булагы, Berlin police
- Author, Би-Би-Синин Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Берлин полициясы ишемби күнү өткөн жыл сайын уюштурулуучу Christopher Street Day ЛГБТ-парадынын катышуучуларын автоунаа менен сүздүрүүгө шектелген адам полиция тарабынан атып өлтүрүлгөнүн ырастады. Кол салуудан бир аял каза болуп, дагы 29 адам жаракат алган. Полициянын маалыматына караганда, шектүү Берлиндин батышындагы Шпандау районундагы бакча тилкелери жайгашкан аймактан табылган. Ал укук коргоо кызматкерлерине бычак менен кол салууга аракет кылганда полиция ок аткан.
Адамдарга кол салуу ишемби күнү кечинде Тиргартен паркынын жанында болгон. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:00 чамасында ак түстөгү фургон парктагы адамдарды сүзүп кирген. Андан соң, Германиянын ички иштер министри Александр Добринттин айтымында, шектүү "кандайдыр бир муздак курал, балким, мачете сыяктуу чоң бычак менен" адамдарга кол салып, бир нече адамды оор жарадар кылган.
Окуядан кийин парад токтотулуп, полиция шектүүнү издөөгө киришкен.
Жекшемби күнү эртең менен Германиянын мыйзамдарына ылайык полиция шектүүнүн аты-жөнүн кыскартылган түрдө - Абдул Б. деп атаган. Кийинчерээк ички иштер министри анын толук фамилиясын айтып, шектүү Абдул Баллоут экенин билдирген.
Жекшемби күнү кечинде Берлин полициясы шектүүнүн каза болгонун расмий тастыктады. Полициянын билдирүүсүндө шектүү полиция ок аткандан кийин көз жумганы айтылат. Полициянын билдирүүсүндө шектүү "колундагы бычак менен биздин кызматкерлерге чуркап келгендиктен, Берлиндин атайын ыкчам тобунун кызматкерлери ок атуучу курал колдонууга аргасыз болушкан" деп айтылат.
"Берлиндин өрт-куткаруу кызматы дароо реанимациялык аракеттерди көргөнүнө карабастан, ал окуя болгон жерде каза болду", - деди полиция өкүлү.
Кийин өткөн брифингде полициянын өкүлү шектүү "кызматкерлерге бычак менен кол салганын" дагы бир жолу белгиледи.
"Биз аны токтотууга аргасыз болдук. Бул үчүн ок атуучу курал колдонулду жана анын кесепетинен ал каза болду", - деди өкүл.
Шектүү өлтүрүлгөн Шпандаудагы бакча тилкелери жайгашкан аймак полиция тарабынан курчоого алынган.
Журналисттин тактоочу суроосуна жооп берип жатып, Берлин полициясынын өкүлү Шпандаудан бир гана шектүү табылганын жана учурда башка адамдар изделбегенин билдирди.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Шектүү тууралуу эмне белгилүү?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Германиянын ички иштер министри Александр Добринт буга чейин 21 жаштагы шектүү полицияга мурда эле белгилүү болгонун, бир катар кылмыштарды жасаганын жана радикалдашкан адам катары эсептелгенин билдирген.
Абдул Баллоут - теги ливандык Германиянын жараны. Ал 2004-жылы Германияда төрөлгөн. Министрдин айтымында, анын апасы кийинчерээк Германиянын жарандыгын алган.
"Биз көрүп жаткан бардык маалыматтар бул исламчыл террордук кол салуу болгонун көрсөтүп турат", - деген Добринт.
Баллоут Германиянын коопсуздук органдарынын көзөмөлүндө өспүрүм кезинен бери болгон. Берлин прокуратурасынын маалыматына ылайык, 2019-жылы ал мектептин короосунда бир адамды сабаган. Ал эми 2020-жылы каракчылыкка катышкан.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, 2025-жылы Баллоут "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна (көптөгөн өлкөлөрдө террордук уюм деп таанылган) кошулууну чечкен. Ал Ливан аркылуу Сирияга өтүүгө аракет кылып, 2025-жылдын июль айында Ливанда кармалган. Аскердик сот аны үч айга эркинен ажыратып, кийин Германияга экстрадициялаган. Ноябрда ал Берлин аэропортунда кайра кармалган.
Баллоут сот өкүмү чыккан 2025-жылдын май айына чейин камакта болгон. Сот аны мамлекеттин коопсуздугуна олуттуу коркунуч жараткан зомбулук аракетин даярдаган деп күнөөлүү таап, 1 жыл 10 айга эркинен ажыраткан. Өкүм жашы жете электерге карата колдонулуучу сот өндүрүшүнүн эрежелерине ылайык чыгарылып, Баллоут түрмөгө жөнөтүлгөн эмес. Сот өкүмдүн аткарылышын алты айга жылдырып, жаза шарттуу жазага алмаштырылабы же жокпу деген маселени кийин кароону чечкен.
Прокуратуранын айтымында, сот Баллоут тергөө маалында күнөөсүн мойнуна алып, "Ислам мамлекетинен" баш тартканын эске алган. Ал полициянын көзөмөлүнө алынган. Ошол эле учурда өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек болчу. Прокуратура өкүмгө каршы апелляция берип, шарттуу жаза колдонбоону жана узагыраак мөөнөткө эркинен ажыратууну, ошондой эле камакка алуу чечимин күчүндө калтырууну талап кылган.
Германиялык маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, соттук териштирүү уланып жаткан учурда Баллоут экстремизмдин алдын алууга адистешкен борбордо дерадикалдаштыруу курстарына катышууга милдеттендирилген. Welt басылмасынын маалыматына караганда, ал жалпысынан 26 жолугушууга катышуусу керек болчу.
Ал 15-июнда жана 9-июлда алгачкы эки аңгемелешүүгө өз ыктыяры менен келген. Үчүнчү жолугушуу 27-июлга белгиленген. Андан кийин аңгемелешүүнү улантуу керекпи же жокпу деген чечим кабыл алынмак.
Немис маалымат каражаттары билдиргендей, борбордун кызматкерлери Баллоут суроолорго алдын ала даярданып келгендей жооп берген деген жыйынтыкка келишкен. Ал өзүнүн идеологиялык көз караштары тууралуу так эмес сүйлөп, алардын маанисин азайтып көрсөтүүгө аракет кылган. Бирок бул маектердин жыйынтыгында адистер андан дароо коркунуч бар деген бүтүмгө келишкен эмес.
Берлин прокуратурасы кол салуудан үч жума мурун - 3-июлда Баллоуттун үйүндө курал алып жүрүү мыйзамын бузган деген шек менен тинтүү жүргүзүлгөнүн билдирди. Бирок тинтүү учурунда оюнчук тапанча гана табылгандыктан, бул иш токтотулган.

Сүрөттүн булагы, EVN
































