Азербайжанда Toplum каналынын тогуз журналисти 12 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылды

Сүрөттүн булагы, Toplum TV/EFJ
Азербайжандын соту көз карандысыз Toplum TV редакциясынын тогуз журналистине жана кызматкерине карата өкүм чыгарды. Алардын экөө 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттары кабарлашты.
Toplum TV өлкөдөгү коррупция, экономикадагы көйгөйлөр, цензура жана социалдык маселелер боюнча иликтөөлөрү менен белгилүү.
Соттун чечими менен басылманын негиздөөчүлөрүнүн бири Акиф Гурбанов жана тең негиздөөчү Руслан Иззетли 15 жылдан эркинен ажыратылды. Toplum TVнин негиздөөчүсү, медиа укугу боюнча белгилүү юрист Алескер Мамедли жана журналисттерди окуткан Али Зейналов 14 жылдан, видеоредактор Мушфиг Жаббаров жана долбоорлордун координаторлору Илькин Амрахов менен Рамиль Бабаев 13 жылдан, кабарчы Фарид Исмаилов жана социалдык тармактар боюнча менеджер Эльмир Аббасов 12 жылдан эркинен ажыратылды.
Маалыматтарга караганда, оор дартка чалдыккан Алескер Мамедли өкүм чыккан учурда да дарыланууга муктаж болгон.
Айыптоолор жана эл аралык реакция
Азербайжан бийлиги журналисттерди акча аткезчилиги, мыйзамсыз ишкердик, кылмыштуу кирешелерди адалдоо, салык төлөөдөн качуу жана документтерди жасалмалоо сыяктуу финансылык кылмыштар боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Журналисттер жана алардын жактоочулары бул айыптарды четке кагып, кылмыш иши алардын журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу саясий куугунтук экенин айтып келишет.
Toplum TV 2024-жылдын март айына чейин коррупция боюнча иликтөөлөрдү жарыялап турган. Ошол эле айда полиция редакциянын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, аны мөөр басып жаап, редакциянын дээрлик бардык кызматкерлерин камакка алган.
Бул иштерге 2022-жылы кабыл алынган жаңы медиа мыйзамы негиз болгон. Аталган мыйзам Азербайжандагы маалымат каражаттарынын чет өлкөдөн каржыланышына толук тыюу салат. Алгач журналисттерге акча аткезчилиги боюнча айып тагылып, кийинчерээк ага мыйзамсыз ишкердик, акчаны адалдоо, салык төлөөдөн качуу жана документтерди жасалмалоо боюнча айыптар кошулган.
Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы кабыл алган резолюцияда Toplum TV журналисттерине карата куугунтук Азербайжандагы "сынчыл үндөрдү басуу" катары бааланган.
Эл аралык укук коргоо уюмдары, анын ичинде Чек арасыз кабарчылар (Reporters Without Borders) да журналисттерди колдоп чыгып, аларды "Азербайжанда мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз медианы куугунтуктоонун курмандыктары" деп атаган.
Журналисттердин массалык камалышы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Toplum TVнин кызматкерлерине чыккан өкүм Азербайжандагы журналисттерге каршы акыркы жылдардагы жалгыз сот иши эмес.
2025-жылдын июнь айында дагы жети журналист 7,5 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратылган. Алардын алтоосу президент Ильхам Алиевдин үй-бүлөсүнүн бизнеси тууралуу иликтөөлөрдү жарыялаган Abzas Media басылмасы менен байланыштуу болгон. Жетинчи журналист болсо «Эркин Европа/Азаттык радиосунда» иштеген.
Азербайжанда журналисттердин массалык камалышы 2023-жылдын аягында башталып, 2024-жылы да уланган. Айрым редакциялар дээрлик толугу менен камакка алынса, кээ бир журналисттер өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
2025-жылдын башында Азербайжан Бириккен Улуттар Уюмунун бир катар түзүмдөрүнүн, Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин жана чет өлкөлүк бир нече маалымат каражаттарынын өкүлчүлүктөрүнүн, анын ичинде Би-Би-Синин Азербайжан кызматынын ишин токтоткон.
Мындан тышкары, өлкө бийлиги Адам укуктары боюнча Европа сотунун чечимдерин аткарбай калганын Европа Кеңеши билдирген. Президент Ильхам Алиев да бул тууралуу ачык айтып, келечекте Азербайжан Европа Кеңешинен чыгышы мүмкүн экенин билдирген.
Алиевдин билдирүүсү
Президент Ильхам Алиев 2024-жылы журналисттерге каршы козголгон иштер тууралуу комментарий берип жатып, Азербайжандагы маалымат каражаттары чет өлкөдөн каржыланбашы керек деген позициясын кайталаган.
Анын айтымында, Азербайжан өз медиасын башка өлкөлөрдө каржылабагандай эле, чет мамлекеттер да Азербайжандагы медианы каржылабашы керек.
Европа Биримдиги кызматташтыгын улантууда
Азербайжандагы адам укуктарынын абалы боюнча сын-пикирлерге карабастан, Европа Биримдиги Баку менен кызматташтыгын улантып келет.
Июль айында Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Бакуда президент Ильхам Алиев менен жолуккан. Жолугушууда ал журналисттерге каршы куугунтук маселесине ачык токтолбой, негизинен Азербайжандан Европага жаратылыш газын экспорттоо жана энергетикалык кызматташтык маселелерин талкуулаган.
Европа Биримдиги Орусиянын энергия булактарынан көз карандылыгын азайтуу аракетинин алкагында Азербайжандан газ импортун көбөйтүп келет.
Фон дер Ляйендин сапарынын алдында түрмөдө отурган азербайжандык журналисттер ага ачык кат жолдоп, Европа Биримдигин "экономикалык кызыкчылыктар үчүн өз баалуулуктарынан баш тартпоого" чакырышкан.
Айрым маалымат каражаттарынын жазышынча, Европа комиссиясынын төрайымы өлкөдөн кеткенден кийин бул катка кол койгон айрым камактагы журналисттерге басым күчөп, алардын бири жаза өтөө жайындагы жалгыз камерага киргизилген. Бул маалымат боюнча Азербайжан бийлиги кеңири комментарий бере элек.





























