"Согуш болуп жаткан жердей". Франция менен Испанияда токой өртү менен күрөшүүдө

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock
Франция менен Испанияда ири токой өртү менен күрөш уланып жатат. Өрттүн бири Франциянын Бордо шаарынын түштүк тарабында, болжол менен 15 чакырым алыстыкта болуп жатат. Эки өлкө боюнча жалпысынан 300 миңден ашуун адам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Алардын көбү спорт залдарында же көргөзмө борборлорунда түнөп жатышат.
Бордонун тургуну: "Адамдар тынчсызданып, коркуп жатышат"
Өрттүн бири Франциянын Жирондай аймагынын Бордо шаарынын түштүк тарабында, болжол менен 15 чакырым алыстыкта болуп жатат.
Бордо шаарынын тургуну Пьер Пуркери Би-Би-Сиге билдиргендей, калың түтүн шаарды каптап жаткандыктан, тургундар беткап тагына башташты. Анын айтымында, буга чейин шаарда абал тынч болсо, азыр өрт Бордого жакындаган сайын адамдардын тынчсыздануусу жана коркуусу күчөдү.
Пуркери шаардын чыгыш тарабында жашайт. Ал өрт очогуна жакыныраак жайгашкан батыш бөлүгүнөн эвакуацияланган досторун өз үйүнө чакырган.
Ал билдиргендей, негизги коркунуч - түтүндүн уулуулугу. Айрым адамдар дем алуусу кыйындап жатканын айтып жатышат.
Жамгыр жана шамалдын оңтойлуу багытынан улам өрт түн ичинде күчөгөн жок. Бирок Франциянын метеорология кызматынын божомолу боюнча, ушул жуманын аягында абанын температурасы кайрадан болжол менен 40°C чейин көтөрүлөт. Аба ырайы ысыса, Бордо дагы чоң коркунучка туш болушу мүмкүн.
Бордо шаары жайгашкан Жиронда аймагынан 200 миңден ашуун адам эвакуацияланды.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон токой өрттөрүнө каршы күрөшүү чараларына арналган чукул жыйын өткөрүүдө. Кечээ Макрон өрт келтирген зыянды калыбына келтирип, кесепеттерин жоюуга убада берип, анын өкмөтү "канча убакыт талап кылынса, ошончо убакыт бою жанында болорун" билдирген.
Франциянын Жиронда аймагындагы токой өртү дагы бир нече жумага созулушу мүмкүн жана аны толук өчүрүүгө бир нече ай талап кылынышы ыктымал. Бул тууралуу өрттү өчүрүү иштерине катышып жаткан Франциянын Өрт өчүрүүчүлөрүнүн улуттук федерациясынын өкүлү, подполковник Давид Аннотель билдирди.
Анын айтымында, өрттүн күчү акырындап басаңдайт, бирок жабыркаган бардык аймактарды толук тазалап, коопсуз абалга келтирүү үчүн убакыт керек.
Өрт Мадридди көздөй жайылышын жайлатты, бирок кооптуу бойдон калууда
Мадриддин батышындагы токой өрттөрү борбор калааны көздөй жайылышын жайлатканы менен, дагы эле көзөмөлгө алынбай, катуу күйүп жатат. Бул тууралуу аймактык бийлик билдирди. Бийлик тургундарды "өтө этият болууга" чакырды.
Мадрид автономиясынын башчысы Исабель Диас Аюсо өрт менен күрөшүп, өмүрүн тобокелге салып жаткан жүздөгөн өрт өчүрүүчүлөргө ыраазычылык билдирди.
"Алардын эмгегине ыраазычылык билдирүүгө сөз жетпейт", - деди ал.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Валенсияга жакын жайгашкан жана 6,5 миң гектар жери күйүп кеткен Валь-д'Уишо шаарын кошо алганда, Кастельондогу токой өрттөрүнөн жабыркаган аймактарды кыдырууда.
Токой өртү кайсы аймактарда болуп жатат?
Испания
Мадрид аймагындагы токой өрттөрүнөн улам 60 миңден ашуун адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.
Ошондой эле өлкөнүн чыгышындагы Валенсия аймагында жаңы өрт жайылып жатат. Бийлик аба ырайынын шарттары кырдаалды ого бетер оорлотушу мүмкүн деп кооптонууда.
Франция
Франция эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири болду. Өлкөнүн түштүк-батышында 42 миң гектардан ашуун токой күйүп кетти. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң ири өрттөрдүн бири болуп калды.
Өрт өчүрүүчүлөр учурда Жиронда аймагындагы өрттү көзөмөлгө алуу үчүн күрөшүп жатышат.
Италия
Кечээ Италиянын түштүгүндөгү Адриатика деңизинин жээгинде чыккан токой өрттөрүнөн улам, анын ичинде Апулия аймагынан 400дөн ашуун адам деңиз аркылуу эвакуацияланды.
Жекшемби күнү Сицилия аралындагы Палермо шаарынын четиндеги Торретта конушунун жанында да токой өртү күйүп жатканы айтылган.































