"Жуучулар" тайпасын ачтык". 20 жыл мурда ВИЧ жуктурган балдар кантип баш кошууда?

Мындан 20 жыл мурун Ош шаарындагы, Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы ооруканаларда дарыгерлердин айынан жүздөгөн балага ВИЧ инфекциясы жуккан. Бүгүн алардын көбү бой жетип, үй-бүлө кура баштады. Жаштардын түгөй табышына энелери түзгөн "Жуучулар" аттуу WhatsApp тайпасы жардам берүүдө. Анда уулу барлар келин, кызы барлар күйөө бала издешет. Би-Би-Синин бүгүнкү каарманы Мехриниса айымдын кызынын болочоктогу жолдошу да дал ушул тайпа аркылуу табылган.
"Той баштап койдук"
"Той баштап койдук. Буйруса кудаларым 200 миң сом калың берем деп жатат. Кызыма сарпай жасап, кадимкидей той менен алат. Кубанып турам. Кызым бой жетсе кандай болот деп кыжалат боло берчүмүн. Минтип той аракети менен чуркап жүрөм. Кудама пахтанын акчасын да бересиң дедим. Кечээ күнү өзүм 150 килограмм пахта алып койдум. Баласы "Эч нерсе кылдырбаңыз, апа, куру келсин" дептир. Кызыма эч нерсе бербей никелеп алып барып коёмбу? Жок. Мен да атаганымды берем да кызыма".

Каарманыбыздын айтымында, кызы үч жашка чыкканда сарык болуп, ооруканага түшкөн. Ал учурда өзү эмчектеги дагы бир баласын карап жүргөндүктөн, кызын ооруканага кайненеси алып жаткан. Анын айтымында, ВИЧ инфекциясы кызына ошол учурда жуккан.
"Кызым сарык болуп калды. Менин эмчектеги дагы бир балам бар эле. Ошондуктан кызымды ооруканага кайненеси алып барып жүрдү. Кайненемдин айтымында, медайымдар кызымды анын колунан алып, ийне сайчу бөлмөгө алып кирип кетчү экен. Анан көкүрөк тушундагы тамырына катетер коюшкан. "Улам тамырын издебейли" дешкенби билбейм. Кийин ВИЧ ошондо ооруканада жатканда жукканын билдик".
"Бир жолу колдонуучу каражаттар жетишсиз болгон"
Ош облустук ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү борборунун директорунун милдетин аткаруучу Сабыржан Ташполотовдун айтымында, 2006–2008-жылдары өлкөнүн саламаттык сактоо тармагында олуттуу жетишпестиктер болгон. Анын айтымында, ошол мезгилде медициналык буюмдардын тартыштыгынан улам бир жолу колдонулуучу ийнелер айрым учурларда кайрадан пайдаланылган.
"Ош облусунда, Ош шаарын кошкондо 2006-2007-2008-жылдары ооруканаларда эпидемия болгон десек да болот. 378 балага ВИЧ жуккан. Бир жолу колдонуучу каражаттар жетишсиз болгон, акыректен кое турган катетердин дагы ийнелери жетишсиз болгон. Ийнелер бир жолу колдонулуучу болбой, көп жолу колдонулуп калган. Ошондой жетишсиздиктерден улам ушундай жугуу фактылары болгон."
"Басмырлоого туш болуп келебиз"
ВИЧ статусу менен жашаган адамдар бүгүнкү күнгө чейин басмырлоого туш болушат. Айрым кыздар кадимки жигиттерге турмушка чыгып, дени сак бала төрөсө да, бирок үй-бүлөсү бузулган учурлар бар. Себеби күйөөсүнүн жакындары келиндин ВИЧ экенин билип калып, жубайларды ажыраштырууга чейин барышкан. Мындан улам энелер балдарына түгөйдү өздөрү сыяктуу үй-бүлөлөрдөн издей башташкан.
"Жуучулар" группасын ачтык
"Арабызда Саида деген кыз бар. Ошол кыз "Жуучулар" группасын ачты. Балдарыбыз чоңоюп калды. ВИЧ статусу барлардан эле бири-бирибизге куда табалы, балдарыбыз да бири-бирин түшүнүп убагында дары ичип жашашат деп, "Жуучулар" группасын ачты. Кудайга шүгүр. Баары теңин таап, кыз узатып, уул үйлөп жатат. Неберелүү болуп жатышат. Он чакты бала үйлөндү. Өздөрүнүн статусунан алышты кыздарды. Баары балалуу болушту. Балдары дени сак төрөлдү. Чоңоюп жатышат".
"Дарыларын үзгүлтүксүз ичип турса, вирустун деңгээли жукпай турган чекке чейин төмөндөйт"
Ош облустук ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү борборунун психологу Мухаммед Диор ВИЧ менен жашаган адамдар дарыларын үзгүлтүксүз ичип турса, вирустун деңгээли жукпай турган чекке чейин төмөндөөрүн айтат.
"Дарыларын өз убагында ичишет. Вирусу аз болсо жугуу деңгээлине жетпейт. Анда таза бала да төрөлөт. Вирусу жок адам менен үй-бүлө курса болот. Ушул дарысын эле үзгүлтүксүз иче турган болсо вирус алсым болуп, жукпайт".
Жаш жубайлардын турак жай маселеси...
Бирок ВИЧ менен жашаган жаштардын көйгөйлөрү муну менен эле чектелбейт. Алар жумуш табууда кыйналып, айрымдары оорусунун айынан чет өлкөгө иштөөгө да чыга албайт. Энелер жаңыдан баш кошкон жаштардын турак жай маселеси чечилбей жатканын айтып, мамлекеттен колдоо күтүшөт.
"Булардын үй салганга кудурети жетпейт. Оорукчан. Кичине иш кылса алы куруп, ооруп калат. Күчү жетпейт. Жумуш табуусу кыйын. Мурда Орусияга чыгып иштешет эле. Акыркы чектөөлөрдөн улам мындай оорусу барлар сыртка да чыга албай калышты. Булардын эртеңки жашоосу кандай болот? Ушуларга жок дегенде эки бөлмөлүү бир үй берип койсо деп өкмөттөн суранат элек".
10-июлда Ош шаарына чогулган энелер балдарына Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезексиз үй берүү талабы менен бийликке кайрылышкан.
































