Бишкекте электр чыгырыгына тыюу салынышы мүмкүнбү?

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев калаада электр чыгырыктарды колдонуу тартиби жөнгө салынбаса, аларга толугу менен тыюу салына турганын эскертти. Бул тууралуу ал "Ачык кабинет" иш-чарасында айтты.

Мэрдин айтымында, маселе самокаттын көптүгүндө эмес, аны колдонуу маданиятынын жоктугунда.

Жунушалиевдин сөзүнө караганда, эгер бул маселеде бирдиктүү чечим табылбаса шаар бийлиги тыюу салуучу чараларды көрүүгө аргасыз болот.

Ал ошондой эле жол коопсуздугу боюнча алдын алуу иштери жетишсиз экенин белгилеп, эреже бузгандарга жөн гана айып салбастан, коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү да маанилүү экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык мэриясы 19-майда электр чыгырыктардын жүрүү ылдамдыгын 25 чакырым/сааттан 15 чакырым/саатка чейин төмөндөтүүнү сунуштаган долбоорду коомдук талкууга чыгарган.

Документте бул чара жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана самокат колдонууда болгон кырсыктарды азайтуу максатында сунушталып жатканы айтылат.

Мэриянын түшүндүрмөсүнө караганда, соңку убакта самокаттар жөө адамдарды сүзүп кеткен учурлар көбөйгөн.