Жогорку Сот Адахан Мадумаровго чыккан өкүмдөрдү күчүндө калтырды

Жогорку Cот "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровго байланыштуу чыккан мурдагы сот чечимдерин күчүндө калтырды. Анын кассациялык арызы 20-октябрда каралды. Бирок оңдоо иштери жүрүп жатканы айтылып, журналисттер сот залына киргизилген жок. Адахан Мадумаров мурдагы сот чечимдерин жокко чыгаруу боюнча Жогорку Cотко өзү кайрылган.
"Кыргызстанда Конституция, мыйзам деген сөздөрдү такыр унуткула деген вариант болду. Мен өзүм билем. Ким туура айтып жатат, аны мен чечем деген вариант болду. Баарын көрүп туруп, билип туруп, угуп туруп, чечимдин баарын керектүү деңгээлде чыгарабыз. Өзүм билем. Бизде мыйзам деген сөздү унуткула. Мыйзам бар деп бизге эскертпегиле деген чечим болду",- деди Мадумаров соттун чечими тууралуу.
Мадумаров тарых алдында мындай кадамга барууга туура келгенин белгиледи.
"Эгер бул кадамга барбай койсом, айрым адамдар баш болуп "кайрылса, биз карап бермекпиз" деген маселе болмок. Мен сот бийлигине айттым. Тилекке каршы, бийликтин толук кандуу үч бутагынын бирибиз деп айта албай жатасыңар. Айтканга мүмкүнчүлүгүңөр да жок. Ошого макул болуп, эптеп иштеп бергенге даяр болуп, ошого бактылуу болуп жүрөсүңөр. Мен силерге өтө чоң үмүт артып келген жокмун. Тарых алдында тактоо иретинде кайрылып койдум деп айттым. Ошол райондук соттон тартып шаардык жана Жогорку соттон да абийир соту деген түшүнүк бар экенин айттым",- деди саясатчы.
Ошондой эле ал акталып калса, президенттик шайлоого катышмак экенин айтты.
"Эгер мен акталсам, президенттик шайлоого 100 пайыз бармакмын. Бийлик деген байуу же өзүңдүн көкүрөгүңдөгү өксүгүңдү толтуруу эмес. Бийлик деген бул - курал. Дыйканга орок, кетмен кандай керек болсо, ошондой эле өзүңдүн улуу ойлоруңду ишке ашырууга болгон далалат. Бийликке жетпей калсак, кадыр-баркың түшүп кетпейт, жетип алсаң, көтөрүлүп кетпейт",- деди Мадумаров.
2024-жылдын 26-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровго козголгон кылмыш иштери боюнча аны күнөөлүү деп тапкан өкүм чыгарган. Ошол эле учурда кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ага жаза дайындалган эмес. Саясатчы УКМКнын тергөө абагында дээрлик жети ай отурган. Кийин, 10-июлда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.
Саясатчыга козголгон эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип каралган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Алардын биринчиси 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу тилкеге байланыштуу протоколго кол коюлушу менен байланышкан. Ал учурда Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеген Мадумаровго алгач "мамлекеттик чыккынчылык" боюнча айып тагылган.
2023-жылдын сентябрында Адахан Мадумаров мамлекеттик чыккынчылык жана алдамчылык боюнча айыпталып кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Иш 2009-жылы, ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда, Тажикстан тарап талаштуу Төрт-Көчө тилкесин ижарага алуу боюнча кол коюлган протоколго байланыштуу болгон.
Президент Садыр Жапаров мурдагы маектеринде бул протокол Баткендеги Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу талашка себеп болгонун билдирген. Мадумаров болсо документтин юридикалык күчү жок деген позициясын карманып келет.
2024-жылдын мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту айыпты "мамлекеттик чыккынчылыктан" "бийликтен аша чабуу" жана "алдамчылык беренелерине" өзгөрткөн. Мадумаров күнөөлүү деп табылган, бирок кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза берилген эмес.
2024-жылдын апрелинде Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Адахан Мадумаровдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, депутаттык мандатынан ажыраткан.
Мадумаров өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, кылмыш иши аны парламенттен четтетүү максатында козголгонун билдирген.
61 жаштагы оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров - "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана бир нече жолу президенттик шайлоого катышкан талапкер. Ал 2010-жылгга чейин мамлекеттик катчы жана Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматтарын аркалаган. 2007-жылы парламенттин төрагасы болуп шайланган. 2010-жылы "Бүтүн Кыргызстан" партиясын негиздеп, анын жетекчиси болгон. 2021-жылы парламентке депутат болуп шайланган.






























