COP17: Дүйнө жаратылышты коргоо боюнча максаттарын аткара алабы?

Published
Окуу убактысы: 5 мүнөт

Элеонора Куленбекова

Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

COP17, Ереван 19-октябрь 2026
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, COP17, Ереван 19-октябрь 2026

Дүйнө өлкөлөрү 2030-жылга чейин жаратылыштын жоголушун токтотууга, бузулган экосистемаларды калыбына келтирүүгө жана планетанын кеминде 30 пайызын коргоого убада берген. Бирок белгиленген мөөнөттүн жарымына жакындаганда, бул максаттарга жетүү үчүн жасалып жаткан иштер жетишсиз экени айтылууда.

19–30-октябрда Армениянын Ереван шаарында өтө турган БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча COP17 саммитинде өлкөлөр ушул милдеттенмелердин аткарылышын биринчи жолу глобалдык деңгээлде баалашат.

Дүйнө жаратылышты коргоого кандай убада берген?

2022-жылы декабрда Канаданын Монреаль шаарында 190го жакын өлкө жаратылыштын жоголушун токтотуу жана анын абалын жакшыртуу боюнча жалпы макулдашууга жетишкен. Куньмин–Монреаль глобалдык биологиялык ар түрдүүлүк алкагы деп аталган бул документте төрт жалпы максат жана 23 милдет белгиленген.

Алардын негизгилери - 2030-жылга чейин кургактыктын, ички суулардын жана деңиздердин кеминде 30 пайызын коргоого алуу жана бузулган экосистемалардын 30 пайызын калыбына келтирүү.

"Биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу бардык өлкөлөргө, экономикага жана коомго таасирин тийгизет. Мындан эч ким четте калбайт. Ошол эле учурда жаратылышты коргоо боюнча аракеттер өз натыйжасын берери да айкын. Алдыдагы күндөрү силер Конвенциянын, ошондой эле Картахена жана Нагоя протоколдорунун алкагындагы 50дөн ашык маселени талкуулайсыңар. Силер кабыл ала турган чечимдер мындан аркы иш-аракеттердин багытын аныктап, алдыга карай туура жолду көрсөтүшү керек",- деди Астрид Шомакер, БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын аткаруучу катчысы, 19-октябрдагы пленардык жыйында.

COP17, Ереван 19-октябрь 2026
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, COP17, Ереван 19-октябрь 2026

Бирок максаттарды кабыл алуу менен аларды ишке ашыруунун ортосунда айырма бар. Еревандагы COP17де дүйнөлүк прогресс биринчи жолу комплекстүү бааланып жатат.

Кыргызстан бул максаттарга жетүүдө кайсы баскычта?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Куньмин–Монреаль глобалдык биологиялык ар түрдүүлүк алкагы деп аталган бул документте ылайык, Кыргызстанда дагы 2030-жылга чейин өз аймагынын 30 пайызын өзгөчө коргоолуучу аймактарга которуу боюнча иштер жүрүп жатат. Биз эгер Кыргызстандагы жаратылыш парктарын, өзгөчө корголгон коруктарды, заказниктерди кошкондо, 30 пайыздык милдеттенменин 7 пайызына чыгабыз",- деди Би-Би-Сиге Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун Алмаз Мусаев.

Ал Ереванда бул глобалдык саммитте кыргыз делегациясын жетектөөдө. Анын айтымында, соңку жылдары Кыргызстан биоартүрдүүлүктү коргоо боюнча масштабдуу долбоорлорду баштады:

"Ысык- Көл менен Нарынды бириктирген 700 миң гектарга жакын жерди экологиялык корридор кылып жатабыз. Чаткал менен Таласты бириктирген дагы бир экологиялык коридор уюштурулду. Чоң-Алай жана Кара-Кулжаны бириктирчү экологиялык коридордун үстүндө иштеп жатабыз. Баткен облусунда "Арка" деген өзгөчө коргоолуучу аймак ишке киргени жатат. Ош облусунда Чоң-Алай жаратылыш паркын курганы жатабыз. Бул геопарктардын барын кошсок көрсөткүчүбүз 11 пайыздан ашык болот".

Кыргызстандагыдай эле башка бир нече өлкөлөр дагы 30 пайыздык максатка жай темп менен бет алууда.

COP17нин алдында жарыяланган баалоого ылайык, азыркы темп сакталса, 2030-жылга карата кургактыктын болжол менен 27 пайызы, ал эми океандардын 12 пайызы гана корголушу мүмкүн. Бул эки багытта тең 30 пайыздык максатка жетүү үчүн кошумча чаралар керек экенин даана болуп калды.

COP17де кандай маселелер каралат?

Өлкөлөр Биологиялык артүрдүүлүк жөнүндө конвенциянын алкагында эки жылда бир чогулуп, глобалдык максаттарды ишке ашыруунун жолдорун талкуулашат.

COP17 саммитинин маанилүү темасы бул - генетикалык маалыматтарды колдонуудан түшкөн пайданы адилеттүү бөлүштүрүү.

Бул максатта 2025-жылы Калли фонду түзүлгөн. Ал генетикалык тизмектер тууралуу санариптик маалыматтарды коммерциялык максатта колдонуп, пайда тапкан компаниялардын салымдары аркылуу жаратылышты коргоого кошумча каражат тартууга багытталган. Фонддон түшкөн каражаттын кеминде 50 пайызы жергиликтүү жана түпкү элдердин муктаждыктарына бөлүнүшү каралган. Азырынча фонддо каражат дээрлик жок болгондуктан, аны ишке киргизүү үчүн өлкөлөр кошумча чараларды макулдашуусу керек.

Дагы бир маанилүү жагы - жаратылышка зыян келтирген ишмердикти колдоого бөлүнгөн субсидияларды жылына 500 миллиард долларга кыскартуу. Себеби, жаратылышка зыян келтирген иштерге берилген каржылык колдоо, тескерисинче, көбөйгөнү белгиленүүдө. Ошондуктан өлкөлөр каржылык колдоону өзгөртүү жана бул маселени чечүү боюнча план иштеп чыгуу жолдорун карашат.

Жаратылышты коргоону каржылоо да саммиттин күн тартибиндеги негизги темалардын бири. 2030-жылга чейин бул максаттарга жыл сайын 200 миллиард доллар бөлүү, анын ичинде мамлекеттик каржылоону жылына 30 миллиард долларга жеткирүү каралган. Өлкөлөр бул көрсөткүчтөргө жетүү үчүн аралык максаттарды белгилеп, каржылоонун жаңы жолдорун талкуулашы керек.

Кыргыз делегациясы дагы COP17де жаратылышты коргоого бөлүнгөн каржылоону адилеттүү бөлүштүрүү маселесин көтөрүүнү көздөп жатат.

Кыргызстан үчүн биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо тоо экосистемаларын, суу ресурстарын, токойлорду жана жайыттарды коргоо менен байланыштуу.

Жаратылыштын абалы эмне үчүн маанилүү?

Жаратылыштын жок болушу жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн азайышы менен эле чектелбейт. Ал адамдардын азык-түлүгүнө, таза сууга, кирешесине жана жашоо шарттарына да таасир этет.

2024-жылы жарыяланган глобалдык баалоодо 1970–2020-жылдары байкоого алынган жапайы жаныбарлардын популяциясынын орточо көлөмү 73 пайызга азайганы көрсөтүлгөн. Бул маалымат 5 500дөн ашык түргө тиешелүү. Бирок бул бардык жаныбарлардын саны 73 пайызга азайды дегенди билдирбейт: көрсөткүч байкоого алынган популяциялардын орточо өзгөрүшүн чагылдырат.

Дүйнөдө токойлордун чоң аянттары да кыйроого кириптер болууда. 1970-жылдан бери саздак жерлердин 35 пайызы жоголгону айтылат. Мындай экосистемалар сууну сактоодо, жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн камсыз кылууда жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууда маанилүү роль ойнойт.

Жаратылышка келтирилген зыян адамдардын тиричилигине да түз таасир этет. Мисалы, майда масштабдагы балык чарбалары дүйнөлүк балык уулоонун олуттуу бөлүгүн камсыз кылат жана көптөгөн үй-бүлөлөрдүн киреше булагы болуп саналат. Ал эми токойлордун кыйылышы айрым аймактарда жаан-чачындын азайышына таасир этип, айыл чарбасын кыйындатышы мүмкүн.

Суунун тартыштыгы, катуу ысык жана токой өрттөрү азык-түлүктүн баасына жана жеткиликтүүлүгүнө да таасир тийгизет. Ошондуктан экосистемаларды сактоо экологиялык маселе гана эмес, экономикалык жана социалдык мааниси бар милдет болуп эсептелет.

Кыргызстан кандай жыйынтыкка жетти?

Глобалдык максаттардын аткарылышы Кыргызстан үчүн да маанилүү. Өлкөдө жаратылышты коргоо боюнча мурдагы иш-чаралардын жыйынтыгы Жетинчи улуттук докладда берилген.

Докладга ылайык, 2014–2024-жылдардагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча иш-чаралар планында 10 конкреттүү чара белгиленип, алардын 80 пайызы аткарылган.

Өлкөдө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы да кеңейтилгени айтылат. Докладда 56 корголуучу аймактын жалпы аянты 2,25 миллион гектардан ашары жана бул өлкөнүн аймагынын 11,25 пайызына туура келери көрсөтүлгөн.

Бирок, көз карандысыз эксперттер Кыргызстанда соңку жылдары чакан ГЭСтерди куруу боюнча иши долбоорлор башталып, жаңы жолдор салынып, алтын кендери казыла баштаганын жана дайым эле био ар түрдүүлүк эске алына бербегенин айтып жатышат.

"Чакан ГЭСтер курулган аймактарда биоартүрдүүлүк толугу менен талкаланып жатат. Анын таасири кандай болот деп алдын ала баалоо жок болууда. Формалдуу түрдө бар, бирок иш жүзүндө ири инфраструктура долбоорлорунун таасири кандай болот деп алдын ала изилдөө жок болууда. БУУнун Биоартүрдүүлүк боюнча конвенциясында Кыргызстан биоартүрдүүлүк боюнча hot spot деп аталат эле. Бирок азыр изилдеп чыгышса андай болбой калды. Бизде мурда Кызыл Китепке киргизилбеген көп жаныбар жана өсүмдүктөрдү эми сейрек деп аташ керек болуп калды", - деди атын атагысы келбеген жергиликтүү эколог.

Ал буга чейин өлкөдөгү уран казууга уруксат берүүгө каршы чыккан активисттер кармалып, камалгандан кийин өкмөттүн иш-аракеттерин ачык сындагандан кооптонуп жатканын айтып, түшүндүрдү.

Бирок ал арада, Кыргызстандын көрсөткүчтөрүндө белгилүү бир прогресс бардай көрүнөт. Бирок пландагы чаралардын аткарылышы жаратылыштын абалы толугу менен жакшырды дегенди билдирбейт. Муну баалоо үчүн сейрек кездешүүчү жаныбарлардын популяциялары, токойлордун абалы, экосистемалардын калыбына келишина тыкыр көзөмөл керек. Ал эми бул каражатты талап кылат.

Кыргызстандын Кызыл китебине жоголуп бара жаткан жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын 115 түрү киргизилген. Алардын арасында канаттуулардын 57, сүт эмүүчүлөрдүн 23, жерде-сууда жашоочулардын 2, сойлоочулардын 8, балыктардын 7 жана муунак буттуулардын 18 түрү бар. Мындан тышкары, Кызыл китепке жогорку өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын 89 түрү киргизилген.

Кыргызстан дүйнөдөгү кургактыктын 0,3 пайызын гана ээлейт. Бирок өлкөдө дүйнөлүк биологиялык ар түрдүүлүктүн 3 пайызы бар экени айтылат.

Бул материал Informed Earth уюму жана Internews'тун Earth Journalism Network тармагы менен биргеликте уюштурган 2026-жылдагы БУУнун Биологиялык артүрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын COP17 стипендиялык программасынын алкагында даярдалды.