Тосуп калуучу дрондордун доору бүтүп баратат: алардын ордуна эмнелер келет?

Сүрөттүн булагы, UNIAN
- Author, Олег Черныш
- Role, Би-Би-Си Украин кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Соңку жылдары украиналык ноу-хау, мультиротордук дрондор бара-бара актуалдуулугун жоготуп баратат. Алар азыр да кээде орусиялык реактивдүү дрондорду атып түшүрө алышат, бирок бул технология өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегине жетип, Киевди жаңы чечим издөөгө мажбур кылып жаткандай.
P1SUN, Sting, Octopus, "Генерал Черешня" жана Litavr сыяктуу тосуп калуучу дрондор Украинанын коргонуу өнөр жай комплексинин визиттик карточкасына айланып калган эле. Мисалы, 2026-жылдын жазында Иранда согуш башталгандан кийин Ирандын чабуулдарынан жапа чеккен Жакынкы Чыгыштагы монархиялар ушул тосуп калуучу дрондорду өтө көп көлөмдө сатып ала башташты.
Украинада бул каражаттар "Герань-2" деп аталган "шахиддердин" орусиялык версиясынын коркунучун дээрлик жокко чыгара алды.
"Герань-5тин" ылдамдыгы саатына 150-200 чакырымды түзгөндүктөн, саатына 250-300 чакырымга чейин ылдамдыкты багындыра алган украиналык тосуп калуучу дрондоруна оңой олжо болуп келген.
2026-жылдын жайында Орусия реактивдүү кыймылдаткычы бар "герандарды" жапырт түрдө учура баштаганда, тосуп калуучу дрондор иш жүзүндө алсыздыгын көрсөттү. Анын үстүнө, алар өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинен аша албаганы белгилүү болду.
Эмне үчүн мындай болду жана мындан ары эмне кылуу керек?
Реактивдүү коркунуч
Орусия бензин менен иштеген "шахиддерден" толугу менен баш тарткан жок жана жаңы реактивдүү моделдер менен катар суткасына ондогон ушундай "шахиддерди" учурууда.
Мындай "шахиддер" жаңы моделдерге караганда арзаныраак болгону менен, бутаны жок кылуу үчүн алар көбүрөөк санда болушу керек, себеби аларды абадан коргонуу каражаттары менен атып түшүрүү оңой.
Мисалы, Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү булактар Би-Би-Сиге билдиргендей, бир май куюучу жайды жок кылуу үчүн душман бир реактивдүү дрондун ордуна 10го чейин кадимки "шахидди" колдоно алат.
Ушундан улам Украинанын борбор калаасынадагы же батышындагы маанилүү буталарга Орусия реактивдүү "шахиддер" менен кол салууга аракет кылып жатканы таң калыштуу эмес.
Бул үчүн Орусия негизинен "Герань-4" (Shahed-238 базасында жасалган) жана "Герань-5" (Ирандын Karrar дронунун аналогу катары жасалган) моделдерин колдонуп келет. Алардын ылдамдыгы кадимки "шахиддерге" караганда 2-3 эсе жогору болуп, саатына 350-450 км, айрым учурларда 500-600 километрди түзөт.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ылдамдыктан тышкары, реактивдүү дрондордун учкан бийиктиги да жогорулады. Мурда ал 3-4 км болсо, азыр 5-8 километрге чейин көбөйдү.
"Герандарга" каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу каражаты – бул кыйратуучу авиация. Украина бул үчүн өзүнүн F-16 учактарын колдонуп, "герандарды" "аба – аба" классындагы ракеталар же 20 миллиметрлик замбирек менен жок кылууда.
Украина жакын арада жок кылынган дрондордун үлүшүн 90-95 пайызга чейин жеткире алары күтүлүп жатат.
Бирок бир көйгөй бар.
Украин бийлигинин маалыматы боюнча, Орусия өзүнүн реактивдүү дрондорунун кийинки модификациясын даярдап жатат.
Алардын ылдамдыгы саатына 700-800 километрге чейин көбөйөт деп күтүлүүдө.
"Герандар" өзүнүн мүнөздөмөлөрү боюнча канаттуу ракеталарга көбүрөөк окшошууда жана тосуп калуучу дрондор үчүн кыйла татаал бутага айланат.
Украиналык дрондордун көпчүлүгү орусиялык камикадзе-дрондорду жок кылуу үчүн оптималдуу деп табылган бир аэродинамикалык схема боюнча куралган.
Кеп ракета сымал корпусу, төрт винти жана электр кыймылдаткычтары бар Tailsitter мультиротордук учкучсуз учактары жөнүндө болуп жатат. Мындай конструкция дрондорго тик учуп, конуусун камсыз кылат, бул айрыкча талаа шартында ыңгайлуу болот. Мындан тышкары, ал учкучсуз аппаратты ыңгайлуу башкарууга жана чабуулдун алдында аны тездетүүгө мүмкүндүк берет.
Бул тосуп калуучу дрондордун акыркы моделдеринин ылдамдыгы саатына 300-400 км түзөт, алар 3-5 км бийиктикте иштей алышат.

Сүрөттүн булагы, KREMLIN
Мындай жыйынтыкка орусиялык дрондун ылдамдыгын азайтуу менен гана жетише алышты. Ушундай шартта да жети-сегиз украиналык тосуп калуучу дрондун бирөө гана ийгиликке жетишкен.
Бул жерде бир көйгөй бар: саатына 400 километрден ашык ылдамдыкта мультиротордук коптердин конструкциясы артыкчылыкка эмес, тоскоолдукка айланып калууда. Ал анын ылдамдыгын жогорулатууга бут тосууда.
Тосуп калуучу дрон адатта орусиялык дронду кууп жетүүгө туура келерин эске алсак, анын ылдамдыгы андан да жогору болууга тийиш.
Бирок мындай ылдамдыкта операторго бутаны өз убагында аныктоо жана кармап калуу оор болот. Ошондуктан бул процесс мүмкүн болушунча автоматташтырылышы керек.
"Эгерде каршы багыттагы буталарды кармоо үчүн жеткиликтүү жумушчу чечим пайда болсо, бул абадан коргонуу системасынын ишиндеги каражаттардын тең салмактуулугун түп-тамырынан бери өзгөртөт", - деп билдирди Би-Би-Сиге "Дикие шершни" компаниясынын өкүлдөрү. Бул компания кыйла натыйжалуу Sting (реактивдүү дрондор менен күрөшүүчү версиясы Sting S деп аталат) тосуп калуучу дрондорун чыгарат.
Компания мындай чечимдин үстүнөн иштеп жатышканын билдирди.
Жаңы тосуп калуучу дрондор
Биринчи кезекте алардын корпусунун формасы башкача болот. Мындан ары коптерлер эмес, учак тибиндеги учкучсуз учактар болот.
"Саатына 400 километрден ашык болсо, анда кичинекей реактивдүү учактарды жасашы керек. Мунун үстүнөн баары, анын ичинде биз дагы иштеп жатабыз", - деди Акопян.

Сүрөттүн булагы, Security Service of Ukraine
Коргоо министри Евгений Хмара жана президент Владимир Зеленский "Барс" учкучсуз учагын макташууда.
Бул ракета-дрон 2025-жылы эле жасалган, бирок башында Орусиянын аймагындагы алыскы буталарга сокку уруу максатын көздөгөн. Анын учуу аралыгы болжол менен 1000 км, ал эми ылдамдыгы саатына 700 км түзөт.
Сыягы, быйыл өндүрүүчү компания аппаратты коргонуу милдеттери үчүн да модификациялаган окшойт.
Тосуп калуучу дрон катары "Барс" жогорку натыйжалуулугун көрсөттү.
"Аскер бөлүктөрүнүн бири "Барс" менен абадагы беш бутаны жок кылган. Башкача айтканда, натыйжалуулук 100% болду. Азыр бул тажрыйба изилденүүдө жана масштабы кеңейтилмекчи, ишке кошумча адистер жана бөлүмдөр тартылууда", - деди Хмара.

Сүрөттүн булагы, NV.ua
Өз кезегинде президент Зеленский бул аппараттар Германия менен биргеликте өндүрүлүп жатканын жана жакын арада Украина ушундай дагы 2 миң аппаратты аларын билдирди.
Аба күчтөрүнүн кол башчысынын орун басары Юрий Черевашенконун айтымында, октябрь айынын башына карата Украинанын 20 ишканасы реактивдүү тосуп калуучу дрондорду чыгарууда.
14 ишканада даяр дрондор бар жана аларды сыноодон өткөрүп жатышат.
Эң орчундуу көйгөй – учкучсуз учуучу аппараттар үчүн зарыл болгон чакан турбореактивдүү кыймылдаткычтар.
Орусия бул көйгөйдү Кытайдан жапырт түрдө алдырып чече алды, мындан тышкары өз өндүрүшүн да жолго койду.
Украина азырынча керектүү көлөмдө жеткирүүгө үлгүрбөй жаткан европалык өндүрүүчүлөргө таянууга аргасыз болууда.
"Реактивдүү кыймылдаткыч – учурда биз үчүн эң чоң көйгөй. Реактивдүү кыймылдаткычты өндүрүүчү өлкөдөн жеткирүү үчүн көп убакыт, бир нече ай талап кылынат. Бул кыймылдаткычтар дайыма эле келе бербейт, себеби аларды өндүрүүчү өлкөдөн жеткирүүгө чектөөлөр же чек ара аркылуу ташуу үчүн документтерди тариздөөдө бюрократиялык маселелер бар", - дейт Аба күчтөрүнүн кол башчысынын орун басары.
Коргоо министри Евгений Хмара Украина өз өндүрүшүн жолго коюуга аракет кылып жатканын белгиледи.
Башка варианттар
Тосуп калуучу дрондорду өнүктүрүүнүн чегине жеткенден кийин украиналык өндүрүүчүлөрдүн бир бөлүгү башка багытка — арзан чакан ракеталарды жасоого өтүштү.
Орусия согуш башталгандан бери бул багытка басым жасап, украиналык учкучсуз учактардын чабуулдарын кайтаруу үчүн биринчи кезекте "Панцирь" комплексинин зениттик башкарылуучу ракеталарын колдонуп келатат.
Би-Би-Си өз булактарынан маалымат алгандай, украиналык дрон өндүрүүчү ири компаниялардын бири классикалык тосуп калуучу дрондордун ордуна дал ушундай куралдарды өндүрө баштады.
Башка өндүрүүчүлөр да бул багытка көңүл буруп жатышат.
Мунун логикасы бар.
Реактивдүү учкучсуз учуучу аппараттар өз мүнөздөмөлөрү боюнча канаттуу ракеталарга канчалык окшошуп жатса, аларга каршы зениттик ракеталардын жардамы менен күрөшүү керектиги ошончолук айкын болуп баратат.

Сүрөттүн булагы, Ministry of Defence of Ukraine
Зеленский бул темага комментарий берип жатып, учурда сыноодон өтүп жаткан "Ника" ракетасы тууралуу айтып берди.
Бул долбоордун чоо-жайы азырынча белгилүү эмес.
Президенттин божомолу боюнча, программанын жыйынтыгы жакын арада белгилүү болот. Ийгиликтүү болгон учурда өндүрүштүн масштабы кеңейтилмекчи.
Орусиянын реактивдүү "шахиддерине" каршы чараларды издөө натыйжалуулук маселесине гана байланыштуу эмес. Украина үчүн көбүрөөк экономикалык максатка ылайыктуулугу да маанилүү. (ZMa)

































