"Саясий өңүтү жок". Ички иштер министри Сыймык Жапыкеев боюнча түшүндүрмө берди

Жапыкеев
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Ички иштер министри Улан Ниязбеков мурдагы прокурор Сыймык Жапыкеевдин билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди. Министр Жапыкеевдин айткандары чындыкка дал келбей турганын билдирди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

ИИМ башчысынын айтымында, окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Сыймык Жапыкеев достору менен бирге спирт ичимдиктерин ичип жатканын аныкташкан.

"Ал саат 22:00дөн кийин тынчтыкты сактоо боюнча бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ызы-чуу чыгарган. Ушуга байланыштуу жаран Жапыкеев Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, юридикалык баа берүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Бул окуянын саясий өңүтү жок. Жаран Жапыкеев бүгүн "Кыргызтесттен" өтүүнү каалаган күндө да, мас абалында тест тапшырууга мүмкүн эмес. Бардык жагдайлар мыйзам чегинде каралат. Коомчулуктан бул маалыматты туура кабыл алып, такталбаган маалыматтарды таратпоону суранам",- деген ИИМ башчысы.

Бир нече саат мурун Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы да билдирүү тараткан.

Анда мурдагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев коомдук тартипти бузуу фактысына байланыштуу милицияга жеткирилгени айтылган.

Милициянын маалыматы боюнча, 2026-жылдын 19-октябрына караган түнү саат 02:11 чамасында Бишкек шаарындагы Жаманбаев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде тынчтыкты бузуу фактысы боюнча "102" кызматына билдирүү түшкөн.

Арыз ээсинин айтымында, кошунасы ызы-чуу салып, кыйкырып, жашоочулардын тынчын алышкан.

Бул факты Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 1977-жылы туулган С. Ж. аттуу жаранды аныкташкан. Алдын ала маалыматка ылайык, ал катуу алкоголдук мас абалында болгон. Жаран кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, сөгүнгөн",- деген Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы.

Кийинчерээк ал Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын № 5 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда бул факты боюнча тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул окуяга байланыштуу видео социалдык тармактарга да тарады. Анда Сыймык Жапыкеевдин милиция кызматкерлерине баш ийбей сөгүнүп жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин Кыялбек Матаев аттуу жаран Сыймык Жапыкеевдин милиция бөлүмүндө тартылган видеосун жарыялаган.

Видеодо Жапыкеев 19-октябрга караган түнү үйүнөн милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, бөлүмгө жеткирилгенин айткан.

"Арыз жазды деп ыкчам топ алып кетти. Сегиз сааттан бери милицияда отурам. Эч ким эч кандай түшүнүк алган жок. Бүгүн "Кыргызтестке" барышым керек эле. Эмне кылдым силерге, эмне тартип буздум,- десем эч ким билбейт. Министр ойгонсун, анан чечет дешти. Бул эмнедеген акмакчылык? Мына, мени үйгө кийген бут кийимим менен алып келишти. Ушинтип отурсам, кантип президенттикке талапкерлигимди коём?"- деген Жапыкеев видеодо.

2026-жылдын сентябрында Сыймык Жапыкеев 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирген. Бирок ал жакында эле мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тест тапшырып өтпөй калган.