Президент Жапаров казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязовдун айткандарына жооп берди

Жапаров
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязовдун айткан билдирүүлөрүнө жооп берди. Мамлекет башчысы 2020-жылы Аблязов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн ырастап, бирок маек эки мүнөткө гана созулганын жана андан акча сурабаганын билдирди. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына берген маегинде айтты.

Жапаровдун айтымында, ал Аблязов менен буга чейин тааныш болгон эмес. 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин Аблязов менен анын өтүнүчү менен бир нече гана мүнөт сүйлөшкөнүн кошумчалады.

"Менин жанымда азыр түрмөдө олтурган Мелис Аспеков деген бала жүрүп калбадыбы. Бир күнү мага келип телефон сунду: "Мухтар Аблязов "сүйлөштүрүп койчу" деп суранып жатат, сүйлөшүп коюңузчу",- деп. Мен эч нерсе оюмда жок эле телефонду алып сүйлөштүм. Ал мени бир-эки мүнөт мактады. "Кыргыздар, азаматсыңар! Үчүнчү революцияны жасадыңар, биз, казактар, эч нерсе кыла албай жатабыз. Ошондуктан сизден бизге жардам берүүнү абдан өтүнөм. Эгер уруксат берсеңер, Бишкекке учуп келип, ошол жерде туруп, Казакстанда революция уюштурам". Дагы бир топ сөздөрү бар, эсимден чыгып калды. Биздин кыргыздын паспорту бар экенин, Атамбаевдин убагында алганын айтып өттү. Кыскасы, аны угуп бүтүп, эки эле сөз менен так кесе жооп бердим: "Биринчиден, мен коңшу өлкөлөрдүн саясатына кийлигишпейм. Экинчиден, сиз үчүн Казакстан менен болгон мамилени бузбайм. Андан көрө келбей эле коюңуз, өз ишиңиз менен алектениңиз",- дедим. Бүттү. Болгону эки эле мүнөт сүйлөшкөнбүз. Сиз сурап жаткандай 40 мүнөт эмес. Аферист болсо айта берет да. Ал убакта 40 мүнөт эмес, 4 мүнөт сүйлөшкөндөй убактым жок болчу. Акча сураган дегени карандай калп. Өзү кайырчылык кылып, казак элинен Франциядагы жеке жашоосуна теңге сурап жүргөн кайырчыдан мени "акча сураган" дегенине ким ишенет. Кайырчыдан акча сурады деген логикага да туура келбейт да. Революция болгон болчу. Бийлик башына эбак эле келип олтуруп калгам. Ал күндөрү акчанын да кереги жок болчу",- деген Жапаров.

17-октябрда "Шумкар" кыймылынын мүчөлөрү уюштурган видео талкууга казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязов да сөз сүйлөгөн.

Аблязов 2020-жылы Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, маек болжол менен 40 мүнөткө созулганын жана ошол учурда Жапаров андан акча сураганын айткан. Ошондой эле ал Кыргызстанга келип, өлкө аркылуу Казакстанга өтүү планы болгонун билдирген.

Аблязовдун айтымында, ал телефондук сүйлөшүү учурунда Жапаровдун келечектеги саясий пландарын түшүнүүгө аракет кылган.

Видеодо Аблязов өлкөдөгү саясий кырдаалды сындап, сөз эркиндиги жана оппозиция өкүлдөрүнүн укуктары боюнча дооматтарын айткан.

Аблязовдун пикиринде, Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелип, оппозиция өкүлдөрү куугунтукка кабылып жатат. Ал өлкөдөгү кырдаалды авторитардык башкаруу катары мүнөздөгөн.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Муктар Аблязов - Казакстандын мурдагы энергетика министри жана бизнесмен, кийинчерээк өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин башкаруусуна каршы чыккан башкы оппозиционерлердин бирине айланган. Аны казак бийлиги жана "БТА Банк" миллиарддаган долларларды мыйзамсыз өзүнө менчиктеп алган деп айыптап, сот сырттан узак мөөнөткө эркиндигинен ажыраткан. Учурда Францияда жашап жаткан саясатчынын "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылы Казакстанда экстремисттик деп таанылып, ишине тыюу салынган.

"Шумкар" - чет өлкөдөгү кыргызстандыктар түзгөн кыймыл. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 12-октябрдагы чечими менен "Шумкар" кыймылынын маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан.

Буга чейин мурдагы ишкер жана мамлекеттик кызматкер Сыргак Кенжебаев "Кумтөрдүн" мурдагы башчысы Тенгиз Бөлтүрүк, активист Самат Кушбек менен бирге "Шумкар" аттуу кыймыл түзүлгөнүн жарыялаган. Алар коомдук сайттарда бийликти сындаган видеолорду жарыялап келишет.

13-октябрда Ички иштер министрлиги Сыргак Кенжебаев жапырт башаламандыкка чакырган деген шек менен кармалып, чет өлкөдөн Кыргызстанга жеткирилгенин билдирген.