You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Трамп Ормуз кысыгындагы "Эркиндик долбоору" токтотуларын билдирди
АКШ президенти Дональд Трамп Перс булуңунда тыгылып калган кемелерди коштоо операциясы Тегеран менен тынчтык келишимин түзүү мүмкүнчүлүгүн баалоо үчүн "кыска убакытка" токтотуларын билдирди. Анын айтымында, дүйшөмбү күнү ишке аша баштаган "Эркиндик долбоору" сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп жаткан Пакистандын, ошондой эле башка өлкөлөрдүн суранычы менен токтотулат.
Трамп Truth Social тармагына бул чечим "зор аскердик ийгиликтерге" жана Иран менен тынчтык келишимине жетишүүдөгү "олуттуу прогресске" байланыштуу кабыл алынганын жазды. "Блокада күчүндө кала бергени менен, "Эркиндик долбоору" (кемелерди Ормуз кысыгы аркылуу өткөрүү) келишимди аягына чыгаруу жана кол коюу мүмкүнбү же жокпу, аныктоо үчүн кыска мөөнөткө токтотулат", - деп кошумчалады ал.
Трамптын билдирүүлөрүнүн фонунда шаршемби күнү Азиядагы сооданын башталышында мунайдын баасы бир аз төмөндөдү.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары операциянын токтотулушу Трамп дүйнөлүк кеме каттамы үчүн өтө маанилүү суу жолун ачуу аракеттериндеги бир катар ийгиликсиздиктерден кийин "артка чегингенин" далилдей турганын билдиришти.
Трамптын билдирүүсү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Ак үйдөгү брифингде февраль айынын аягында башталган "Эпикалык каар" операциясы өз максаттарына жеткенин жана Вашингтон кийинки этапка, тагыраак айтканда, "Эркиндик долбооруна" өтүп жатканын айткандан көп өтпөй чыкты.
"Биз тынчтык жолун тандамакпыз. Президент келишим түзүүнү каалайт", - деди Мамлекеттик департаменттин башчысы шейшемби күнү кечинде. Долбоор тууралуу айтып жатып, Рубио ал өзгөчө коргонуу мүнөзүндө экенин белгиледи. "Бизге биринчи ок атылмайынча, атышуу болбойт", - деп кошумчалады ал.
Буга чейин АКШнын Борбордук командачылыгы кемелерди коштоо операциясына эсминецтер, учактар жана 15 миң аскер кызматкери тартыларын билдирген. Штабдардын башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Дэн Кейн шейшемби күнү Перс булуңунда 1500дөн ашык кеме камалып турганын, алардын бортунда болжол менен 22500 деңизчи бар экенин айткан.
Вашингтондун билдирүүлөрү Ормуз кысыгындагы бир катар чабуулдардын фонунда жасалды - бул ок атышууну токтотуу келишими бузулуп калуу коркунучунда турат деген кооптонууну жаратты. АКШ алардын максаты - тыгылып калган кемелерди Перс булуңунан алып чыгуу экенин билдирди.
Дүйшөмбү күнү Трамп эгер Иран операцияга катышып жаткан америкалык кемелерге кол салууга аракет кылса, "жер бетинен жок кылынарын" билдирген.
Тегеран АКШнын акыркы билдирүүлөрүнө азырынча комментарий бере элек, бирок Иран парламентинин спикери Мухаммед-Багер Галибаф шейшемби күнү АКШ жана союздаштары "ок атышууну токтотуу режимин бузгандыгы жана блокада киргизгендиги үчүн" кысыктагы кеме каттамынын коопсуздугуна коркунуч келтиргенин айткан. "Бирок алардын кара ниет иштери ийгиликке жетпейт", - деди ал.
Шейшемби күнү кечинде Улуу Британиянын деңиз соода операциялары башкармалыгы (UKMTO) өз булактарына таянып, Ормуз кысыгында жүк ташуучу кемеге "белгисиз снаряд" тийгенин кабарлады. Окуя тууралуу толук маалымат азырынча жок.
Шейшемби күнү Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги алардын абадан коргонуу системалары экинчи күн катары менен Ирандын ракеталарын жана дрондорун атып түшүрүп жатканын билдирип, муну кооптуу эскалация деп атады. Иран БАЭге сокку урганын четке кагууда.
"Эпикалык каар" операциясы 28-февралда АКШ менен Израил Иранга бир катар аба соккуларын жасаганда башталган. Тегеран Ормуз кысыгын тосуп салган, ал аркылуу согушка чейин дүйнөлүк мунай жана суюлтулган жаратылыш газынын болжол менен 20% өтчү.