"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун курууда эки жүздөн ашуун турак-жай бузулат

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруунун алкагында 214 турак-жай бузулат. Бул тууралуу 18-майда, Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, бузулчу 214 үйдүн 191и Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, калганы Нарын облусунда жайгашкан. Үйлөрдү баалоо иштери көз карандысыз баалоочу компания тарабынан жүргүзүлүп бүткөн.

"Андан тышкары көз карандысыз компаниянын жыйынтыгына Баалоочулар ассоциациясы рецензия жүргүздү. Алар методология туура колдонулганын, ар бир баалоо туура чыкканын айтты. Ошондон кийин гана тиешелүү документти өкмөткө киргиздик. Учурда компенсацияларды төлөө этаптары жүрүүдө. Адистер учурда Жалал-Абаддын Сузак районунда жүрүшөт. Үймө-үй кыдырып, ар бири менен макулдашууга аракет кылып жатышат. Бирок баары тең эле макул боло койгон жок. Арасында "меники мындай бааланды, тигиндей бааланды" дегендер да бар. Аларды туура түшүнөбүз. Учурда ошолорго түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат",- деди ал.

Долбоор боюнча "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунун Кыргызстандын аймагындагы жалпы узундугу 304 чакырымдан ашат. Маршрут Торугарт - Арпа - Кош-Дөбө - Макмал - Жалал-Абад багыты аркылуу өтөт.

Долбоордун жалпы баасы 4,7 миллиард доллар деп бааланууда. Анын жарымы, болжол менен 2,3 миллиард доллары Кытай тарабынан 35 жылдык насыя катары берилет.

Калган 2,3 миллиард доллар үч өлкө тарабынан каржыланат, анын 51 пайызын Кытай, ал эми Кыргызстан менен Өзбекстан ар бири 24,5 пайыздан каржылайт деп айтылган.

Темир жолдун курулушу 2023-жылдын 27-декабрында башталган. Долбоордун алкагында 50 көпүрө жана 29 туннель курулат. Бул жалпы маршруттун 40 пайызы көпүрө жана туннелдерден турарын билдирет.

Бул темир жол долбоору стратегиялык мааниге ээ экени айтылып келет. Ал Кыргызстандын гана эмес, Борбор Азиянын геосаясий жана экономикалык картасын өзгөртө турган ири долбоор катары сыпатталууда. Ошондой эле Кыргызстандын деңизге чыгуусуна шарт түзүп, өлкө Чыгыш менен Батышты байланыштырган маанилүү транзиттик борборго айланышы мүмкүн экени айтылууда.