You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Президент Жапаров дүйнө лидерлерине кайрылды
Президент Садыр Жапаров дүйнө мамлекеттеринин башчыларына кайрылып, алдыда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоодо Кыргызстандын талапкерлигин колдоого чакырды. 3-июнда БУУда Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу эмес мүчөсү шайланат. Азия-Тынч океан аймагынан кеңештеги бир орун үчүн Кыргызстан менен Филиппин ат салышууда.
Президент Жапаров 17-майдагы кайрылуусунда Кыргызстан Коопсуздук Кеңешине мүчө болууга өзгөчө маани берерин жана аны "жогорулаган жоопкерчилик" катары карарын билдирди.
Ал Кыргызстандын талапкерлиги Борбор Азия мамлекеттеринин бир добуштан колдоосуна ээ болгонун айтып, бул кыргыз тараптын Коопсуздук кеңешинде мамлекеттердин кеңири чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын эске алган позиция менен чыгууга даярдыгын тастыктай турганын белгиледи.
"Биздин өлкө башка алтымыш мамлекет менен бир катарда Коопсуздук кеңешине эч качан мүчө болгон эмес, ал эми биздин атаандашыбыз — Филиппин — буга чейин кеңештин курамына төрт жолу шайланган. Кыргызстандын шайланышы дүйнөлүк коомчулуктун тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө жана бардык өлкөлөргө БУУнун алдыңкы органына шайланууга тең укуктуулукту камсыз кылууга болгон саясий эркинин далили болот", - деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле ал Кыргызстан Коопсуздук кеңеши өзүнүн баштапкы функциясына, анын ичинде чыр-чатактардын алдын алууга негизделген чечимдерди иштеп чыгууга кайтып келиши зарыл деп эсептей турганын кошумчалады.
"Шайланган учурда, биз Коопсуздук Кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жана ачыктыгын андан ары жогорулатууга, глобалдык чакырыктарды жана коркунучтарды чечүү боюнча эл аралык коомчулуктун жамааттык аракеттерине татыктуу салым кошууга убада беребиз", - деди Жапаров.
Кыргызстандын жүйөсү
Мындан тышкары кыргыз президенти дүйнөдө геосаясий атаандаштык күчөгөнүн, эл аралык укуктун универсалдуулугу алсыраганын, чыр-чатактардын келип чыгуу коркунучу күндөн күнгө өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы, анын ичинде Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы куралдуу кагылышуулар эл аралык системаны сынап жатат.
"Дүйнөдөгү болуп жаткан аскерий чыр-чатактарга үч триллиондон ашык АКШ доллары сарпталууда. Бул өлчөмдөгү каражаттар бүткүл адамзатка татыктуу жашоону камсыз кыла алмак. Эгерде бул чыгымдар планетаны жашылдандырууга жана айрым өлкөлөрдөгү ачарчылыкты жоюуга сарпталса, анда планетабыз гүлдөгөн бакчага айланмак. Мындай шарттарда БУУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин курамында инклюзивдик жана адилеттүү өкүлчүлүгүнүн болушу, ошондой эле бул кеңештин бүткүл эл аралык коомчулуктун атынан чечим кабыл алуучу орган катары өзүнүн легитимдүүлүгүн сактап калуу жөндөмдүүлүгү биринчи планга чыгууда", - деди Жапаров.
Ошондой эле президент Жапаров жекшембидеги кайрылуусунда Кыргызстан бири-бири менен тирешип жаткан геосаясий блокторго тартылбаганын, бул жагдай Коопсуздук кеңешиндеги поляризацияны азайтууга жана диалогду калыбына келтирүүгө көмөкчү болорун да айтты.
Ал Кыргызстандын чек ара талаштарын чечүүдө тажрыйбасы бар экенин, өз өлкөсү парламентте аялдарга эң көп орун берген мамлекетке айланганын кошумчалады.
Жапаров Кыргызстандын глобалдык алкактагы экологиялык демилгелерин, өзөктүк куралдан баш тартуу сыяктуу эл аралык маселелердеги туруктуу позициясын да эске салып, расмий Бишкек Ооганстандагы кырдаалга да көңүл бура турганын белгиледи.
"БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланып өтүп калсак Кыргыз Республикасы Коопсуздук Кеңеште прагматикалык, саясатташтырылбаган жана туруктуу чечимдердин жактоочусу катары иш алып барат. Биздин артыкчылыктуу багыттарыбыз төмөнкүлөрдү камтыйт: алдын алуучу дипломатиянын ролун күчөтүү; ортомчулук механизмдерин өнүктүрүү; куралдарды жайылтпоону жана өзөктүк куралсызданууну илгерилетүү; климат менен коопсуздуктун ортосундагы өз ара байланышты институтуциялаштыруу", - деди Жапаров.
Туруктуу эмес мүчөлөр кандай шайланат?
Коопсуздук кеңеши Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка жооптуу органы. Ал жалпысынан 15 мамлекеттен турат. Алардын бешөө - АКШ, Орусия, Кытай, Франция, Улуу Британия - кеңештин туруктуу мүчөлөрү. Калган 10 мамлекет эки жылга шайланат. Жыл сайын Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу эмес мүчөсүн шайлоо өтөт.
Кеңештин туруктуу эмес мүчөлөрүн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассемблеясы жашыруун добуш берүү аркылуу тандайт. Жеңүүчү өлкө добуш берүүгө катышкан БУУга мүчө мамлекеттердин үчтөн экисинин добушуна ээ болушу кажет.
Кыргызстан президент Роза Отунбаеванын тушунда БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгү үчүн ат салышкан. 2011-жылдын күзүндө өткөн шайлоодо Кыргызстан Пакистанга утулуп калган эле.
БУУнун маалыматына ылайык, дүйнөдөгү 50дөн ашуун мамлекет Коопсуздук кеңешине бир дагы жолу туруктуу эмес мүчө болуп шайланып көргөн эмес.
Борбор Азиядан Казакстан гана 2017-2018-жылдары Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болгон.
3-июндагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен шайлана турган өлкөлөр Коопсуздук кеңешинде 2027-2028-жылдары иш алып барат.