Кыргызстан Жетим-Тоо кенин иштетүү үчүн инвестор караштырууда

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстандагы эң ири жаратылыш байлыктарынын бири болгон Жетим-Тоо темир кенин иштетүү боюнча инвестор кароо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө, депутат Кубанычбек Самаков Кумтөрдөн кийинки эле ири кен Жетим Тоо экенин айтып, учурда кандай иштер жүрүп жатканын сурап кызыкты. Ал геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн лицензия 2023-жылы эле берилгенин эске салды.

Геологиялык кызматынын директорунун орун басары Руслан Калиловдун айтымында, чалгындоо иштери дале уланып жатат. Кен тилкесинде жалпы аныкталган алты участок бар. Ал жердеги руда запасы болжол менен 5 миллиард тонна деп бааланууда.

Мындан тышкары, болжолдуу жана баланстык запастар да эсепке алынууда. Геологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө С2 категориясы боюнча 2 миллиард тоннадан ашуун руда аныкталганы белгиленди.

"Техникалык долбоорлоо иштери жүргөн. Жалпысынан алты участок боюнча долбоор даярдалып, алардын ичинен бир участок боюнча толук долбоор иштелип чыккан. Учурда үч экспертизадан экөөсү аяктап, бирөө гана калды. Бардык долбоорлоо жана экспертиза иштери мамлекеттик деңгээлде жүрүп жатат. Экспертизалар толук аяктагандан кийин гана инвестор менен биргелешип иш алып баруу пландалууда",- деди ал.

Жыйын учурунда депутат Махабат Мавлянова мамлекет өзү инвестиция салып, кенди өзү иштетүү мүмкүнчүлүгүн да карашы керек экенин белгиледи.

"Кумтөр" кенин мамлекет өзү иштетип, жакшы пайда көрүп жатат. Жетим-Тоо дагы бир ири компанияга берилип кетсе, алар пайдасын көрүп бат эле чыгып кетиши мүмкүн. Анын үстүнө 30 пайыз деген аз эле үлүш. Аны руда түрүндө сатпай, кайра иштетүүчү заводдорду да куруп, мамлекет өзү иштетсе жакшы болот",- деди ал.

"Жетим-Тоо" Кыргызстандын Нарын облусунда жайгашкан ири темир кени катары белгилүү. Ал жакта чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 2023-жылы лиценция берилген.

Жетим-Тоо кенин Курманбек Бакиев өлкөнү башкарып турганда анын уулу Максим Бакиев 300 сомго лицензция алып, анын 80 пайызын Кытайдын "Арт Майнинг" компаниясына 25 миллион долларга сатып жиберди деген маалымат элге белгилүү.

2010-жылы бийлик алмашканда Кытай компаниясына берилген бул лицензия жараксыз деп табылган.

2012-2013-жылдары кытай компаниясы сотко берип, лицензиясын кайтарып алууга аракет кылган.