Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамдын иши боюнча сот башталды

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамдын иши боюнча Биринчи май райондук сотунда баштапкы соттук угуу башталды. 18-майда башталган сот жараяны жабык өтүп жатат.

Өткөн жумада сегиз адамдын иши сотко өткөрүлгөнү жана алар бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө, кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталып жатканы белгилүү болгон. Алардын катарында Ташиевден тышкары Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы депутат жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, экс-депутат жана мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат, мурдагы вице-премьер министр Аалы Карашев.

Сот жабык өтөрү айтылган.

Ташиевдин тарапташы, "Регион" телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов сотко байланыштуу маалымат жарыялады. Бул тууралуу ал 18-майда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Урматтуу мекендештер, мага социалдык тармактар аркылуу келип жаткан суроолордун, кайрылуулардын көптүгүнө жана маанисине карата, ар бир адамга жазып убарагерчилик кылбастан жалпы жооп жазып койгонум туура деп ойлойм.

УКМКнын мурдагы төрагасы урматтуу Камчыбек Кыдыршаевичке байланыштуу сот иштери жүрүп баштаганын баарыбыз билебиз. Бул жараян бир гана мыйзам чегинде, адилеттүү болоорун жана анын жыйынтыгы менен гана буга чейин айтылган ар кандай сөздөргө чекит коюлаарын урматтуу Президентибиз Садыр Жапаров да белгилеп айтканынан кабардарбыз.

Андыктан, ар кандай бүдөмүк, такталбаган жана провокациялык мүнөздөгү ушак деңгээлиндеги сөздөргө көңүл бурбастан жана азгырылбастан, генерал-полковник Камчыбек Кыдыршаевич өзү да ар дайым айтып келгендей, тынчтык жана ынтымак, биримдикти, өлкөбүздө туруктуулукту көздүн карегиндей сакташыбыз керек", - деди Өткүрбек Рахманов.

Камчыбек Ташиев өзүнө кылмыш иши козголгонун 29-апрелде ырастап, сотто акталарына ишенерин билдирген.

"Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана АЛЛАХым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн", - деп билдирген Ташиев.

Апрель айынын соңунда Ташиев менен кошо мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев Ички иштер министрлигине суракка чакырылганы кабарланган. Сурак тууралуу убагында ИИМ маалымат берген эмес.

27-апрелде президент Садыр Жапаров "Кактус.Медиага" курган маегинде Жогорку Кеңештеги саясий интригаларга, "75чилердин катына" Камчыбек Ташиевдин тиешеси-бар жогун сот аныктай турганын айткан.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Ташиевди кызматтан алардын алдында, 9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 киши президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына кайрылуу жолдошкон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.

Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Башмыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү сунушташкан.

ИИМ 9-февралда интернетте тараган мындай маалыматтарга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, беш киши кармалган.

Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп билдирген.

Ал эми кармалгандардын жакындары жана адвокаттары айыптоолорду четке каккан.