Президенттик шайлоого катышуунун талаптары катаалдашы мүмкүн

шайлоо, өкмөттүн басма сөз кызматынын сүрөтү

Сүрөттүн булагы, Official

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Президенттик жана парламенттик шайлоолордо талапкерлер үчүн жаңы чектөөлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору сунушталды. Конституциялык мыйзамга сунушталып жаткан жаңы өзгөртүүлөр талапкерлерге каржылык талаптарды күчөтүүнү, үгүтчүлөрдүн санын кыскартууну жана кол топтоону электрондук форматка өткөрүүнү карайт.

Жаңы мыйзам долбоорго ылайык, жарандар жана саясий партиялар шайлоого катышуу ниетин билдирген документтерди тапшырардан мурда эле шайлоо фондун түзүп, шайлоо күрөөсүн төлөшү керек болот. Эгер бул тууралуу банктын түп нуска менен тастыктама документи жок болсо, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин документтерин кароосуз арка кайтара алат.

Долбоордун негиздеме маалымкатында жаңы өзгөртүүлөр буга чейинки шайлоолордо аныкталган көйгөйлөрдөн улам демилгеленгени айтылат. Алалы, былтыр өткөн Жогорку Кеңешке шайлоолорго катышуу ниетин 589 киши билдирген, бирок алардын ичинен болгону 467си каттоодон өткөн.

56 талапкер, шайлоо күрөөсүн төлөгөнүн тастыктаган документтери жана шайлоо фондусу жок болгондуктан талапкер катары каттоого алынган эмес.

Ошондой эле мыйзам долбоору талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоону электрондук форматта - электрондук кол тамга аркылуу жүргүзүүгө уруксат берүүнү сунуштайт.

Үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу да сунушталууда. Буга чейин президенттик шайлоодо 10 миңге чейин, парламенттик шайлоодо 1 миңге чейин үгүтчүгө жалдоого уруксат эле, жаңы сунушта ар бир шайлоо участогуна үчтөн ашык эмес үгүтчү болууга тийиш.

Мыйзам долбоорун төрага Марлен Маматалиев, депутаттар Дастан Бекешев жана Мирлан Жеенчороев иштеп чыгышкан.