Президенттин мурдагы ыйгарымдуу өкүлү Зиядин Жамалдинов үй камагына чыкты

Зиядин Жамалдинов

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Президенттин Ош облусундагы мурдагы ыйгарымдуу өкүлү Зиядин Жамалдинов үй камагына чыкты. Бул тууралуу маалыматты Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Соттун чечими 1-майда эле чыгып, судья ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн бул тууралуу өтүнүчүн канаттандырганы бүгүн белгилүү болду.

Быйыл 15-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук экс-депутат Зиядин Жамалдиновду 2026-жылдын 10-июнуна чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине (СИЗО-1) камакка алуу боюнча чечим кылган.

Жамалдинов Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" (41-беренесинин 2-бөлүмү) жана "Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо" (263-берене) беренелеринин негизинде шектелип кармалып-камалган.

Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп 2021-жылы июлда дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 14-апрелде Зиядин Жамалдиновду, анын орун басары Данияр Жаныкуловду жана Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоевду ээлеген кызматтарынан бошоткон.

Ага чейин Жамалдиновдун жакындары айыл чарба багытындагы жерлерди менчиктештирип алганы тууралуу маалыматтар жана "өкүлдүн үнү" деген телефон сүйлөшүү соцтармактарга тараган.

Андан кийин бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, облус башчысы болгон Жамалдинов айыл өкмөт, мектеп директорлоруна чейин кысым көрсөтүп, бир тууган агасына жерлерди алып бергени үчүн айыпташкан. Бирок ал өзү мындай дооматтар негизсиз экенин, кызмат абалынан эч качан пайдаланбаганын билдирген.

Көп өтпөй Жамалдиновдун биринчи орун басары Данияр Жаныкуловго түспөлдөш адамдын иш бөлмөсүндө конверт алганы жана акча санап жатканы тартылган тасма соцтармактарга тараган.

Кийин атайын түзүлгөн комиссия Ош облусунун жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерип, мыйзам бузуу фактыларын аныктаганын президенттин басма сөз кызматы билдирген.