Трамп-Си саммити: Ири дөөлөттөрдүн келечектеги алакалары кантип аныкталат?

Солдо Доналд Трамптын баш сүрөтү, ал эми Си Цзинпиндин баш сүрөтү оңдо. Алар экөө тең костюм шымчан. Синин башы кызыл түс менен жасалган
    • Author, Энтони Зурчер
    • Role, Түндүк Америкадагы кабарчы
    • Author, Лаура Бикер
    • Role, Кытайдагы кабарчы
  • Published
  • Окуу убактысы: 7 мүнөт

Бээжиндин Тянанмен аянтында коопсуздук чаралары бир нече күнгө күчөтүлдү. Коомдук желеде атайын парад же кандайдыр бир чоң иш-чара өтөрү жөнүндө сөздөр жүрүүдө.

Бул маанилүү иш-чарага карата даярдыктар акырындык менен башталды. Бирок Кытай АКШнын президенти Доналд Трамп үчүн шоу даярдап жатат окшойт.

Иш сапардын алкагында сүйлөшүүлөр, банкет жана Асман ибадатканасына зыярат пландалган. Аталган жай императорлордун ибадаткана комплексин түзөт жана анда императорлор жакшы түшүм алуу үчүн сыйынышкан.

Трамп дагы, Кытай президенти Си Цзинпин дагы бул иш-сапар түшүмдүү болот деп үмүттөнөт. Дүйнөдөгү эң кубаттуу эки өлкөнүн лидерлеринин бул саммити алдыдагы жылдар үчүн абдан таасири чоң болуп калмакчы.

Си Цзинпин жана Доналд Трамп ак кийимчен жана куралчан кытай аскерлеринин жанынан өтүп баратышат. Си менен Трамп кара костюм шым кийген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул Трамптын 2017-жылдан берки алгачкы сапары

Бир нече айдан бери АКШ-Кытай алакаларына Трамп көп деле артыкчылык бербей келген. Ал Иранга каршы согушка, Батыш жарым шаарындагы аскердик операцияларга жана өлкө ичиндеги маселелерге көңүл буруп келатат. Бирок анын баары бул аптада өзгөрмөкчү. Дүйнөлүк сооданын келечеги, Тайвандагы чыңалуунун курчушу жана алдыңкы технология багытындагы жарыш сыяктуу суроолор алдыңкы планга чыгат.

Экономикалык жактан алганда, АКШ менен көптөн бери уланып келаткан соода согушу жана Ирандагы согуш Си үчүн жаман жаңылык болушу мүмкүн, бирок идеологиялык жана саясий жактан алар тагдырдын белеги жана ал азыр күчтүү абалда экенин сезет.

Бул иш сапар келечектеги кызматташтыктын же балким чыр-чатактын пайдубалын түптөшү ыктымал.

Иранга ортомчу түшөбү?

Иранга каршы согуш үчүнчү айга кирип баратканда Кытай акырын тынчтык орнотуучу катары кадам таштап көрөйүн деп жатат. АКШ-Израилдин Иранга каршы согушунда ортомчулук кылуу үчүн Бээжин Пакистанга кошулду.

Бээжиндеги жана Исламабаддагы расмийлер март айында ок атышууну токтотуу жана Ормуз кысыгын кайра ачууга багытталган беш беренеден турган планды сунушташкан. Парда артында Кытай расмийлери ирандык кесиптештерин сүйлөшүү аянтына кичи пейилдик менен чакырып жатышкан.

Туруктуу үстөмдүктү сактап келатканына карабастан Кытай бул согуштун бүтүшүн күтүп жатканында шек жок.

Өлкө экономикасы жай өсүү жана жумушсуздуктун көбөйүшү менен күрөшүп келатат. Мунай баасынын кымбатташы нефтехимиялык заттар менен жасалган буюмдардын баасына таасир этти. Аларга текстилден тартып пластмассаларга чейин бир топ буюмдар кирет. Кытайдагы айрым өндүрүүчүлөр үчүн баалар 20% чейин өсүп кетти.

Ак көйнөк, жашыл шым кийген аял көрнөктүн жанынан өтүп баратат. Көрнөктөн Трамптын оозун Ормуз кысыгынын элесин берген сүрөт менен тигип койгонун көрүүгө болот

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тегерандагы көрнөктө Трамптын оозун Ормуз кысыгынын элесин берген сүрөт менен тигип койгонун көрүүгө болот

Кытай мунайдын көз кызарткан коруна ээ. Өлкө кайра жаңыртылган энергия булактары жана электромобилдик каражаттар багытында алдыда баратат. Ошондуктан ал мунай кризисинин кескин таасиринен катуу жабыркаган жок. Бирок согуш Кытайдын солгундаган экономикасына сокку уруп жатат, себеби алар экспорттон өтө көз каранды. Ошентсе да эгерде Кытай ортого түшүп, АКШга көмөк көрсөтө турган болсо, анда кызматы үчүн акы алгысы келет.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчинин өткөн аптадагы Бээжинге болгон сапары Кытайдын Жакынкы Чыгыштагы таасирин көрсөткөндөй болду.

АКШ жакындан көз салып турду. "Кытайлар ага айтылышы керек болгон нерсени айтты деп үмүт кылам", – деген АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио. "Кысыкта жасаган ишиңдин натыйжасында дүйнөдө обочолонуп жатасың. Бул жерде сен терс каармансың".

Фабрикада аял оюнчук панданы тигип жатат

Сүрөттүн булагы, VCG via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мунай баасы Кытайдын экспортуна жана текстил өндүрүшүнө олуттуу таасир этти

АКШ Кытайды БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы резолюциясын бөгөттөбөөгө көндүрүүгө аракет кылган. Резолюция Ормуздан өтүп жаткан кемелерге Ирандын кол салуусун айыптайт. Орусия болсо мурдагы сунушка вето койгон.

"Менин оюмча, эгерде биз Иранды сүйлөшүү столуна узак мөөнөткө алып келе турган болсок, Кытай кандайдыр бир ролго ээ экенин АКШ тааныйт дегендик", – дейт Али Уэйн. Ал "Эл аралык кризис тобу" аналитикалык борборунун улук изилдөөчүсү жана АКШ-Кытай мамилелери боюнча кеңешчи.

Трамп болсо Кытайдын Тегеран менен жакын мамилесинен тынчсызданбагандай. АКШ жакында эле Кытайдагы Иран мунайын өндүргөн заводго санкция салган болсо да жаңжал учурунда Кытай тараптан Иранга карата колдоону көп деле этибарга алган жок.

Тайвандын келечеги

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Тайван маселесине келсек, бул боюнча Трамптын администрациясы аралаш билдирүүлөрдү билдирип келатат.

Былтыр декабрда АКШ Тайван менен $11 млрд курал-жарак келишими жөнүндө жар салган. Бул кытай өкмөтүн катуу ачууланткан. Бирок АКШ Тайванды коргой турганын Трамп бекемдеген эмес. Кытай Тайванды өз аймагы деп билет.

"Ал Тайванды Кытайдын бир бөлүгү деп эсептейт", – деген Трамп Си жөнүндө сүйлөп жатып. "Ал кандай кылат, өзү чечет".

Ошондой эле, Трамптын айтымында, Тайван АКШ камсыздаган коопсуздук кепилдиктери үчүн жетишерлик деңгээлде пайда келтирбейт. Трамп кошумчалагандай, Тайван "бизге эч нерсе бербейт". Былтыр ал Тайванга карата 15% тариф киргизип, аралды АКШнын жарым өткөргүчтөрүн уурдап жатат деп күнөөлөгөн.

Өткөн аптада Рудио билдиргендей, күтүлүп жаткан саммитте Тайван темасы да каралган. Ошентсе да бул маселе эки дөөлөттүн ортосундагы жаңы чыңалууга айланып кетпөөсү максат кылынууда.

"Тайванга же Индо-Тынч океан аймагында кырдаалды курчутуп жибере турган эч кандай окуя керек эмес", – деген ал. "Бул АКШ менен Кытай экөөнө тең пайдалуу деп ойлойм".

Тайвандын аскерлери ийиндерине РПГ коюп алып машыгып жатышат

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тайван АКШнын аскердик колдоосуна таянат

Өз кезегинде Кытай бул сүйлөшүүлөрдө Тайванга артыкчылык берерин ишарат кылган. Кытай тышкы иштер министри Ван И өткөн аптада Рубио менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө АКШ "туура тандоо" кылат деп үмүттөнөрүн билдирген.

Бээжин дээрлик күн сайын Тайвандын айланасына согуштук учактарды жана кемелерди жөнөтүп, аскердик басымды күчөтүп келатат.

Айрым талдоочулар кытай расмийлери Тайван боюнча этияттап жазылган 1982-жылдагы келишимдин тилин өзгөртүүнү максат кылып жаткан болушу мүмкүн дешет. Вашингтондун соңку жарыяланган саясаты боюнча, АКШ учурда Тайвандын эгемендигин колдобойт. Бээжин "АКШ Тайвандын эгемендигине каршы" деген бекемирээк тилди сүрөп чыга алабы?

"Президент Си андайга барбайт деп ойлойм", – дейт Жон Делури. Ал Азия коомунун АКШ-Кытай мамилелери боюнча борборунун улук изилдөөчүсү. "Эгерде Трамп түшүнүксүз бир нерсе айтып, Тайвандын капитуляциясы сыяктуу угулуп калчудай болсо, ансыз да ал сөзүн кылдаттап сүйлөбөйт, анда кытайлар ага көп деле маани берүүгө кажет жок экенин билишет. Себеби Трамп бир аптадан кийин эле Truth Social платформасы аркылуу сөзүн төгүндөп коюшу ыктымал".

Соода сүйлөшүүлөрү

2025-жылы АКШ менен Кытай жаңы соода согушуна жакындагандай болушту. Анын кесепети дүйнөлүк экономиканын пайдубалына сокку урмак.

Трамп Американын эң ири соода өнөктөшүнө карата тарифтерди көтөрүп, кайра түшүрүп келген. Кээде тарифтин көлөмү 100% чейин жеткен.

Кытай АКШга сейрек кездешкен жер минералдарынын экспортун кыскартуу менен жана Американын дыйкан чарба өндүрүштөрүн сатып алууну чектөө аркылуу жооп кайтарып турган. Анын таасири Трампка добуш берген штаттардагы фермерлерге тийген.

Трамп менен Си былтыр октябрда Түштүк Кореяда жолугушкандан кийин мамилелер бир топ жибий баштаган. Жогорку соттун февралдагы чечими президенттин тариф боюнча бир тараптуу ыйгарым укуктарын чектеп, Трамптын туруксуз соода инстинктин басууга өбөлгө түздү.

Ошентсе да Трамп менен Си Бээжин саммитинде сүйлөшө турган сөз көп болот. АКШ лидери Кытайды Американын дыйкан чарба өндүрүштөрүн көбүрөөк сатып алууга үндөйт. Кытай дагы АКШны адилетсиз соода практикасы боюнча жакында эле жарыяланган соода териштирүүсүнөн баш тартууга чакырат. Аталган териштирүү Трампка Кытайдын товарларына карата тарифтерди кайра көбөйтүүгө шарт түзөт.

Бул америкалыктар үчүн оңой болбойт. "Кытайдын адилетсиз соода практикасы боюнча бардык териштирүүлөрдөн баш тартуу АКШга оңой болбойт. Анткени бул иш абдан кеңири тараган жана бурмаланган", – дейт Майкл О'Ханлан. Ал Вашингтондогу Брукиңс институтунда Коргонуу жана стратегия бөлүмүнүн башчысы.

Трамптын администрациясы Nvidia, Apple, Exxon, Boeing жана башка ири компаниялардын аткаруучу директорлорун дагы Бээжиндеги саммитке кошо барууга чакырып жатканын Рейтерс маалымдайт.

Кытай азыр соода тармагында мурдагыдай АКШдан көз каранды деле эмес. Бирок Си дүйнөлүк экономикадагы туруктуулук Кытайга керек болгону үчүн бул жолугушуунун жакшы өтүшүн каалайт.

Учурда Кытай 120дан ашуун өлкө менен соода алакасын түзгөн, бирок Си Трамптын иш сапары учурунда өзүнө ашыкча эле ишене бербеши керек экенин билет.

"Иш сапар жакшы өтсө жана Трампка сый-урмат менен мамиле кылынган болсо, анда эки тараптуу мамиледеги чыңалган абал сакталып кала берет. Эгерде Трамп жетиштүү деңгээлде сый-урмат көрсөтүлбөдү деп тапса, анда ал пикирин өзгөртүшү ыктымал", – дейт Райан Хасс. Ал Брукиңс институтунун Кытай боюнча борборунун директору.

AI келечек

Кытай келечекти колго алуу үчүн жарышка түштү. Өлкө жасалма акыл (AI) менен гуманоин роботторго инвестиция жасоодо. Бул Си "жаңы өндүрүш күчү" деп сүрөттөгөн долбоордун бир бөлүгү. Анын оюнча, бул демилге Кытайдын экономикасын алга жылдырат.

Бирок америкалык саясатчылардын көбү Кытайдын расмий саясаты ички индустрияны өнүктүрүү үчүн АКШнын технологиясын толугу менен уурдап алууну же бурмалоону камтыйт. Анын натыйжасында, Америкадагы өндүрүүчүлөрдүн каршылыгына карабастан, мисалы, жаңы микропроцессорлордун экспортуна чектөө киргизилген.

Эки кара AI чиби жанаша турат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул сүйлөшүүлөрдө чип дипломатиясы орчундуу роль ойнойт

Кытай ээлик кылган жана иштеткен популярдуу TikTok коомдук желесинин айланасындагы татаал маселе боюнча АКШ-Кытай үчүн ийгиликтүү чечим табыла элек. Бул багытта айыптоолор жана күмөндөр тынбай айтылып келет.

Маселе DeepSeek сыяктуу Кытай компаниялары Американын AI каражаттарын уурдап жатат деген АКШнын айыптоолорунан кийин ого бетер татаалдашып кеткен.

"AI кансыз согушунун жаңы барагы ачылып жатат", – дейт Брукиңс институтунун Кытай борборунун өкүлү Иңги Ма. "Ак үй Кытайды индустриалдык деңгээлде Американын AI моделдерин уурдап жатат деп айыптады, ал эми Бээжин Manusту сатып алуу боюнча Metaга тоскоол болгону айтылууда. Manus Сингапурда иштеген Кытайдын AI стартабы. Талаштын төркүнү ким кимдин моделин көчүрүп жатканында эмес, алдыңкы AI каражатынын кийинки муунун иштеп чыга турган талантка ээлик кылууда".

Кытайдын роботтору шоу көрсөтүп, кунг-фу бийин бийлей алат жана Бээжин марафонунда адамдарга караганда тезирээк чуркайт.

Кара, ак жана сары роботтор үч катар болуп тизилип баратышат, адамдар тамаша кылып турушат

Сүрөттүн булагы, VCG via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мушташ өнөрүнө ээ болгон роботторду Кытай технологиясы боюнча көрсөтмөдө ийгиликтүү алып чыгышкан

Бирок кытай компаниялары бул роботтордун денесин жасоо боюнча жакшы адистешкендей көрүнгөнү менен көпчүлүгү бул жаңы макулуктардын мээлерин программалоонун үстүнөн дале иштеп жатышат. Эң мыктысын жасоо үчүн кытай компанияларына акыркы үлгүдөгү компютердик чиптер керек. Аларды Кытай АКШдан алат.

Ушул жерде Бээжин сейрек кездешкен жер минералдары боюнча өзүнүн таасир этүү күчүн колдонсо болот. Бул тармакка Трамп ачык эле умтулуп келет. Бээжин дүйнөдөгү сейрек кездешкен минералдардын 90% ээлик кылат. Ал минералдар азыркы смартфондордон тартып, шамал электр станцияларында жана реактивдүү кыймылдаткычтарда колдонулат.

Ошондуктан бул жерде түзүлө турган келишим жатат. АКШ Кытайдын сейрек кездешкен жер минералдарын алып, анын ордуна акыркы үлгүдөгү чиптерди бериши ыктымал. Бул кайсы бир деңгээлде Кытайдын Ормуз кысыгы сыяктуу: каалаган убакта жолду бууп коюшу мүмкүн.

Мелания Трамп жана Доналд Си Цзинпин жана жубайы Пең Лиуан менен 2017-жылы Тыюу салынган шаарда

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чакан иш-сапарда Трамп менен Си көп нерсени сүйлөшөт

Эки тараптын бардык саясий маселелерине карабастан Трамптын сапарынын толкуну катуу болот. Жолугушуулар жана иш-чаралар бейшемби жана жума күндөргө мерчемделген.

Эки лидер олуттуу келишимге жетпеши деле мүмкүн, бирок мындай кыска жолугушуу дүйнөнүн эки дөөлөтүнүн ортосунда боло турган келечектеги сүйлөшүүлөргө жана алакаларга багыт бериши толук ыктымал.