Ташиевдин иши сотко өттү, дагы жети адам айыпталууда

Сүрөттүн булагы, jalal-abad.gov.kg
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов 12-майдын кечинде Фейсбуктагы барагына жазып, Ташиев менен кошо дагы канча адам айыпталып жатканын айтты. Бул тууралуу азырынча расмий органдар маалымат бере элек.
"Бүгүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевге карата бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана жооптуу кызматтык абалынан кыянат пайдалануу беренелери боюнча козголгон кылмыш иши боюнча айыптоо актысын бекитти. Кылмыш иши кароо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна өткөрүлдү", - деп жазды Айткулов.
Анын айтымында, бул кылмыш иши боюнча Ташиевден тышкары дагы жети адам айыпталып жатат.
"Кылмыш иши жашыруун деп табылган. Бул бардык соттук отурумдар жабык өтөрүн жана тергөөнүн жана соттун маалыматтарын эч ким жарыялоого укугу жок экенин билдирет", - деди адвокат.
Камчыбек Ташиев өзүнө кылмыш иши козголгонун 29-апрелде ырастап, сотто акталарына ишенерин билдирген.
"Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана АЛЛАХым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн", - деп билдирген Ташиев.
Апрель айынын соңунда Ташиев менен кошо мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев Ички иштер министрлигине суракка чакырылганы кабарланган. Сурак тууралуу убагында ИИМ маалымат берген эмес.
27-апрелде президент Садыр Жапаров "Кактус.Медиага" курган маегинде Жогорку Кеңештеги саясий интригаларга, "75чилердин катына" Камчыбек Ташиевдин тиешеси-бар жогун сот аныктай турганын айткан.

Сүрөттүн булагы, president.kg
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Ташиевди кызматтан алардын алдында, 9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 киши президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун атына кайрылуу жолдошкон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.
Алар президент 2021-жылы мурдагы Конституция боюнча шайланганы, ал эми өлкө учурда жаңы Башмыйзам менен иштеп жаткандыгы коомдо ар кандай укуктук талаштарды жаратып жатканын белгилешкен. Ушул жагдайларды эске алуу менен авторлор тез арада президенттик шайлоо өткөрүүнү сунушташкан.
ИИМ 9-февралда интернетте тараган мындай маалыматтарга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, беш киши кармалган.
Милиция булардын "иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек" жана "өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө багытталган" деп билдирген.
Ал эми кармалгандардын жакындары жана адвокаттары айыптоолорду четке каккан.
































