БШК Темирлан Айтиевдин депутаттык мандаттан баш тартуу арызын карайт

Сүрөттүн булагы, Official
Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Темирлан Айтиев Борбордук шайлоо комиссиясына ыйгарым укуктарынан баш тартуу тууралуу арызы менен кайрылды. Бул тууралуу БШКдан ырасташты.
Боршайком бүгүн бул арызды кароо боюнча кезексиз жыйынга чогулат.
Темирлан Айтиев №20 шайлоо округунан шайланып келип, 9021 адамдын колдоосуна ээ болгон.
Айтиев эмнеге депутаттык мандатынан баш тартып жатканы тууралуу коомчулукка расмий түшүндүрмө бере элек.
Анын ордуна №20 шайлоо округунан Максат Алымбековго мандат тийиши мүмкүн. Ал былтыр 20-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 2867 добушка ээ болгон. Учурда Бишкек шаардык кеңешиндеги «Ынтымак» фракциясынын лидери. Ошондой эле Жогорку Кеңештеги спикер Марлен Маматалиевдин кеңешчиси.
№20 шайлоо окуругуна Аламедин, Биринчи май, Свердлов жана Ленин райондорунун айрым айыл өкмөттөтү жана муниципалдык башкармалыктары кирет.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматынан кеткени, Жогорку Кеңеште төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган ондой депутат мандатынан баш тартты.




























