"Ташиевдин байланышын колдонуп канча келишти": Маматалиевдин маеги

Жогорку Кеңеш
    • Author, Венера Осмокеева
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Би-Би-Сиге эксклюзивдүү маек курду. Ал Камчыбек Ташиевге коюлуп жаткан айыптар, "75чилердин каты" жана ага парламенттин айрым депутаттары канчалык деңгээлде аралашканы тууралуу айтып берди.

Би-Би-Си: "75чилердин каты", ал боюнча козголгон кылмыш иши коомдо кызуу талкуу жаратты, саясий кырдаал курчуду. Буга ким жооптуу деп ойлойсуз?

Марлен Маматалиев: 75 кишинин катына байланыштуу кимдин күнөөсү болгон болсо аны сот аныктайт. Жогорку Кеңештин ичинде болгон нерсени мен так айта алам. Мурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулунун тиешеси болгон. Анткени парламентте аппараттык деңгээлде түзүлгөн комиссиянын кагаздарынын алкагында өз көзүм менен окудум. Аны алып барып тергөө органдарына бердик. Калганын терөө гана аныктай алат. Бул жакта иштеп жаткан кызматкерлер алдады деп айта албайм. Аларга эч ким басым кылган жок. Кандай болсо ошондой айтып беришти. Мен окуп алып таңгалдым. Учурда тергөө бүтүп иш сотто каралууда. Эми сот чекит койгондо гана буга чейин мен айткан катуу сөздөр өз ордун табат.

Би-Би-Си: Нурланбек Тургунбек уулунун тиешеси болгон деп айтып жатасыз. Бирок кат парламентке келип түшкөн учурда ал киши Түркияда элеп деп жатпайбы?

Марлен Маматалиев: Тергөөдөгү жашыруун видеолор чыгып кеткенин билесиздер. Ошол жерде ак сакалдардан сураганда Нурланга чалдык деп айтышты го. Шакиевге чалып сүйлөшүп алдык деп жатпадыбы. Эми ошол катка түздөн-түз тиешеси бар адамдар чалып жатса, кантип анын тиешеси жок болуп калышы мүмкүн. Буга чейин айтып кеткендей, окуганымды гана айтып жатам. Мен айтпайт элем. Ишке жашыруун деген гриф коюлгандыктан буга чейин атын атабай келгем. Кийин ачык болуп калгандан кийин жооп бергенге туура келди. Мурдагы төраганын түздөн-түз тиешеси болгону биздин комиссиянын алкагында аныкталган. Ал атайын Түркияга кетип калган болушу деле мүмкүн да. Ошол учурда мыйзамды өткөрүп алып, кийин президенттен вето келсе, "мен билбей калдым" деп, ветону четке кагып, күчкө салып кайра кабыл алуу мүмкүнчүлүгү да бар болчу да. Юрист, мыйзам чыгарган киши катары ал вариантты көрүп турам да. Болжолдуу ошондой сценарий менен кетиши мүмкүн эле. Ошон үчүн атайын деле чыгып кеткен болушу мүмкүн. А эмне үчүн ошол жакка президенттин саясатын колдоп жүргөн депутаттарды алып чыгып кетет? Бул дагы маселе. Өмүрүндө албаган Элвира Сурабалдиеваны алып чыгып кеткен. Барбайм десе дагы болбой күчкө салып алып чыгып кетти. Баарын эмес, бирок дээрлик ошондой депутаттарды ала кеткен. Тиешеси жок дейин десең 28-декабрда чыгып алып өкмөттү болбогон жерден сындап баштады. Өмүрүндө сындачу эмес да. Аны менен чогуу келген депутаттар чыгып сындай баштады. Айтор, бул жерде көп нерсе бар. Учурда сотко таасири тийип калбасын, кысым катары бааланып калбасын деп көп нерселерди айтай албай отурган кезим. Дагы бир жолу айтып коеюн. Мен окуган кагазда ошентип жазылып турат. Ал чынбы же чын эмеспи бир гана сот чечим чыгарат.

Би-Би-Си: Курманкул Зулушевдин кандай тиешеси болгон?

Марлен Маматалиев: Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жетекчиси катары кат ага келип жатат. Ал тиешелүү бөлүмгө катты жиберип жатат. Ошол учурда жардамчысы менен келип, мага айтты. Жардамчысы Зулушев жокто анын ордуна кол коюп койгом деди. Бирок юридикалык жактан караганда менин жардамчым ордума кол коюп койду деген нерсе жок. Ар бир депутат өз колуна өзү жооп берет. Канчалык жардамчысы анын ордуна кол коюп койгонун тергөө аныктайт. Бүгүн деле ал кишини түздөн-түз ушундай деп айта албайм жана айткан дагы эмесмин. Бирок юрист катары анын ордуна ким кол койбосун, ал жооп берет. Бул жоопкерчилик мойнунда.

Би-Би-Си: Кат аркылуу бийликти басып алууга аракет болгон деп айып коюуга канчалык негиз бар? Айрым жактоочулар бул кадыресе, мыйзамдын чегиндеги саясий процесс дешсе, катты окудум деген айрым күбөлөр анын ичинде президенттин бийлигине коркунуч алып кел турган эч нерсе жок болчу деп да айтып жатышат?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Марлен Маматалиев: Бүгүн биз мыйзам кабыл алып, 24-январда боло турган шайлоо күнүн 27-январга жылдырдык. Эл шайлоого активдүү катышсын деген ниетте ушундай ишке бардык. Бул мыйзамды сиздер деле байкабай калдыңыздар. Бүгүн биз кабыл алгандан кийин гана көрдүңүздөр. 75 кишинин кайрылуусу дагы ушул сыяктуу эле, бирок баш мыйзамды одоно бузуу менен коштолмок. Ушул сыяктуу эле бир күндө шайлоонун мөөнөтүн жылдырып, мүмкүн мартта же апрелде өткөрүп коймок. Эксперттер элге кадимкидей эле алдын ала айта баштаган да. Мыйзамсыз отурат, бир жыл ашып кетти деп. Даярдык эбак эле башталган. Мыйзам кабыл алынгандан кийин эмне болмок? Президентке кол коюуга жиберилмек. Президент мыйзамга кол койбой кайра бизге жиберсе, парламент ветону четке каккандан кийин ал мыйзамга автоматтык түрдө кол коюуга тийиштүү болот. Экинчи жагы катуу талкуу тарамак. Мыйзамды бузуп отуруп алды, мыйзам кабыл алынгандан кийин узурпация кылды деп ар кандай пикир айтылмак. Импичмент тууралуу сөз болмок. Бул кайрылуу ушундай жагдайга инструмент болуп калмак.

Би-Би-Си: Каттын парламентке кандай жол менен келгени тууралуу ич ара, аппарат тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, баары тергөөгө өткөрүлүп берилгенин бир нече жолу айттыңыз. Мурдагы жана азыркы депутаттардын депутаттык комиссия түзүү керек болчу деген сындарына тергөөгө басым болуп калбасын деп түзгөн жокпуз деген жүйөнү келтирдиңиз. Бул парламентти жоопкерчиликтен качууга алып келген чоң ката болуп калган жокпу?

Марлен Маматалиев: Ансыз деле иш козголгон болчу. Эгер иш козголбогондо биз депутаттык комиссияны түзсөк болот эле. Комиссия түзүү боюнча бардык жактан сунуштар келип жатты. Бир эле бул эмес, УКМКнын ишмердиги боюнча да сунуштар келип жатты. Мен атайын түздүрбөй жаттым. Сотко, тергөөгө басым кылгандай болуп калабыз деп түздүрбөй жатам. Комиссия түзүлгөндөн кийин ал тергөө менен бирдей иштеп калмак. Бул жакка тергөөчүлөрдү чакырмак, өтө чоң шоу болуп кетмек. Анда эки эсе баса калышмак. Депутаттар, силер соттун ишине кийлигишип жатасыңар деп. Биз болгону аппараттын алкагында кат келди беле? Аны ким алды эле? Кимге алып барды эле? Ошону гана изилдедик. Атүгүл аппараттын комиссиясын да этият жүргүздүк, соттун ишине кийлигишүү болуп калбасын деп. Депутаттык комиссия түзүлгөндө бизди даана процесске аралаштыңар, бир тараптуу карап жатасыңар деп чыкмак. Депутаттык комиссияны керек болсо кийин деле түзүп койсок болот. Бирок тергөө кылган нерселерди биз кыла албайбыз да. Депутаттарды максималдуу түрдө чыгарбай жаттым. Көп депутаттар чыгабыз дешти. Айрыкча Элвира Сурабалдиева жана аппарат кызматкерлери менен болгон окуялардан кийин көптөп пикир билдиребиз дешти. Бүгүн өздөрү ачыктаган нерсени гана айтып жатам. Кагаздарда көп жашыруун нерселер бар, аларды айта албай жатам.

Би-Би-Си: Чөөлөр эч качан арстанды жеңе албайт дедиңиз. Тагыраагы чөө деп кимди айттыңыз?

Марлен Маматалиев: Мен айткан сөздүн аягы соттун чечими менен гана такталып, ордун табат. Бүгүн да ошол сөздү кайталабадымбы. Бирөөнүн да атын атаган жокмун. Бирок кыймыл-аракетти айтып бердим. Мен айткандай эле болду да. Мен айткандай эле ушундай нерселерди кылышты да. Эми муну сот тастыктап берсин. Тастыктасын да айтсын. Бул да бар экен, демек жанагы мен айткан сөзгө туура келет деп. Ал сөздү кайталагым келбей калды. Кээде жеткиликтүү болсун деп түшүндүрөсүң. Кээде жеткиликтүү түшүнсүн деп айтасың. Кээде эмоцияга алдырып деле айтасың. Кандай болбосун ал сөз айтылды жана ал соттун чечими менен өз ордун табат.

Би-Би-Си: Ташиев кеткенден бери далай депутат эмне үчүн мандатын тапшырды? Аларга басым болгон жок деп төрага катары ишендире аласызбы?

Марлен Маматалиев: Аларга бийлик тарабынан эч кандай коркутуп-үркүтүү болгон эмес. Болсо биринчи мага келип, бир ооз айтып коймок. Ооба, бир-эки депутат келип айтты. Бирок алар депутат болгонго чейин козголгон иштер бар экен. Эмнегедир жашырып келген экен. Ошол учурда айтылды. Мага көрсөткүлөчү десем факты менен көрсөтүп беришти. Ушуну төлөй турган болсо маселе жок. Мыйзамдын алдында баары бирдей болушу керек дешти. Антип жатышса кантип мен депутатты коргой алам. Ошондо эгер мойнуңа алсаң, мамлекетке келтирген чыгымды төлөп бер дедим. Жарым-жартылай мойнуна алды жана кетип эле калайын деп кетип калды. Анан эми Ташиевдин командасы деп бөлүп-жарып айтсак бир аз туура эмес болуп калат. Мен бир гана нерсени айта алам. Ошол эле депутаттардын артында калган бир топ талапкерлер убагында күчтөрдү колдонуп, ошол эле Камчыбек Ташиевдин байланыштарын колдонуп туура эмес өтүп алышты деп канча келишти. Барына күч органдарына барып айткыла деп жаттым. Биз Жогорку Кеңеш андай маселени чече турган орган эмеспиз дедим. Бирок ошондой кыймыл бар. Артында калгандар чукуп, видеолордон берип көрсөткөн фактылар бар. Өз көзүм менен көргөм. Ошонун арасында кеткен депутаттар дагы бар эле.