BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
Трамп Путинди досум дегенден кийин Зеленский аны "канкор" деп атады
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамптын Путинди "досум" деп атаганына жооп кылып, Орусиянын лидерин "канкор" деп атады. Трамп бул сөздү Кытайга болгон сапары учурунда айткан эле.
Аскердик тик учактын кыйрашы: мурдагы эки командир камакка алынды
Кыргызстандын Аскер-аба күчтөрүнүн мурдагы командачысы Кылычбек Айдаралиев жана аскер бөлүгүнүн мурдагы командири Данияр Давитахунов камакка алынды. Аларга 2024-жылы Ми-8МТВ тик учагынын кыйрашына байланыштуу кылмыш иши козголуп, эки жылга жакын териштирүү иштери жүрдү.
Президенттик шайлоо: төрт талапкер 30 миңден ашык кол топтоду
Кыргызстанда 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 11 адамдын төртөө талапкер катары катталуу үчүн зарыл болгон 30 миңден ашык кол топтоду.
Тилекмат Күрөңовдун ден соолугу начарлап жатабы?
Камактагы саясатчы Тилекмат Күрөңовдун ден соолугу начарлап жатканы тууралуу анын жубайы коңгуроо кагууда. Активисттин аялы күйөөсүнүн ичи ооруп жатканын, бирок медициналык текшерүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатканын Би-Би-Сиге билдирди.
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
Борбор азиялык талдоочулар Орусиянын НАТО менен байланышка бут тосуу аракеттерин сындашууда
Орусия Украинадагы согушту токтотуу үчүн өзүнүн шарттарынын катарына НАТОнун Борбордук Азиядагы аскердик ишмердигине тыюу салуу талабын кошкону тууралуу маалыматтарга бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн серепчилери ар кандай жооп беришти.
Дүйнөгө белгилүү Фиона аттуу бегемот токулган баш кийимди жутуп алып өлдү
АКШнын Цинциннати шаарындагы зоопаркта дүйнөгө белгилүү Фиона аттуу бегемот өлдү. Жаныбар зоопаркка келген коноктордун биринин токулган баш кийимин кокусунан жеп алган.
Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча тергөөчүлөрдү, прокурорлорду жоопкерчиликке тартууну талап кылууда
Абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча тергөөчүлөрдү, прокурорлорду жана сотторду жоопкерчиликке тартууну талап кылды.
"Кызматкердин катасы": Президенттикке талапкерлердин тизмесине кирип калган ысым боюнча түшүндүрмө берилди
Кечээ, 18-ноябрда "Түндүк" порталында президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, каттоодон өткөндөрдүн арасында Айбек Солпиев аттуу жарандын аты-жөнү пайда болуп, социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.
"Путин менен Си бизге дос эмес". Батыш Трамптын Шэньчжэндеги саммитин кандай кабыл алды?
Кытайдын Шэньчжэнь шаарында Орусия, Кытай жана АКШ лидерлеринин тарыхтагы алгачкы үч тараптуу жолугушуусу өттү. Анын жыйынтыгында тараптар "Тынчтык декларациясын" кабыл алышты. Документте Украина менен Иран тууралуу сөз болгон жок. Анын ордуна БУУну реформалоо жана Эл аралык кылмыш сотунун ишмердүүлүгү тууралуу маселелер камтылды. Дональд Трамп, Владимир Путин жана Си Цзиньпиндин жолугушуусун Батыш өлкөлөрү кандай кабыл алды?
Орусия, Кытай жана АКШ лидерлеринин тарыхтагы алгачкы үч тараптуу жолугушуусу өттү. Алар эмне тууралуу кеп кылды?
Кытайдын Шэньчжэнь шаарында Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, АКШнын президенти Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушту. Үч өлкөнүн лидерлери катышкан мындай форматтагы алгачкы саммит болжол менен бир жарым саатка созулду.
Кытайдагы АТЭК саммити: үч тараптуу сүйлөшүүлөр алдында Путин, Трамп жана Си Цзиньпин жолугушту
АКШ президенти Дональд Трамп Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун (АТЭК) Шэньчжэнь шаарында өтүп жаткан саммитинин алкагында Орусиянын лидери Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту. Бул Трамптын өткөн жылдын жай айларында Аляскада Путин менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүнөн берки алгачкы бетме-бет жолугушуусу. Бейшемби күнү үч өлкөнүн лидерлери буга чейин болуп көрбөгөн үч тараптуу жолугушуу өткөрүшөт. Анда Украинадагы согуш жана өзөктүк куралдан баш тартуу маселелери талкууланышы мүмкүн.
Орусиянын "Сахарово" миграциялык борборунда 189 кыргызстандык кармалып турганы айтылды
17-ноябрга карата Орусиянын "Сахарово" чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборунда Кыргызстандын 189 жараны карамлууда. Алардын 33ү аял киши. Бул тууралуу Кыргызстандын Акыйкатчы институту билдирди.
Президенттик шайлоо: фавориттер кимдер жана талапкерлер эмнеге үмүттөнүп жатышат?
Кыргызстанда 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого даярдык уланууда. Шайлоо жараянынын баштапкы этабы - талапкерлерди каттоо жана кол топтоо процесси жүрүп жатат. Кечээ президент Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин койгондор менен жолугуп, баарына бирдей шарт түзүлөрүн, административдик ресурсту колдонууга жол берилбеши керектигин билдирди. Ал эми БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоо участкаларында жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлүп, шайлоо инфраструктурасынын жана техникалык жабдуулардын даярдыгы текшерилип жатканын айтты.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.












































