"Сынга чыдайм": Садыр Жапаров президент болом дегендер менен жолукту

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Президент Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген жарандар менен жолукту. Жолугушууга катышкан талапкерлердин бири Клара Сооронкулованын айтымында, анда негизинен алдыдагы президенттик шайлоонун жүрүшү, аны таза өткөрүү жана талапкерлер туш болуп жаткан көйгөйлөр талкууланды. Жолугушууга Сыймык Жапыкеев менен Бакыт Калмаматовдон башкасынын баары катышкан. Президенттин маалымат кызматы бул жолугушуунун мазмуну тууралуу маалымат бере элек.
Сооронкулова жолугушуунун башында Садыр Жапаров шайлоону таза өткөрүү маселеси тууралуу сөз кылып, бири-бирин каралабай, сын пикирлерди конструктивдүү айтууга үндөгөнүн белгиледи.
"Башында өзү чакырык кылды. Шайлоону таза өткөрөлү, бири-бирибизди каралабайлы, сын айтсак, конструктивдүү сын айталы деди. "Мен дагы сынга чыдайм. Иштеп жаткан кишиде кемчилик болбой койбойт. Силер деле сын айткыла, бирок жекечиликке өтпөгүлө" деп айтты",- деди ал.
Анын айтымында, талапкерлер кол топтоо учурундагы кыйынчылыктарды, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин колдоо көрсөтүүдөн чочулап жатканын айтышкан. Буга байланыштуу Садыр Жапаров коомчулукка кайрылып, жарандарды талапкерлерди колдоодон коркпоого чакырууга даяр экенин билдирген.
Ошондой эле президент административдик ресурс колдонулбай турганына кепилдик берип, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, мугалимдерге жана дарыгерлерге басым көрсөтүүгө жол берилбей турганын айткан.
"Административдик ресурс колдонулбайт, силерге кепилдик берем деди. Аны колдонууга толугу менен тыюу салдык деди. Бирок тегерегиндегилер жакшы көрүнүү үчүн кошомат кылышы мүмкүн, аны да алдын ала көзөмөлгө алабыз деп айтты. Өзүм эч жерде штаб түзбөйм, офлайн жолугушууларды өткөрбөйм, онлайн жолугушууларды гана өткөрөм деди",- деп билдирди Клара Сооронкулова.
Ал жолугушуунун жалпы маанайын позитивдүү деп баалап, президент талапкерлерге үстөмдүк кылган же аларды атаандаш катары көрбөгөндөй мамиле жасабаганын кошумчалады.
"Мен үчүн эң маанилүүсү, административдик ресурс колдонулбайт, шайлоо таза өтөт, ошого баарыбыз аракеттенели деген сөзү болду. Жалпысынан жакшы, жылуу жолугушуу болду. Башында кандайдыр бир үстөмдүгүн көрсөтөбү деп ойлогом, бирок андай болгон жок",- деди ал.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жолугушууда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы да катышып, талапкерлердин сунуштарын уккан. Сооронкулованын айтымында, жолугушууга Бакыт Калмаматов менен Сыймык Жапыкеев барган эмес.
Буга чейин Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, бирок мамлекеттик тил боюнча тесттен өтпөй калган коомдук жана саясий ишмер Өмүрбек Суваналиев, Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев менен да жолуккан. Анда алардын мамлекеттик тил боюнча тест жана башка маселелер тууралуу сүйлөшүүсү коомчулукта кызуу талкуу жараткан.
Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, 11 адам арыз берген. Алардын арасында Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Азамат Эсенбеков, Акай Кыдыров, Исхак Масалиев, Бактыбек Адылов, Амур Айба Медер, Бакыт Калмаматов, Мамбетжунус Абылов жана Клара Сооронкулова бар.
Талапкерлердин кол топтоо жараяны 8-декабрга чейин уланат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.





























