Тилекмат Курөңовдун ден соолугу начарлап жатабы?

Активист Тилекмат Күрөңов сот отурумдарынын биринде
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Активист Тилекмат Күрөңов сот отурумдарынын биринде
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Элеонора Куленбекова,

Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Камактагы саясатчы Тилекмат Күрөңовдун ден соолугу начарлап жатканы айтылууда. Бул тууралуу анын жубайы билдирип, күйөөсүнүн ичи ооруп жатканын, бирок медициналык текшерүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатканын айтты.

"Сот отурумуна ичи катуу ооруп, буту шишип, араң басып келди. Сот учурунда ал өзүн начар сезгендиктен, тыныгуу алууга да туура келди. Азыркы учурда СИЗО-1де тиешелүү жабдуулар жок болгондуктан, диагнозун биле албай жатабыз. Ал эми сыртка чыгып, тиешелүү медициналык кароодон өтүү үчүн азырынча уруксат ала албай жатабыз", -дейт активисттин жубайы Белек Бактыбекова.

Ал Күрөңовго тиешелүү медициналык жардам көрсөтүүнү суранып жатат. Мындан мурда активисттин адвокаты Асель Аргымбаева да президентте ушу эле мазмунда кайрылуу кылган.

Ал арада Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Тилекмат Күрөңовдун саламаттыгы канааттандырарлык экенин Би-Би-Сиге билдирди.

"Айыпталуучу Т.К.нын ден соолугунун начарлаганы тууралуу тараган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бүгүнкү күндө анын ден соолугунун абалы канааттандырарлык. Ден соолугуна даттануусу жок, активдүү жана кыймыл-аракети чектелген эмес", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Жактоочу, юрист Асель Аргымбаева Күрөңовдун ден соолугу начарлап жатканы тууралуу коомго Фейсбук баракчасы аркылуу бүгүн билдирүү жасады. Анда ал кечээки сот отурумунун залынан тартылган видео менен бөлүштү. Ал видеодо активисттин буту шишип жатканы көрүнөт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Юристтин айтымында, Куренов медициналык кароодон өтүүгө муктаж:

"Баарыбыз анын сотко кандай абалда алып келингенин көргөнбүз: аксап, медициналык беткап тагынып. Бир гана сезгенип кеткен тишин дарылаш үчүн канча эшикти каккылап, канча жерге кайрылууга туура келгенин да билебиз. Эми кайрадан ушундай абал кайталанып жатат. Тилекмат мага эч качан даттанчу эмес. Анын ооруп жүргөнүн эки сот отуруму мурда, өзүнөн эмес, конвойдон уктум. Ага тез жардам чакырылып, дарыгерлер кан басымы жогору экенин аныкташыптыр...

Бир айдан бери ашказаны ооруп, тамактангандан кийин кекирип, сол буту шишип жатат. Мындай белгилер олуттуу ооруларды, анын ичинде онкологиялык ооруларды да жокко чыгаруу үчүн текшерүүдөн өтүүнү талап кылат. Ал үчүн гастроскопия жасалып, зарыл болсо, гистологиялык изилдөө жүргүзүлүшү керек. Бирок азырынча текшерүү жок, диагноз жок, дарылоо жок", - деди адвокат.

Активист буга чейинки отурумдарда саламаттыгы начарлап жатканын өзү да журналисттерге билдирген эле.

"Ичим ооруп атат. Жалаң обезболивающийлер менен жашап атам", - деген ал.

Жактоочусу Куреновдун иши сотко өткөрүлгөнүнө бир жыл болгонун, бул мөөнөттөн кийин камакты узартууга жол берилбесин жана айыпталуучу бошотулууга керектигин айтууда.

Тилекмат Күрөңов 2025-жылы апрелде кармалып, ошол эле жылы октябрда соту башталган.

Активист 2022-жылы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга алмашылышына нааразылык билдирген активист-саясатчылардын тобуна кошулуп, буга каршы өз турумун айтып чыккан. Ошол жылдын октябрында укук коргоо органдары активист-саясатчылар тобунун отуздай мүчөсүн кармаган маалда Тилекмат Кудайберген уулу Казакстанда жүргөн жеринен Орусияга өтүп, андан ары АКШдан башпаанек алган.

АКШда жүрүп деле жүрүп ал кыргыз бийлигин сындоосун уланткан.

2024-жылдын январында Кыргызстандын бийлиги аны мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга айыптап, сыртынан камакка алуу ордерин чыгарган.

Тилекмат Кудайберген уулу 2024-жылдын ноябрында кыргыз оппозиционерлери менен жолуктурууну убада кылган мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев менен жолугуу үчүн Дубай шаарына барып кармалган.

Жарандык активист конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. Ошол жылдын 21-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алып, ошол бөгөт чарасу улам уланып келе жатат.

Быйыл май айында эл аралык Freedom Now укук коргоо уюму жана Hausfeld юридикалык компаниясы Кыргызстанда камакта отурган активист Тилекмат Күрөңов Бириккен Араб Эмираттарында негизсиз кармалган деген жүйө менен Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктар боюнча жумушчу тобуна арыз менен кайрылган.

Freedom Now уюму Күрөңов тууралуу ал 2020-жылы COVID-19 пандемиясына, коррупцияга жана экологиялык саясатка байланыштуу Кыргызстандын бийлигин сындап чыкканы менен таанылган саясий активист экенин жазат.

2021-жылы активист Конституцияны өзгөртүү сунушуна каршы тынчтык митингин өткөрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, Бишкектин Свердлов райондук соту аны ошол жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар", "Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу" беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Ал өзү коюлган айыптарды четке каккан.