"Эч кандай ижара акысы өспөйт": Каныбек Туманбаев "Туратали" базарынын митингге чыккан сатуучулары менен жолукту

Сүрөттүн булагы, Social
Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Кара-Суу шаарындагы "Туратали" базарынын нааразычылык акциясына чыккан сатуучулары менен жолукту.
Иш башкармалыгынан билдиришкендей, ижара акысы кымбаттабайт жана жакын арада базар толугу менен оңдолуп, жаңыланат.
Каныбек Туманбаев соодагерлерге контейнерлерин сатууга, ижарага жана субарендага берүүгө уруксат берилерин айтты. Мында контейнерлер жайгашкан жер тилкеси мамлекеттик менчикте кала берерин өзгөчө белгиледи.
"Кара-Суу базарынын ишмердүүлүгү толугу менен санариптештирилет. Анын алкагында ижара төлөмдөрүн кабыл алуу жана эсепке алуу электрондук системага өткөрүлүп, бардык акча каражаттары расмий банктык эсептер аркылуу жүргүзүлөт. Бул чаралар акча каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюуга, көмүскө төлөмдөрдү жоюуга, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга жана базардын каржылык ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталат. Каныбек Туманбаев соодагерлер тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелер тиешелүү тартипте чечилерин айтып, алардын мыйзамдуу кызыкчылыктары эске алынарын билдирди",- деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 18-ноябрда, "Туратали" базарынын сатуучулары Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдына чогулуп, нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар ижара акысы кымбаттай турганы тууралуу маалымат алышканын айтып, буга нааразы болушкан.
"Биз 15 жылдан бери эч кандай шарты өзгөрбөгөн базарда соода кылабыз. Мурда таштанды жана күзөт кызматтары үчүн 800 сом, жер акысы үчүн 3500 сом төлөчүбүз. Эми жер акысы 12 миң сомго чейин көтөрүлдү. Андан сырткары, өзүбүз сатып алган контейнерлерди ижарага берүүгө болбойт деп жатышат. Андай болсо, контейнерлерди алып салып, ордуна башкасын коёбуз, алар мамлекеттин карамагына өттү деп айтышууда. Эгер контейнеримди башка бирөөгө ижарага берсем, беш айдан кийин анын атына өтүп кетет экен. 10-15 жыл иштеп, 40 миң долларга сатып алган контейнеримди бирөөгө бекер өткөрүп беришим керекпи? Адегенде базарыбыздын шартын көрүшсүн. Кандай жерде соода кылып жатканыбызды карашсын. Суукта эч кандай шарт жок, чатырлардын баары тешилип, жамгыр жааганда суу өтөт. Ушундай жерде туруп, кантип 12 миң сом төлөйбүз? Бул жагдай элдин баарынын кыжырын келтирип жатат",- деген эле сатуучулардын бири Би-Би-Сиге.
Ал ортодо Ош облустук ички иштер башкармалыгы "Туратали" базарынын соодагерлеринин нааразылык акциясына чыгышы боюнча маалымат Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.
Кара-Суу базары жакында эле президенттин Иш башкармалыгына караштуу "Кыял" мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүлүп берилген.




























