Путин менен Си ТЭК саммитин, Трамп менен жолугушууну утурлай Кытайда сүйлөшүү өткөрүүдө

Сүрөттүн булагы, Anupam Nath - Pool/Getty Image
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Орусиянын президенти Владимир Путин Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгына (АТЭК) мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитинин алдында Шэньчжэнь шаарында жолугушууда.
Саммит Кытайда 18-19-ноябрда өтөт. Бейшемби күнү эки лидер АКШнын президенти Дональд Трамп менен өзөктүк куралды жайылтпоо маселеси боюнча үч тараптуу жолугушууга катышары күтүлүүдө. Бул форматтагы жолугушуу буга чейин болгон эмес.
"Интерфакс" агенттигинин маалыматына караганда, Си Цзиньпин менен кеңейтилген курамда өткөн сүйлөшүүлөрдө Владимир Путин Москва менен Бээжин дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланыштуу "адилеттүү көп уюлдуу дүйнөлүк тартипти калыптандырууда конструктивдүү позицияны карманарын" билдирди.
"Орусия менен Кытайдын тышкы саясаттагы кызматташтыгы туруктуу жана оң нукта өнүгүп жатат",- деген Путин эки өлкөнүн жалпы максаты Азия-Тынч океан аймагында тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылуу экенин белгиледи.
"Сиз көп айткандай, Орусиянын жана Кытай Эл Республикасынын элдеринин жыргалчылыгы үчүн ийиндеш болуп иштейбиз",- деди Орусиянын президенти.
Түн ичинде Шэньчжэнь шаарына келген Путин түштөн кийин Си Цзиньпин менен бирге Шэньчжэнь университетине барары күтүлүүдө. Ошондой эле бүгүн кечинде расмий сый тамакка катышат.
Си Цзиньпин менен жолугушуунун алдында Путин АТЭКтин ишкердик саммитине катышып, Орусиядагы инфляция көзөмөлдө экенин, мамлекеттик карыз өлкөнүн ички дүң продукциясынын 17 пайызына да жетпей турганын айтты.
Украинага басып киргенден кийин Орусияга киргизилген Батыштын санкциялары өлкө үчүн "чоң стимул" болгонун белгилеген Путин акыркы үч жылда Орусиянын ички дүң продукциясы 10 пайыздан ашык өсүп, өсүү уланып жатканын билдирди.
Ошондой эле ал бейшемби күнү Си Цзиньпин жана АКШнын президенти Дональд Трамп менен өтө турган үч тараптуу жолугушуудан "чоң мүмкүнчүлүктөрдү" күтүп жатканын айтты.
АТЭКке мүчө 21 өлкөнүн лидерлери саммитте соода, жасалма интеллект жана товарларды үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу маселелерин талкуулашат.
Кытай ЖМКлары Си Цзиньпиндин жолугушууларын кантип чагылдырып жатат?

Сүрөттүн булагы, Pedro Pardo - China Pool/Getty Images
Би-Би-Синин Мониторинг кызматынын маалыматына караганда, Владимир Путиндин шаршемби күнү эртең менен АТЭК саммитине катышуу үчүн Кытайга келиши Кытайдын Коммунисттик партиясынын расмий басылмасы "Жэньминь жибао" гезитинин биринчи бетинде жарыяланган. Бул Орусия лидерин кабыл алууга Кытай жетекчилиги өзгөчө маани берип жатканын көрсөтөт.
Гезитте ошондой эле Си Цзиньпиндин АТЭК саммитине катышып жаткан дүйнөнүн дагы алты өлкөсүнүн лидери менен жолугушуусун чагылдырган сүрөттөр жарыяланган.
Сүрөттөрдүн баарында Кытайдын төрагасы Вьетнам, Мексика, Перу, Чили, Канада жана Папуа-Жаңы Гвинеянын лидерлери менен кол алышып учурашып жаткан учур тартылган. Алардын артында тиешелүү өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары көрүнөт. Бул жолугушуулар шейшемби күнү өткөн.




























